Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:54

Кыргыз-казак чегиндеги "туткундар"


Кыргыз-казак чек арасы
Кыргыз-казак чек арасы

Кыргызстан менен Казакстан ортосундагы өткөрмө пунктунда туристтерди саратандын кайнаган ысыгында саргайтып узак убакыт кармоону жакшы көрүшөт.

Же бир суусу жок, саратан, күн тим эле күйүп турат, бирин-бири түртүшкөн, умтулган жандар. Казакстандан Кыргызстанга өтчү туристтер көл жээгинде көңүлдүү эс алуу ордуна минтип казак тарапта темир зым менен чылк тосмолонгон бир жарым метрдей тар жерде акыйып кезек күтүшөт. Бир жыл мурда Кыргызстан менен Казакстандын президенттери Евразия экономикалык биримдигинин эшиги мындан ары кенен ачыларын жар салышкан. Аз өтпөй чек арадан өтүү туристтер үчүн опсуз оор сыноого айланды. Адамдар биртоп саат кайнаган ысыкта өткөрмө пунктунда турушка айласыз, чаңкап, чарчаган жүздөр, акыйып күткөн, сиркеси суу көтөрбөгөн туристтер. Антип аягы түгөнбөгөн түртүшмөйлөр, ысыкта саргайып кезек күтмөйлөр чек аранын казак тарабында гана. Ал жерде алдыга же артка кете албас кылып тар өткөрмө жасашып, аны темир зым менен чылк бекитип салышкан – азыркы замандын туткун жайы, кадимки эле концлагерди элестеткен зым тосмо.

Бул жерде беш мүнөт сайын кимдир бирөөлөрдүн башы айланып жыгылып түшөт. Кайсы бир пенсионердин кан басымы көтөрүлүп кетет, боюнда бар аял тикесинен тура албай калат. Кыргызстан менен Казакстан чек арасынан өткүсү келгендер айла жок куйкалаган саратанда күнгө күйүп саат санап, айла жок "туткун жайда" турушка мажбур.

“Биз саат төрттөн сегизге чейин ушул жерде турдук. Төрт саат өттү”,- дейт турист кыздардын бири нааразы болгонун жашыра албай.

Кыргыз-казак чек арасында түртүшүп турмайлар такай болуп турчу көрүнүш. Туристтик сезон башталганы бул жерде киши аягы үзүлбөйт. Казактар кыргыз бермети болгон Ысык-Көлгө эс алганы келишет да кайтып кетип баратканда темир тосмонун ортосунда кыйла саат өтө албай кысылып турушат.

Темир зым менен бекем курчаган өткөрмөнү эмнеге гана салыштырышпады – "маймылдын капасы" дешти, койду күпкөгө салчу эки жагы тосулган сарай дешти. Алдуу-күчтүү жаштарга төрт-беш саат тикесинен тик туруп бул сыноодон өтүү мүмкүн болгону менен, жашы өйдөлөп калган карылар менен кичинекей балдар үчүн бул жер нак тозоктун өзү.

“Бул жерде эмне болуп атат? Кыргызстандын бажысы баарын кармабай эле өткөрүп атат, алардын төрт эле көзчөсү бар, булардыкы болсо он”,- ачууланган туристтер ушинтип нааразыланып тим болот.

“Кишилер толтура. Үч көзчө эле иштеп атат. Баары тегиз иштегенде мындай болмок эмес. Мунун баарын алар атайылап жасап жатышат. Үчөө олтуруп алып, кезекти көбөйтүп жатышат”,- дейт айрымдары.

“Булардын иштегиси келбейт го, деп ойлоп калдым. Отурушат, элди карап да койбой телефон менен сүйлөшүп отурганын көр”,- минтип чек арадан өтө албай зарыгып күткөндөр, сүйлөнгөндөр көп.

Казакстандан келген жарандардын ырасташынча, кыргыз чек арасынан өтүү оңой, балээнин баары казак чек арасынан башталат, кирүү да кыйын, чыгуу да кыйын. Кыргызстан ЕАЭБга мүчө болгондон кийин коңшу өлкөнүн жарандары эми Ысык-Көлгө каттоо жеңилдейт деп үмүт кылышкан. Мурдагыдай бажы посттору жок болгону менен, ортолук чек арадан өтүү дагы эле азапка айланууда. Биримдикке киргенден кийин чек арадан өтүү мурдагыдан да оор болуп калды.

Дүйшөмбү күнү, жумуш кычап турган кезде кыргыз-казак чек арасынан өтүү “Настоящее время” каналынын кабарчысынын бир сааттан ашуун убактысын алды. Бул күн кеч кирип бараткан же апта аяктап бараткан кез эмес эле. Андай убакта Ысык-Көлдө эс алгандар жабыла өз жерине кайтып, чек арадан өтчүлөр арбыйт.

  • 16x9 Image

    Жибек Бегалиева

    2014-жылдын апрель айынан бери "Учур" ("Настоящее время") долбоорунун кабарчысы. Кыргызстандын коомдук каналдарында төрт жылдай иштеген. Кыргыз мигранттары тууралуу бир нече берүүнүн автору. Кыргыз-түрк "Манас" университетинин бүтүрүүчүсү. 

XS
SM
MD
LG