Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:55

Өзбекстанда эгемендик майрамы жакындаганы чек арадагы көзөмөл ого бетер күчөтүлүп, элдин чек арадан ары-бери өтүүсү убаракерчилик менен коштолууда.

Акыркы жылдары Өзбекстан өз жарандарына кошуна Кыргызстандагы туугандары менен карым-катышына атайын тастыктама кагаздардын же телеграммалардын негизинде гана уруксат берип калган.

2012-2013-жылдары паспорт менен гана өткөрүп турган Кара-Суудагы "Достук" өткөрүү пункту да быйыл жыл башында жабылып, андан бери чакыруу кагазы барларга гана уруксат берип келүүдө.

Тамгалар жараткан түйшүк

Шайракан Эрматова жыйырма жылдай мурун Кыргызстандан Өзбекстандын Анжиянына келин болуп түшкөн. Коңшу өлкө чек араны бир беткей жапкан акыркы төрт жылдан бери ал минтип төркүнүнө келип, кайра кетүүдө убара тартып жүрөт.

Ашыкча түйшүккө салган шартка ыйламсыраган Шайраканды Бүргөндү айыл аймагындагы чек арадан өтүп, кичи мекенине шашып, жөө бараткан учурда кезиктирдик. Ал бизге карым-катышка кедерин тийгизген чек ара тоскоолдуктары тууралуу айтып берди:

- Ата-энемдин үйүнө бир жыл, 62 күндөн бери келе албайм. Туугандарымды көрө албай жүрөм. Телеграмма жөнөтүшөт, Өзбекстандын чек арачылары бир тамгадан же чекит, үтүрдөн ката табат да, өткөрбөй коёт. Мунусунда да төрт күн убара болуп, чек арага келип-кетип, акыры өтүп келатам. Жакында бир тууган агам той кылды. Келе алган жокмун. Чек арадан өткөрбөй коюшту. Чек ара тосмосунан Кыргызстанды карап саргайып, карап отуруп, кете бердим. Балдарымды такыр алып келе албайм. Анткени, алар атасынын фамилиясында. Телеграмма кабыл алган адам менен телеграмма жиберген кишинин фамилиясы же атасынын аты окшош болушу керек. Ансыз өткөрбөйт.


Шайракан Кыргызстанда көпкө жүрө албайт. Мыйзамдар боюнча, ал үч күн ичинде кайра Өзбекстанга кетиши керек. Шайракан өңдүү ары-бери каттагандар жакындарына мурдагыдай белек-бечек көтөрүп бармайды токтотушкан. Алар үчүн негизгиси, өздөрү кыйынчылыксыз өтүп алса болгону.

Туугандарына келатканына сүйүнүп, көз жашын тыя албай жаткан каарманыбыз менен Момбеков айылындагы үйүнө чейин чогуу бардык. Кызынын үнүн уккан 70 жаштагы энеси үйдөн жылаңаяк чуркап чыкты. Анан экөө кучакташып, бир топко чейин ыйлап турушту.

Көптөн бери кезигишпей, бук болгон туугандар сагынычын таратып алсын. Биз болсо Өзбекстан менен чектеш Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы телеграфка бет алабыз. Бул жерде телеграмма алуу же жөнөтүү үчүн келгендер толтура.

Тиркеме кагаздар санаасы

Ноокендеги телеграфка күнүгө жок дегенде 40 киши телеграмма жөнөткөнү же алганы келет. Ага кошумча дагы бир катар тактама жиберилиши зарыл.

Коңшу өлкөнүн талабы боюнча, кишилер той же тажия үчүн гана бири-бирине каттаганга акылуу. Ансыз чек арадан өткөрүлбөйт. Бул тууралуу бизге телеграфта кишилерди жалгыз тейлеп отурган Гүлмира аттуу кызматкер төмөнкүлөрдү айтып берди:

- Күнүгө ушул абал. Телеграмма жиберем, кабыл алам. Кишилерди көрүп, боорум оруйт. Анткени, ал аз акчага жөнөтүлбөйт да. Кетпеди дегенде 1000 сом сарпталат. Ар бир сөзүнө, символуна 34 сомдон төлөнөт. Кээде Өзбекстан тарап дагы кошумча маалыматтарды талап кылып, 2-3 жолу жибергенге туура келет. Бир адамды чакырыш үчүн эле бир топ каражат жумшалат. Анысы аз келгенсип, тактама да жөнөтүлүшү керек. Мисалы, Өзбекстандагы тууганын тойго чакырган адам сөзсүз түрдө айыл башчыдан “той кылып жатканы чын” деген тастыктама алышы зарыл. Андан соң айыл өкмөттөн барып, үй-бүлөлүк тактама алууга милдеттүү жана аны телеграмма менен кошо факс аркылуу коңшу өлкөдөгү тууганына жиберет. Тактама тиркелбеген телеграмма өзбек чек арачылары үчүн жараксыз. Өзбекстанга чакырылган кыргыз жараны үчүн да ал жактан ушундай документтер келет. Ансыз бара албайт. Бизди эң кыйнаганы факс маселеси. Телеграмманы го жиберебиз. Бирок факс үчүн алардын номурун табуу өзүнчө эле түйшүк... Биз эмес, ал жакта туруп, өзбек жарандары да кээде факс номурун таап, жибере албай убара тартышат.

Кезекте турган кишилер көптүгүнө байланыштуу бизге шашып гана маалымат берген Гүлмира кайра жумушуна киришти.

Бул сыяктуу кызуу иштеп жаткан телеграфтар чек аралаш аймактарда ондоп саналат. Андыктан телеграфтын ордун уюлдук телефон алмаштырып калды деп айтуу али эртелик кылат.

Депутаттарга артылган үмүт

Эки жылдан бери кызын жана неберелерин көрө албай жүргөн 50 жаштагы Адина Алимбекова Жогорку Кеңештин депутаттары кошуна элдердин карым-катышын кайра жандардырууга салым кошсо, парламент күзгү ишин ушундан баштаса деп тилейт:

- Той кылсак да, киши өлсө да телеграмма менен катташабыз. Анысы да оңой болсочу. Аябай кыйналып кеттик. Чоңдор, депутаттар ушул маселени көтөрүп чыгып, чечип бере алар бекен. Айласы бар бекен ушунун?

Баса, Кыргызстандан Өзбекстанга келин болуп түшкөн, бирок өзбек атуулдугун ала элек айымдарга чек арадан өтүү жарандык алгандардыкына караганда кыйла жеңил. Алар атуул болгонго чейин Кыргызстандан берилген атайын тактаманын негизинде төркүнүнө эки айда бир каттап туруу укугуна ээ. Бирок да эки айдан бир күн кечигишсе, чек ара кызматына айып пул төлөйт.

Өзбекстан 1-сентябрда эгемендик майрамын белгилейт. Ушуга байланыштуу азыркы тапта колунда мыйзам талап кылган телеграммасы болуп туруп да чек арадан ары же бери өтө албай зарыгып тургандардын катары көбөйүүдө.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG