Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:54

Пакистан бийлигинин чечкиндүү күрөш жүргүзө албагандыгынын кесепетинен террорчулар ыплас зомбулугун жаш балдарды калкан кылуу аркылуу көрсөтүп жатышат.

Мындай пикирин Пешавардагы террордук чабуулга байланыштуу “Азаттыкка” берген интервьюсунда коопсуздук боюнча эксперт Артур Медетбеков билдирди

А. Медетбеков: Азыр дүйнөдө террористтик-экстремисттик уюмдардын күчөгөн маалы болуп атат. Ал эми Пакистанда медреселердин 50 пайызга жакыны экстремисттик багытта иштейт. Ал жактан окуп, таалим-тарбия алып келген кыргызстандыктар да аз эмес.

Андан тышкары СССР убагында Ооганстанда бийликти толугу менен жоготуу үчүн Пакистанда Талибан уюмдарына кеңири жол беришкен. Акыры ушул талибан идеясы чоң террорчул уюмдардын идеясы менен кошулуп отуруп, бул эки өлкөдө тең талиптер мамлекеттик деңгээлде катуу туруштук берип атат. Экинчиден, оогандык, пакистандык талиптер мурдагыдай бөлүнбөй, бир багытта иштөөгө ич ара сүйлөшүп атат.

Жанагы 500гө жакын баланын көбү Пакистанда талиптерге каршы күрөшкөн аскерлердин, офицерлердин балдары деген маалымат айтылууда. Ошон үчүн бул уюмдар аларга дагы бир жолу сокку уруп, мамлекеттик деңгээлдеги каршылык көрсөтүүнүн абдан ыплас ыкмасын пайдаланып, жаш балдарды калкан кылып, зомбулук коркунучун жаратууда.

Талибандын кол салуусунан 126 адамдын өмүрү кыйылды. Сүрөттө: жаракат алган бала ооруканада жатат. Пакистан. 16-декабрь, 2014

Талибандын кол салуусунан 126 адамдын өмүрү кыйылды. Сүрөттө: жаракат алган бала ооруканада жатат. Пакистан. 16-декабрь, 2014

​Кыргызстан да мындан чоң сабак алышы керек. Себеби, ар кандай маалыматтар боюнча 150-300 чамалуу кыргызстандык жаран Сирия, Ирак мамлекеттеринде террористтик уюмдардын катарында согушуп, тарбия, тажрыйба алып атышат.

“Азаттык”: Өзүңүз да айтып атасыз таасири күчөп кетти деп, дүйнөдө талиптерге карата ар кандай саясат жүрүп жатат. Акыркы окуялар, айрыкча Пакистандагы окуя талиптерге мамилени өзгөртүшү мүмкүнбү? Дүйнө мамлекеттери кандай саясат жүргүзүшү керек?

А. Медетбеков: Биринчи кезекте Пакистандын жогорку жетекчилери, укук коргоо органдары талиптерге каршы согушту күчөтүп, ордуна коюш керек. Бирок мамлекет жетекчилери бир колу менен муштап, бир колу менен жардам берип, булар менен оюнду өздөрү баштап коюшпадыбы. Мынабу түндүк Вазирстан аймагында Ооганстандын да, Пакистандын да бийлигинин көзөмөлү жок, терроризмдин уюгуна айланып калган. Ал эми Пешавардын аймагына Ооганстандан келген талиптердин саны бир нече жүз миңден ашып кетти. Алар көзөмөлсүз болуп калганы үчүн ошондой кадамдарга барып атат. Экинчиден, Пакистан бийлиги талиптерге каршы чоң күрөштү баштай албай жатат. Себеби, жогорку деңгээлдеги бийликтердин арасында ар кандай экстремисттик, террорчул идеяларга азгырылып кеткен саясатчылар бар. Үчүнчүдөн, бул окуя бир мамлекеттин ичинде болуп аткандан кийин дүйнөлүк деңгээлде башка мамлекеттер кирип, кийлигише албайт. Бирок Пакистан мамлекетинде болгон ушул окуя, экстремизм уюгу болуп кеткен түндүк Вазирстан жана талиптерге каршы күрөштө, албетте, жардам көрсөтө алат дейм. Биринчи кезекте АКШ менен Британия чоң жардамын берип атат.

Талибан кол салган мектептин окуучулары. 16-декабрь.

Талибан кол салган мектептин окуучулары. 16-декабрь.

“Азаттык”: Борбор Азия мамлекеттери да Талибандан коргонушу керекпи деген суроо туулат. Себеби, кошуна мамлекет лидерлери Ооганстандан коркунуч бар экенин эскертип жатышпайбы.

А. Медетбеков: Коргонуу зарылчылыгы бүгүн эле чыккан жок. Мурун эле башташ керек болчу. Дагы эле кечигип жатабыз. Ислам жихады деген террорчул уюмдардын ичине киргендердин көбү Фергана өрөөнү менен Каратегинден болушат. Алар - Тажикстан, Өзбекстан, Кыргызстан жарандары. Алардын негизги багыты “Ислам мамлекети” террорчул уюмунун картасына байланышкан. Сириядан Шинжаң уйгур автоном районуна чейин басып алып, халифат курабыз дегени Орто Азия өлкөлөрүнө коркунуч туудурбайт деп эч ким айта албайт.

“Азаттык”: Кандай аракет керек эми?

А. Медетбеков: Орто Азия мамлекеттери ШКУга киришет, ошондой эле Өзбекстандан башкасы ЖККУга кирет. Ошолор биригип, “Ислам мамлекети” уюмунун коркунучуна байланыштуу жаңы концепция иштеп чыгышы зарыл. Башка мамлекеттер менен оперативдүү маалыматтардын негизинде чоң иштерди жасаш керек. Анан Кыргызстандан чыгып кетип жаткан жарандарга тоскоолдук кылып, алдын алуучу иштерди жүргүзүү зарыл.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG