Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:21

Дронзина: Сирияда диний согуш дегенге кошулбайм


Жакында "Ислам мамлекети" радикал тобунан тазаланган Сириянын Кобани шаары.

Жакында "Ислам мамлекети" радикал тобунан тазаланган Сириянын Кобани шаары.

Борбор Азиядан Сирияга кеткен жарандар тууралуу изилдөөлөрдүн автору, Болгариядагы Климент Архидский университетинин профессору Татьяна Дронзина "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

Дронзина жихадга деп жалаң эле кедей-кембагалдар кетип жатат деген пикирди четке кагып, азыркы учурдагы радикалдашуу менен 1960-70-жылдардагы “Хиппи" кыймылынын окшоштук жактарына токтолду.

“Азаттык”: Сирияда өзү эмне болуп жатат, диний согушпу, жарандык согушпу?

Татьяна Дронзина: Ал жакта бийликтеги Башар Асад менен оппозиция кагылышкан жарандык согуш болуп жатат деп кыскача айтууга болот. Бирок негизги маселе бул оппозиция делген нерсе ким деген суроодо турат. Башар Асад менен согушуп жаткан оппозицияны жалгыз тарап катары кароого болбойт. Сирияда ар түрдүү идеологиялык негизге ээ көптөгөн уюшмалар согушууда. Алар “ал-Каида", “Ан-Нусра” жана “Ислам мамлекети” делген уюмдар.

“Азаттык”: Көптөгөн кишилер Сирияда диний согуш жүрүп жатат деген пикирге ээ. Бул боюнча эмне дейсиз?

Татьяна Дронзина: Мен диний согуш деп айтпайт элем. Себеби бул окуялардын баары “Араб жазы” делген динге эч кандай тиешеси жок окуялардан кийин башталды. Араб өлкөлөрүндө эл бийликке нааразычылыгын айтып көчөгө чыгышкан. Тунис, Египет сыяктуу мамлекеттерде элдин жашоо-шартын жакшырта албаган, коррупцияны жеңе албаган, муктаждыктарга жооп бере албаган бийликке каршы эл көтөрүлгөн эле. Светтик өзгөчөлүккө ээ бул бийликтердин ордуна эл аша чапкан исламчылдарды колдоду. Бирок “Мусулман агайындары” сыяктуу бийликке келген исламчылар элдин ишенимин актай албады.

“Азаттык”: Анда азыркы учурда Сирияда, Иракта болуп жаткан нерселерди ошол аймактагы социалдык, экономикалык, саясий кризистин натыйжасы десек болобу?

Татяна Дронзина

Татяна Дронзина

Татьяна Дронзина: Ооба, ошентип айтсак болот. Бирок биз тагыраак айтышыбыз керек. Себеби Американын куралдуу күчтөрү Иракка кире электе ал жерде “ал-Каида” болгон эмес. Бул жердеги нааразычылык америкалык аскерлер келгенден кийин пайда болгон. Ошол эле “Ан-Нусра”, “Ислам мамлекети” жана башка уюмдардын каршы чыгууларын айтсак болот. Андыктан Жакынкы Чыгышта эмне болуп жатканын түшүнүш үчүн ар бир мамлекетти өз алдынча карашыбыз керек.

“Азаттык”: Борбордук Азиядан кимдер Сирияга согушууга кетип жатат?

Татьяна Дронзина: Кыскача айтканда согушчандар десек болот. Алардын арасында эркектер, аялдар, ошондой эле өз эрки менен барышпаса да жаш балдар бар. Кеткендердин арасында ар түрдүү адамдар бар: жашоосуна нааразы болгондор, диний көз карашынын айынан кеткендер. Же болбосо акыл-эси жайында эмес адамдар да жок эмес алардын арасында.

“Азаттык”: Ошентсе да жалпысынан кайсыл себептер таасирдүү болуп жатат адамдардын Сирияга кетүүсүнө?

Татьяна Дронзина: Биз негизинен эки түрдүү себептерди аныктадык. Биринчи - кандайдыр бир деңгээлде динге байланышкан идеологиялык себептер. Мисалы, “Ислам мамлекети” менен бирге согушкум келет”; “каапырларга каршы согушкум келет”; “Мусулман агайындарга” жардам берем” дегендей себептер менен кетип жатышат.

Ал эми экинчиси эч кандай диний негизге ээ эмес. Мисалы, кетип жаткандардын көбү “мен күчсүздөрдү коргошум керек”, “аялдарды, жаш балдарды коргошум керек”, “адилеттүүлүк үчүн күрөшүүм керек” деп кетишүүдө. Бул жерде эч кандай диний себеп жок.

Жакшылап караганыбызда бул чакырыктар 1968-жылкы “Хиппи" кыймылынын чакырыктарына аябай окшош экенин көрүүгө болот. Ошол эле адилеттүүлүк, күчсүздөрдү коргоо сыяктуу социалдык идеялар. Ошондуктан бардык нерсени исламга жүктөп салуу туура эмес деп ойлойм.

“Азаттык”: Сирия, Иракка кетип жаткандар социалдык-экономикалык жактан кандай өзгөчөлүктөргө ээ?

Татьяна Дронзина: Ош шаарына барганымда мага “жарандар кедейликтин айынан кетип жатышат” деп айтышты. Бирок карап көргөнүбүздө кеткендердин арасында материалдык жактан кыйын абалда калгандыгы үчүн кеткендер жокко эсе. Тескерисинче, кеткендердин социалдык-экономикалык абалы ортоңку деңгээлде.

“Азаттык”: Ал эми алардын үй-бүлөлүк абалы кандай?

Татьяна Дронзина: Көпчүлүгү үй-бүлөлүү, 2-3 же болбосо андан көп баласы бар адамдар. Ошондуктан үй-бүлөлүк абалы көп деле таасирдүү фактор болуп эсептелинбейт.

“Азаттык”: Сирияга кетүү үчүн кайсыл жолдор колдонулуп жатат?

Татьяна Дронзина: Албетте бул суроого бул ишти көзөмөлдөгөн күч органдары тагыраак жооп берет болуш керек. Ошентсе да Бишкектен, Ош шаарынан Стамбулга учуп, ал жактан Сирияга кеткендер бар. Орусияда жүрүп ошол жактан азгырылгандар жөнүндө да маалыматка ээбиз.

“Азаттык”: Ош тарапта да изилдөөлөрдү жүргүзүп келипсиз, кандай жыйынтыктарды чыгардыңыз?

Татьяна Дронзина: Ал жакта 9-классты араң бүтүргөн, же болбосо бүтүрө албай калган жаштар менен жолуктук. Сирияга кеткендердин арасында жумушсуздуктун айынан кеткен эркектер, жашы өтүп бараткандыктан турмушка чыкпай калам деп коркуп, жеке бактысын издеген кыз-келиндер бар экенин байкадык. Жаңы жашоо, жаңы мамлекет курам деп, романтикалык сезимдерди ээрчип кеткендер да бар.

Согушам деп кетип жаткандарды бир жактуу кароо туура эмес. Адамдар ар түрдүү себептердин айынан ар кайсыл максаттарды көздөп кетип жатышат. Бул ар тараптан изилденүүгө тийиш.

Мамлекет буга каршы бир гана багытты эмес, көптөгөн стратегиялык иш-пландарды иштеп чыгуусу керек. Ар бир мисалга карата жекече иш алып барууга мүмкүнчүлүк берген стратегиялар болушу зарыл. Бардык окуяларга бир гана ыкманы, жолду колдоно албайбыз.

“Азаттык”: Бирок мамлекеттин мындай ар тараптуу иш алып барууга мүмкүнчүлүгү барбы?

Татьяна Дронзина: Бул багытта Казакстан ийгиликтүү долбоорлорду ишке ашырууда. Мисалы, бекер чалууга мүмкүн болгон “114” делген кызмат бар. Эгерде кимде ким балдарынын жүрүм-турумунан күмүн санаса, же болбосо кимдир бирөө согуш талааларына чакырып жатса, анда жарандар ушул номерге бекер чала алышат. Чынында эле жакындары Сирияга кеткендер менен сүйлөшкөнүбүздө, алар баласы, же болбосо тууганы кетээрден мурда жүрүм-туруму өзгөргөнүн, бул нерсени кимге айтаарын билбегенин айтышкан. Дал ушул “114” номуру бул максатта жардам берүү үчүн ачылган.

Ошол эле мезгилде Сириядан кайтып келген, же болбосо түрмөдөн чыккан атуулдар менен иш алып барган коомдук уюмдар да өз салымын кошуп жатышат. Өзгөчө Европада түрмөдөн чыккан жарандарды коомго кошуу максатында атайын долбоорлор ишке ашырылууда.

“Азаттык”: Сирия жана Ирактан согушчандар өз өлкөлөрүнө кайта баштады. Кыргызстанда кошуна өлкөлөргө салыштырганда мыйзамдар либералдуу болгондуктан, Борбор Азиядан кеткен согушкерлер Кыргызстанга кайтып келиши мүмкүн деген пикирлер айтылууда. Сиздин оюңузду уксак.

Татьяна Дронзина: Ооба, ошондой деп айтсак болот. Бирок азыркы учурда эч бир мамлекет экстремизмден толугу менен корголгон эмес. Сириядан кайтып келгендердин канчасы чек арадан кире алат деген суроо турат. Бул жерде эң негизги маселе - чек арадагы көзөмөлдү күчөтүү. Кыргыз мамлекети Европа биримдиги жана Орусия менен бул багытта кызматташып келет.

“Азаттык”: 2015-жылы дин жана коопсуздук багытында Борбор Азияда жана Кыргызстанда кандай окуяларга күбө болушубуз мүмкүн?

Татьяна Дронзина: 2015-жылга карата кандайдыр бир нерсени кесе айтуудан алысмын. Бирок Борбордук Азиядагы абал Ооганстандагы абал менен тыгыз байланышта. Мындан сырткары Казакстан менен Европа биримдигинин кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыгууда. Айрыкча Кыргызстан үчүн да жаңы тарых беттери ачылууда. Эгер май айында Евразия экономикалык биримдигине кирип калса, Кыргызстан үчүн да коопсуздукту сактоодо жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болот.

  • 16x9 Image

    Маметбек Мырзабаев

    "Азаттык" менен кызматташкан авторлордун бири. Ислам изилдөө илимий институтунун директору, дин социологиясынын доктору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG