Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:01

Борбор азиялык экинчи адабият фестивалы Азербайжанда өтпөй калды. Аны 3-майда Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева салтанаттуу ачмак эле.

"Ачык Борбор Азия" китеп форуму жана адабият фестивалы (Open Central Asia Book Forum and Literature Festival) деген узун аталыштагы иш-чара былтыр күздө Бишкекте ачылып, көпчүлүктүн көңүлүн бурдурган эле.

Британиялык басмакана, медиа уюмдар уюштурган фестивалга АКШ, Мозамбик, Канада, Орусиядан бери акын-жазуучулар катышкан.

Чет жактардагы кыргыздар, Кыргызстанда жашаган чет элдиктер да өз чыгармаларын эл аралык калыстардын кароосуна койгон.

Былтыркы башкы сыйлыкты алган ташкендик жазуучунун «Ортоңку ааламдын кудайлары» деген повести азыр Британияда англис тилинде басмага даярдалууда.

Экс-президент Отунбаева фестивалдын ачылышында

Экс-президент Отунбаева фестивалдын ачылышында

​Бакуда өтчү фестивалга Кыргызстандан экс-президент Роза Отунбаева баштаган делегация бара турганын азери маалымат каражаттары жазышкан. Бирок уюштуруучулар эми фестивал күзгө калганын айтышууда. Алар иш-чаранын болбой калышын Азербайжандагы демөөрчүлөр менен "фестивалдын максаттары боюнча" пикир келишпөөчүлүктөрдөн келип чыккандыгын туюк айтуу менен чектелишти. Эми бул маанилүү маданий майрам балким күздө өтүшү мүмкүн, бирок кайсы жерде болоору азырынча белгисиз.

Майга белгиленген фестивалдын алдында уюштуруучулардан Марат Ахмеджанов "Азаттыкка" маек берген эле. Британияда жайгашкан Silk Road Media басылмасынын башчысы Бишкектеги биринчи фестивал өтө майнаптуу болгондон кийин, экинчисин дагы бир түрк өлкөсүндө өткөрүүнү чечишкенин маалымдаган.

Ошол эле убакта адам укуктары, сөз эркиндиги жаатындагы чектөөлөр үчүн сындалып келаткан Азербайжанда китеби өрттөлгөн жазуучу Акрам Айлислинин катышаар-катышпасы тууралуу ачык айта алган эмес эле.

Анда ошол фестивалды утурлап алынган маекти толугу менен окуңуз:

Марат Ахмеджанов: Биз Борбор Азиядан жана чет өлкөлөрдөн азери адабиятын, анын ичинде Низами Гянжави менен анын чыгармачылыгына терең таасир тийгизген Мехсети Гянжавини баалаган таланттуу акын айымдардын башын бириктиребиз деп үмүттөнөм. Дал ушул күндөрү Бакуда Мехсети Гянжавинин 900 жылдык мааракеси майрамдалат. Биз экинчи фестивалды Баку, Гянжа шаарларында өткөргөнүбүздүн себеби, бул Азербайжандын өзүнүн демилгеси болду. Экинчиден, Азербайжандагы тунгуч акын айымдын мааракеси мындай фестивалга куп жарашып калат деп ойлодук.


Жаңыл Жусупжан: Фестивалдын программасы кандай?

Марат Ахмеджанов: Иш-чаранын программасы Бишкекте ийгиликтүү өткөн биринчи фестивалга окшош. Чыгармалар окулат, гала-фестивалда катышуучулар чыгып сүйлөшөт. Эки талкуу бар, биринде Борбор Азиядагы адабияттын өнүгүшү, аймактык жазуучу, акындарды чет өлкөлөргө таанытуу талкууланса, экинчисинде Борбор Азияда окуу программаларындагы көркөм адабияттын ролу сөзгө алынат. Азырга чейин 142 киши чыгармаларын конкурска жөнөттү. Калыстар тобу "эң мыкты" деп тапкан чыгармалардын авторлору фестивалдын өзүндө жарыяланат.

Марат Ахмеджанов Шотландиядагы кыргыз котормочусу Шахсанем Мюррей менен

Марат Ахмеджанов Шотландиядагы кыргыз котормочусу Шахсанем Мюррей менен

Жаңыл Жусупжан: Жеңүүчүлөрдү кандай сыйлык күтөт?

​Марат Ахмеджанов: Кароонун жеңүүчүсү дүйнөлүк деңгээлге чыгууга мүмкүнчүлүгү болот. Бул ар бир жазуучунун кыялы экени жалганбы? Башкы сыйлык алган адамдын чыгармасын Британияда англис тилинде басабыз. Эл аралык чөйрөгө чыгуунун чыгымы төө көтөргүс, ошондуктан мындай мүмкүнчүлүк саналуу адамдарда гана бар. Жеңген чыгарма англис тилинде Британияда жарык көргөндөн кийин, аны Лондондогу келерки жылдын Китеп Форумунда тааныштырабыз.

Жаңыл Жусупжан: Демек силер сапаттуу котормону да камсыздайт турбайсыңарбы?

Марат Ахмеджанов: Котормону гана эмес, китепти жасалгалоону да өзүбүзгө алабыз. Бүгүнкү күндө дүйнөдө бир да басмакана Борбор Азиядан чыккан жазуучулардын чыгармаларын бекер баспайт. Ал үчүн автор он миңдеген фунт стерлинг чыгым болушу керек. Ошондуктан бүгүнкү күндө СССРдин акчасына басылган Чыңгыз Айматовдон башка бир да жазуучунун чыгармалары Улуу Британияда өз алдынча жарык көрбөйт. Биз дал ошондой мүмкүнчүлүктү түзүп жатабыз. Азыр биз биринчи фестивалда башкы сыйлыкты алган Галина Долгаянын чыгармасын басууга даярдап жатабыз. Биздин чыгымдар сыйлык корунда каралгандан алда канча көп болуп жатат. Биз жылыга 9-10 китеп басабыз. Бул өтө эле көп. Жетишпей жатабыз, көп эле китептерди бассак дейбиз, бирок командабыз чакан, каржылоо жокко эсе. Китеп чыгарып, аны элге таанытуу өтө кымбат иш.

Жаңыл Жусупжан: Демек калыстар тобу өтө калыс болушу керек экен да?

Марат Ахмеджанов: Жюриге чыгармалары чет өлкөдө чыккан авторлор, китеп басуучулар, редактор, котормочулар кирет. Улуу Британияда жылыга 100 миң китеп жарык көрөөрүн көпчүлүк биле бербейт. 100 миң деген бул кандай сан! Борбор Азиянын бүтүндөй тарыхында, кыргыз, казак, өзбек, түркмөн, тажиктердин баарын кошкондо да, мынча китеп басылган эмес. Бул санды мен бышыктай алам. Англис тилиндеги китеп чөйрөсүндө атаандаштык эбегейсиз. Ошондуктан, бир нече миң нуска менен басылып, китеп дүкөнүнө келгендер 20-30 долларга сатып алгысы келе турган чыгарма тандалышы керек. Бул өтө татаал, мээнети көп иш. Ошондуктан биз «Ооба, дал ушул китеп ийгиликке жетет» дей турган адамдардын пикирин угушубуз керек.

Жаңыл Жусупжан: Конкурска авторлор чыгармасын орус тилинде жиберишеби?

Марат Ахмеджанов: Орус же башка тилде жиберишет. Калыстар тобунда ар кайсы тилди билген адамдар бар. Андан тышкары биз англис тилдүү редактор, китеп басуучуларга чыгарманын бир бөлүгүн англис тилине которуп беребиз. Өз баасын алар ошол котормонун негизинде беришет.

​Жаңыл Жусупжан: Фестивал Азербайжанда өткөнү жатат. Бул өлкөдө жакында жазуучу Акрам Айлислиге байланыштуу чоң жаңжал чыкты эле. Бакудагы армяндарга каршы куугунтугун сүрөттөгөн «Таш уйку» романы үчүн бийликке чукул партия анын кулагына 12 миң доллар сайышкан, ал эми азери өкмөтү анын «Эл жазуучусу» наамын алып койду. Фестивалда Айлисли да болобу, же андай кишинин силердин иш-чарага келгени туура эмес деп эсептейсиңерби?

Марат Ахмеджанов: Биздин эч кандай саясий максаттарыбыз жок. Биз адабият менен маданият саясаттан тышкары болуш керек деп эсептейбиз. Ошондуктан, эгер Айлисли кааласа, биз аны чакырууга даярбыз. Ал келип, биздин кароого катышса сүйүнөбүз.

Жаңыл Жусупжан: Ал азыр кайда экенин билесиңерби?

Марат Ахмеджанов: Мен анын тагдырына жакындан көз салган жокмун, себеби анын китебин издеп окугандардын катарында эместигимен болсо керек. Бирок ал тууралуу интернетте чыккан маалыматтарды окуп турам. Мен билгенден ал азыр Азербайжанда. Мен кимдин ак, кимдин кара экенин айта албайм, себеби менде толук маалымат жок. Бирок Айлисли мыкты жазуучулардан, эгер ал биздин фестивалга келсе кубанабыз.

Жаңыл Жусупжан: Биринчи фестивалды эмне үчүн Бишкекте өткөрдүңөр?

Марат Ахмеджанов: Себеби чыгармачыл адамдардын саны боюнча Бишкек башкаларды алдына салдырбайт. Саясий эркиндиктердин деңгээли да Борбор Азия жумурияттарынан Кыргызстанда эң жогору. Дагы бир маанилүү жагдай, Кыргызстан дүйнөгө таанымал жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мекени эмеспи.

Жаңыл Жусупжан: Бул маанилүү фестивалды уюштургандар кимдер жана кандай максатты көздөйсүңөр?

Марат Ахмеджанов: Уюштуруучулар британиялык Silk Road Media жана Hertfordshire Press деген эки компания. Алар Борбор Азияны дүйнөгө таанытуу жаатында иш алып барышат. Silk Road Mediaнын түзүлгөнүнө 12 жыл болду. Open Central Asia, Discovery Горизонт жана Discovery Central Asia деген журналдарды чыгарат. Мен жетектеген Hertfordshire Press – жалаң борбор азиялык жазуучу-акындардын китептерин чыгаруу менен алектенет. Бул ишке башка эч ким кызыкпайт. Мисалы британиялык атактуу Harper's Books басмаканасы борбор азиялык авторлорду билбейт дагы. Ал эми Борбор Азиянын өзүндө азырынча эл аралык деңгээлге чыгып, жазуучуларды бүт дүйнөдө таанытууга чамасы жеткен басмакана пайда боло элек. Эгер бар болсо, айткыла...

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG