Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:13

Автокырсык келинди колунан ажыратты


Автокырсык келинди колунан ажыратты
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:10 0:00

Бишкекте жүргүнчү ташыган кичиавтобустун кырсыкка кабылышынан жаракат алган 37 жаштагы Токтокан Райымбекованын сол колун дарыгерлер ийнинен кесип салышты. Бул келиндин өмүрүн сактап калуу үчүн жасалган. Анткени автокырсыкта анын колу жанчылып, кан тамырлары үзүлүп кеткен. Токтокандын күйөөсү куруучу болуп иштейт, анын эки студент кызы бар. 21-сентябрда кечке жуук Шабдан баатыр-Алматы көчөлөрү кесилишкен аймакта 138-кичиавтобус ала салып, бир капталына оодарылып, бир нече метрге сүрүлүп барып токтогон. Күбөлөр кичиавтобус катуу ылдамдык менен жүргөнүн айтышууда. Кырсыктын чоо-жайын милиция териштирип жатат. Андан тогуз адам жабыр тарткан. Тикмечилик менен кыздарын багып, окутуп келген Токтокандын майып болуп калышына ким жоопкер? Окуянын чоо-жайын жакында "Азаттыктан" толук көрө аласыздар.

XS
SM
MD
LG