Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:33

“Ата Мекен”: Атамбаевдин пикири жалпы элдин ою эмес


Атамбаев Европа сапары.
Атамбаев Европа сапары.

Жогорку Кеңештеги оппозициялык фракция президент Алмазбек Атамбаевдин “Евроньюс” телеканалына курган маегинде Казакстандын дарегине айткан сөздөрүн сынга алды. Фракция тараткан билдирүүдө Кыргызстан эгемендик алгандан бери коңшулары менен ынтымакта жана достукта жашап келгени белгиленип, Борбор Азия өлкөлөрүн көп кылымдык жалпы тагдыр гана эмес, тарых да бириктирип турары айтылган.

“Бирок жакында эле Алмазбек Атамбаевдин Казакстандын дарегине айткан сөзү бир туугандык жана достук мамилеге туура келбейт. Бул анын жеке пикири, жалпы кыргыз элинин оюн билдирбейт”, - деп айтылган билдирүүдө.

“Ата Мекен” партиясы Казакстан менен кандай маселе болбосун эки тараптуу чечүү зарылдыгын белгилеген. Ошондой эле билдирүүдө Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстан 2005-2010-жылдары оор кырдаалда калган кезеңде чечкиндүү жардам бергенин, муну кыргыз эли эстеп, баалайт деп эсептери жазылган.

Президент Атамбаев 17-февралда Euronews телеканалындагы маегинде журналисттин Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө суроосуна:

- Биз кимдир бирөө менен соода кылып, коӊшулар менен иштешибиз керек. Эгерде ЕАЭБга кирбесек бизди блокада коркунучу тооруп турган. 2010-жылы Казакстан бир жарым ай бизге блокада кылганда адам курмандыктары да болгон. Блокада абдан жаман нерсе, – деп жооп берген.

Кыргыз президентинин мындай сөзүнө Казакстандын Тышкы иштер министрлиги нааразылыгын билдирип, 21-февраль күнү Кыргызстандын Астанадагы элчисине Атамбаевдин сөзү боюнча түшүндүрмө талап кылган нота тапшырган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG