Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:38

Казакстанда абактагы журналисттин сабалышы текшерилет


Жанболат Мамай сотто.
Жанболат Мамай сотто.

Бул тууралуу Казакстандын ички иштер министринин орун басары Рашид Жакупов билдиргенин “Азаттыктын” казак кызматы кабарлады. 22-февралда журналист Жанболат Мамайдын баш коргоо чарасын өзгөртүү талабы менен Алматыда пикетке чыгууга аракеттенген активисттер Асхат Берсалимов, Галым Агелеулов жана Ерлан Калиевди полиция кармап кетти. “Саясий калам” гезитинин башкы редактору Жанболат Мамай 10-февралда камакка алынган.

Ал мурунку банкир Мухтар Аблязов менен бирге арам акчаны адалдоого аралашкан деп айыпталууда. Бирок журналист айыптоону четке кагып, аны кармоо максаты саясий жана гезитти чыгарбоо деп билдирген. Абакта жалпы камерада журналист сабалып, моралдык кысымга кабылганын адвокаты Жанара Балгабаева 21-февралда жарыялады. (AiT)

XS
SM
MD
LG