Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:49

Борбор Азия апта ичинде


Президент Назарбаев жаңы шайланган парламенттин 1-жыйынында. Астана, 20.01.2012

Президент Назарбаев жаңы шайланган парламенттин 1-жыйынында. Астана, 20.01.2012

Казак Мажилисинин жаңы депутаттары алгачкы сессияга чогулду. Тажик бийлиги Орусиядагы эмгек мигранттарынын беделин көтөрүү аракетин көрүүдө.


16-21-январда Борбор Азия чөлкөмүндө болгон орунттуу кабар-окуялардын жыйындысы. Толугу менен бул жерден угуңуз:



20-январда Казакстан парламенти шайлоодон кийинки алгачкы сессияга чогулду. Президент Нурсултан Назарбаев көп партиялуулук мыйзамчылардын ишин жандандырат десе, оппозиция Мажилисте бири-бирине чыныгы атаандаш партиялар жоктугун сындоодо.

"Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысы Алматы облусундагы добушканада бир эле адамдын шайлоо үкөгүнө тобу менен бюллеттендерди салып жатканына күбө болду. 15.01.2012.

Тажикстандын миграция кызматы тажик мигранттары тууралуу терс беделди оңдоо максатында россиялык улутчулдарды өлкөгө чакыруу пландарын ортого салды. “Скинхеддердин туризмин” өнүктүрүү идеясы бийликтеги партиянын колдоосун тапканы менен, катардагы тажиктердин сынына кабылды.

Алматы шаардык соту кыргызстандык журналист Геннадий Павлюкту өлтүргөндүгү үчүн соттолгон 3 кишинин апелляциялык арызын карап баштады.



11-октябрда Алматы калаасынын кылмыш иштери боюнча адистештирилген соту кылмышты уюштурган деген негизде Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы офицери Алдаяр Исманкуловду 17, кылмыш жасоого катышкандыгы үчүн казак жарандары Алмаз Игиликовду 10, Шалкар Уразалинди 11 жыл эркинен ажыраткан.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG