Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:02

Таукина: Кыргыз журналистикасы эркин, бирок жоопкерсиз


Розлана Таукина (оңдо) Алматыдагы митинг учурунда, 24-июнь, 2009

Розлана Таукина (оңдо) Алматыдагы митинг учурунда, 24-июнь, 2009

“Борбор Азиядагы басма сөздүн абалы мурдагыдан да начарлап кетти”, - дейт Борбор Азия жана Казакстандагы көз карандысыз маалымат каражаттарынын ассоциациясынын төрайымы Розлана Таукина.

Розлана Таукина: Жалпысынан алганда, Борбор Азияда басма сөз дагы эле оор абалда. Айрым позитивдүү өзгөрүүлөр Кыргызстанда Роза Отунбаева кыска мөөнөткө президент болуп турганда байкалган. Пресса курулай кыйкырыктардан, такталбаган маалыматтардан качып, салмактуу, терең иликтенген аналитикага көбүрөөк ыктагандай туюлган эле. Азыр болсо кайрадан баары мурдагы калыбына кайтып жатат.

Тажикстанда да сырттан караганда стабилдүү көрүнгөн маалымат каражаттарындагы кырдаал чынында оор. Тажик бийлиги, Казакстандагыга окшоп, журналисттерди камап, маалымат каражаттарын массалык жаппаганы менен, тымызын маалымат мейкиндигин көзөмөлгө алууда. Тажик бийлиги Советтер союзундагы башкаруунун стилинде журналисттерди өзүнүн ишин гана пропагандаланга колдонот.

Кабарчынын түпкү милдети саясий топтун эмес, элдин кызыкчылыгын коргоодо турат
​Ушундай эле абал көпчүлүк өлкөлөргө тиешелүү. Ал жактардагы кабарчылардын ушундай иши жалпы региондогу журналистикага болгон ишенимди жоготту. Эл журналисттерге ишенбей калды. Анткени алар жалганды гана айтат деп билет.

Казакстанда болсо журналисттер өзүнүн ишин аткарып, чиновниктердин былык иштерин жазышканы үчүн камалып жатат. Азыр жети-сегиз журналист түрмөдө экенин билебиз. Андан сырткары, 1997-1998-жылдардан бери азыр маалымат каражаттарын массалык түрдө жабуунун экинчи толкуну жүрүүдө. Мына ушул – казак бийлигинин маалыматтык диктатурасынын көрсөткүчү.

Төрөкул Дооров: Казакстан бир нече жыл мурун Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмун жетектегени жатканда сиз интервьюларыңыздын биринде “өлкө бул уюмду башкаруу милдетине сөз эркиндиги боюнча сырты жалтырак, ичи калтырак абалында киришип жатат” деген элеңиз. Жумуриятка бул абройлуу уюмдагы жетекчилик басма сөз эркиндигин жакшыртууда бир аз болсо да позитивдүү өзгөрүү бердиби?

Розлана Таукина: ЕККУдагы жетекчилик Казакстандагы абалды жакшы жакка өзгөрткөн жок, тетирисинче, өлкө ал кызматын демократиялык принциптерден тайып, жалпыга маалымат каражаттарынын эркиндигин андан бетер кысмакташ үчүн колдонду. Ошон үчүн абалдын начарлашы өлкө ЕККУда жетекчилик кылган учурга жана андан кийинки мезгилге туш келди. Мунун өзү эл аралык милдеттенме Казакстан үчүн эч нерсени билдирбей турганын айгинеледи. Жаман жери – Казакстандын мындай начар илдети башка коңшуларына да жугуп, башкалар да эл аралык милдеттенмелерге көңүл бурбай калышты. Жыйынтыгында Борбор Азия эркин прессага карата мамиле мыйзамдык деңгээлде да кысмакталган регионго айланып баратат.

Төрөкул Дооров: Региондогу дагы эки өлкөдөгү - Өзбекстан менен Түркмөнстандагы – журналистиканын абалы көптөгөн жылдардан бери начар экени айтылып келатат. Бирок соңку кездери интернетте социалдык түйүндөрдүн популярдуулугу бийликтерди коркутуп жатканы сезиле баштагандай. Жакында өзбек президенти Ислам Каримов Москвада көчө шыпырган мигранттарды “жалкоолор” деп, “Өзбекстанда бир да тилемчи калбаганын” айткандан кийин, Фейсбук менен Твиттерде Ташкендин көчөлөрүндөгү кайырчылар тартылган толтура сүрөттөр коюлду. Мунун өзү азыр жарандык журналистика бийликтерге пресса менен күрөштө аракеттерин өзгөртүүгө мажбурлап жатат дегенди билдиреби?

Розлана Таукина: Албетте, анткени теле, радио, гезиттердеги салттык журналистиканын оозун жаап койсо болорун бийликтер көрүштү. Бирок азыр канчалаган жөнөкөй эле блогерлер бийликтин кыжырын келтирген маалыматтарды таркатып жатышат жана аны токтотууга мүмкүн эмес экени айкын болуп турат. Бийликтер ошон үчүн интернетти көзөмөлдөгөнгө да куштар. Жарандык журналистиканын бир кемчилиги – андагы маалымат дайыма эле текшериле бербейт. Сапаттуу журналистика элге такталган маалыматты таркатуу менен өзгөчөлөнөт. Социалдык түйүндөр, албетте, чоң күч. Азыр "Айфон", компьютер менен бирге төрөлгөн муун үчүн маалыматты жашыруу деген түшүнүк жок, алар кабарларды дүйнө менен бөлүшүүгө шашылат. Менимче, алар чындап жабык калып жаткан маалыматты таба алышат.

Төрөкул Дооров: Кыргызстан, коңшуларына караганда, басма сөз эркиндигинин салыштырмалуу ачыктыгы, эркиндиги менен айырмаланат деп айтылып жүрөт. Ошол эле маалда сиз өлкөдө бул абал Роза Отунбаеванын президенттигинен бери кайра начарлаган деп жатасыз. Мен сизди туура түшүндүмбү?

Розлана Таукина: Ооба, Кыргызстан башкалардан жогорураак тепкичте турганын бир гана нерсе менен түшүндүрсө болот – аларда журналисттерге каалаганын жазганга уруксат берилген, эч кандай чек жок. Ошон үчүн журналисттер кээде ушактарды деле, жалганды деле, имиштерди деле жаза беришет. Кабарчыларга профессионалдуулук жетишпейт, маалыматты алар жакшы тактабай эле жаза беришет. Ошондо да кабарчылар көп учурда жазага тартылбайт. Азыр мындайга, маселен, Казакстанда такыр жол берилбейт. Бул жакта эгер журналист андайга жол берсе, заматта аны түрмөгө отургузушат.

Менимче, азыркыдай эркиндикке жетишкен кыргыз журналисттери өздөрүнүн ичинде жоопкерчилик маселени козгошу керек. Бир күн бир саясий топко, экинчи күнү экинчи топко иштей берген болбойт да. Мындай жол кыргыз журналистикасына аброй алып келбейт. Мен азыр кыргыз бийликтери тарабынан кысым же басмырлоо болуп жатканын билбейм. Акаевдин учурунан бери эле Кыргызстанда басма сөздү коргогон жакшы мыйзамдык база түзүлгөн.

Азыр кыргызстандык журналисттер алардын чыныгы милдети тигил же бул саясий топтордун эмес, эң оболу коомдун кызыкчылыгын, карапайым калктын кызыкчылыгын коргоодо турганын жадыларынан чыгарбашы зарыл. Азырынча коомдун кызыкчылыгын коргогон, көз карандысыз кыргыз журналистикасы түптөлө элек.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG