Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:33

Борбор Азияны жарытпаган референдумдар


Тажикстан, Дүшөмбү. Тажик президенти Эмомали Рахмон 22-майда өткөн референдум учурунда добуш берүүдө.

Тажикстан, Дүшөмбү. Тажик президенти Эмомали Рахмон 22-майда өткөн референдум учурунда добуш берүүдө.

Тажикстанда 22-майда референдум өтүп, президент Рахмон чексиз мамлекет башчы болуп шайланууга мүмкүндүк алды. Дегеле референдум менен Башмыйзамды каалагандай өзгөртүп, бийлигин узартуу борборазиялык лидерлердин адатына айлангандай. Бул өлкөлөр эгемендик алгандан бери кеминде 15 референдум өткөрүштү.

Түркмөнстан. Алгачкы референдум 1994-жылдын башында өтүп, Сапармурат Ниязовдун ыйгарым укуктарын узарткан. Ага ылайык, Ниязов 1997-жылы кезектеги шайлоону өткөрбөстөн эле 2002-жылга чейин президенттик ордунда калган. А 1999-жылы “түбөлүк президент” даражасына ээ болуп, 2006-жылы президенттик тактыда көз жумду.

Ордун баскан Гурбангулы Бердымухамедов азыркы Конституциядагы өлкө башчысынын жаш курагына киргизилген чекти жоюуга далалаттанууда.

Азыркы Башмыйзамда президент болчу кишинин жашы 70тен ашпаш керек. Бул өзгөрүүнү түркмөндөр референдум менен чечеби, же өкмөт эле ишке ашырабы, азырынча айгине эмес.

Өзбек президенти Ислам Каримов

Өзбек президенти Ислам Каримов

Өзбекстан. 1995-жылы референдум менен президент Ислам Каримовдун ыйгарым укуктары дагы беш жылга узартылып, ал бүткөндө, тагыраагы 2000-жылкы шайлоодо Каримов утат. А 2002-жылы референдум менен президенттик мөөнөт бештен жети жылга чоюлат. Ошентип 2007-, 2015-жылкы шайлоолордо Ислам Абдуганиевич жеңет. Шайлоо комиссиясы экөөндө тең ал 90%дан кем добуш алган жок деп эсептеген.

Казакстан. Нурсултан Назарбаев 91-жылы 99% менен шайланат. 95-жылы референдум менен президенттик укугу 2000-жылга чейин узарат. Ошол 95-жылы эле экинчи референдум менен парламенттин мүмкүнчүлүгү кыскарып, президент бийлиги чыңдалат. Ошондон бери Назарбаев тактыда.

- 2015-жылкы парламенттик шайлоодо биринчи жолу Тажикстан парламентине көз карандысыз, чыныгы оппозиция кирген жок. Андан соң кийинки айларда бейөкмөт уюмдарды, алардын каржы булагын текшерүү башталды.

Кыргызстан. 1994-жылдан президент Аскар Акаев акырындап бийлигин бекемдеп, референдум аркылуу кош палаталуу парламент түзүлөт. Бирок, анын кыйла функциясы өкмөткө өткөрүлөт. Башмыйзамдагы бир адам эки мөөнөттөн көп катары менен президент боло албайт деген норма 1996-98, 2003-жылдардагы референдумдар аркылуу өзгөрүп отуруп, Акаев бийлигин чыңдап, үчүнчү ирет шайланган. Мөөнөтү бүтөлекте кызматынан төңкөрүш менен кеткени белгилүү.

Тажикстан. 1992-жылы Эмомали Рахмон Жогорку Кеңеш төрагалыгына шайланат. Ал кезде өлкөдө жарандык согуш жүрүп жаткан. Бир нече айда бир топ президенттер алмашкан соң бул орун жоюлат. Парламент төрагасы Тажикстандагы башкы жетекчиге айланат. 1994-жылы жаңы Конституцияга байланыштуу референдум өтүп, президенттик кызмат калыбына келтирилет. Шайлоо өтөт. Анда Эмомали Рахмон жеңет.

Кийин 1999-жылы дагы бир маанилүү референдум өтүп, диний партияны каттоого уруксат берилет. Бул 1992-97-жылкы жарандык согушту токтотуу келишиминдеги шарттардын бири эле.

Анда Конституцияга дагы өзгөртүү кирип, президенттик мөөнөт жети жылга чейин узарат. Ал эми 2003-жылдагы референдумда президенттин ыйгарым укугун бир гана мөөнөт менен чектеген Конституция беренеси алынып салынган. А быйыл 22-майдагы референдум президенттик мөөнөттү жоюп, Рахмонго каалашынча шайланууга жол ачты. Президенттикке талапкерлердин курагы 35тен 30га түшүрүлдү. Бул Рахмондун 29дагы уулу Рустам Эмомали үчүн жасалды, анткени ал 2020-жылкы шайлоого чыгышы мүмкүн дешет талдоочулар.

Тажикстанда 22-майда өткөн референдум

Тажикстанда 22-майда өткөн референдум

Президенттердин үзөңгүдөн бут тайгылтпай келатышы өз оюн тартынбай айткан, демократиялуу, өнүккөн коом түзбөгөнүн, тескерисинче акыркы жылдары саясий негизде куугун-сүргүн көбөйгөнүн түрдүү сурамжылоо, статистикалык көрсөткүчтөр, макалалар айгинелейт. Карапайым элдин проблемасы бүт Борбор Азияда дээрлик бирдей. Муну тажикстандык журналист Хиромон Бакозоданын мисалынан билсе болот:

- 2015-жылкы парламенттик шайлоодо биринчи жолу Тажикстан парламентине көз карандысыз, чыныгы оппозиция кирген жок. Алар “Ислам кайра жаралуу партиясы” жана лидери такай депутаттыкка шайланып, өкмөт менен президентти сындоодон тартынбаган коммунисттер партиясы. Андан соң кийинки айларда бейөкмөт уюмдарды, алардын каржы булагын текшерүү башталды. Адам укугун коргогондорун алигиче текшерип, каттоосун узартпай атышат. Өткөн жылы маалымат каражаттарына өзгөчө басым жасалып, дале уланууда. Юрист, адвокаттардан кеминде төртөө саясий негизде камалды.

Арийне, Евразия боюнча орусиялык эксперт Аркадий Дубновдун оюнча, бийлик сүйүүчүлүк борборазиялык эле эмес, мурдагы советтик өлкөлөргө деле таандык көрүнүш:

Аркадий Дубнов

Аркадий Дубнов

- Бул аймактын ар бир өлкөсүнүн өз себеби бар. Аларга Азия дейин десең Европага көбүрөөк ирегелеш, Алиевдер кланы башкарган Азербайжанды кошо алабыз. Белорус лидери Александр Лукашенкону билебиз. Ал 94-жылы демократия жолу менен шайланган. Азыркыга чейин же атаандашы, же оппоненти жок. Менимче, мураскорлукка уулу Николеньканы өстүрүп атат. Демек бул “азиаттык синдром” эле эмес, “постмодернисттик-советтик синдром”.

Дубнов түшпөс хандар элге өзүнөн башка эч ким кереги жок деп ойлошорун, буга ал өлкөлөрдөгү элдин менталитети, бийликке каяша айтпаган жооштугу өбөлгө экенин белгилейт.

Утур-утур шайланып, бийликти узартуу оорусун Кыргызстанда ыңкылап дарылады. Анын деми менен 2010-жылкы референдумда жаңы Конституция кабыл алынып, өлкө парламенттик башкарууга өттү. Президент алты жылга бир гана мөөнөткө шайлана турган болду.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG