Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:25

Чыгымы тышкы карызга тете тойлор


Ноокаттагы тойлордун биринде тартылган сүрөт. 2012-жыл.
Ноокаттагы тойлордун биринде тартылган сүрөт. 2012-жыл.

Изилдөөчүлөрдүн баамында, Кыргызстанда бир жыл ичинде 500 миңден ашуун үй-бүлө чоң-кичи маараке өткөрөт. Ага жумшалган акча өлкөнүн тышкы карызына тете деген божомолдор бар.

Талдоочулар ири той өткөргөн кишиге декларация толтуруу талабын коюп, ысырапкорчулукту азайтууну сунушташууда. Жогорку Кеңеште жана өкмөттө бул жаатта маселе утуру көтөрүлүп турганы менен жыйынтыгы байкалбайт.

Тышкы карызга тете чыгымдар...

Кыргызстанда мурда тойлор адатта күздө гана болсо, кийинки мезгилде жайында гана бир-эки ай тыныгуу байкалып, калган убакта күн сайын элдин бир бөлүгү той-аш менен убара. Шаарларда жана район борборлорунда биринин артынан бири ачылып жаткан тойканалардын, кафе-ресторандардын алдында жык-жыйма машинелердин турушу күнүмдүк көрүнүшкө айланган.

Ресторанда өткөн тойлордон бир көрүнүш
Ресторанда өткөн тойлордон бир көрүнүш

Ушул тушта айыл-апада да түшүмдүн кирешеси тойлорго жумшалып жаткан кез. Алардын катарында банктан насыя алып, аны мааракеге жумшап, эл алдында “намысын коргоп жаткандар” да бар.

Кымбат автоунаалардын коштоосундагы жаш жубайлардын сейилдөөсүнө эле он миңдеген сом чачылат. Кафелердеги чыгым деле орто эсепте 300 миң сомдун башын жейт. Кийит, союш жана башка чыгымдарды кошкондо бир эле той жарым миллион сомго барабар болуп калат.

Бул жаатта иликтөө жүргүзгөн жарандык активист Эмилбек Момунов бир катар аймактардагы мааракелерге байкоо салып, чыгымын санаган.

- Менин эсебимде Кыргызстанда той-аштарга эле бир жылда 3 миллиард доллардай акча кетет. Ошол эле учурда өлкөбүздүн тышкы карызы 3 миллиард 700 миллион доллар экени айтылып жүрөт, - деп кейиген талдоочу чыгаша кыскартуу жагынан Тажикстандан үлгү алууну сунуштайт.

Коңшу өлкө бийлиги беш-алты жыл мурун той каражаттарын кыскартуу, ашыкча каада-салттарды тыюу жана зыяпатка чакырылган коноктордун санын 200дөн ашырбоо боюнча буйрук чыгарып, ал такай көзөмөлдөнөт.

Эмилбек Момунов чет элдеги мигранттар жөнөткөн акчалардын да басымдуу бөлүгү мааракелерге жумшалып, ага кошо эл топтоонун жаңы түрлөрү чыгып жатканын сынга алды. Акыркы кезде бешик той, жээнтек той, кыз узатуу сыяктуу каадаларды чоңойтуп, ресторанда өткөрүү салтка кирген.

Тойго декларация керекпи?

Дагы бир талдоочу Бакыт Бакетаев бир жылда орто эсеп менен Кыргызстанда 500 миң үй-бүлө той өткөрөрүн айтат. Анын оюнча, ысырапкорчулукту колунда барлар жайылтып жаткандыктан, тойго сарпталган каражаттар декларацияга киргизилүүгө тийиш:

- Эгер бирөө өтө чоң той өткөргөн болсо, анын декларациясын тапшырсын. Кайдан келген акчага өткөрүп жатат аны? Ошону салыкчылар билсин. Дүркүрөтүп той кылгандарды укук коргоо органдары да көзөмөлгө алып койгону ашыкча болбойт.

Келин-күйөөнү коштогон унаалар.
Келин-күйөөнү коштогон унаалар.

Кыргызстандагы жашоо-турмушка байкоо салуучу Социалдык-экономикалык изилдөөлөр борборунда той-аш чыгымдары же болбосо элдин маараке өткөрүү маданиятындагы өзгөрүүлөр жөнүндө конкреттүү корутунду жок. Уюмдун жетекчилиги эл чакыруу ар кимдин өз иши болгондуктан, ага көп баш оорутуу деле зарыл эмес деген пикирде.

"Бир гана жолу - идеология"

Социологиялык изилдөөлөрдү жасап жүргөн “Эл пикир” борборунун адистери болсо, жакынкы жылдарда ысырапкорчулук маселеси өлкөнүн негизги көйгөйү бойдон кала берерин белгилешүүдө. Уюмдун жетекчиси Элвира Илибезова көйгөйдү идеология менен чечүүдөн башка жол жок деген пикирин ортого салды:

- Той-аштардагы чыгымдар маселеси эгемендиктин алгачкы жылдардан бери, мамлекетти Акаев башкарып турган кезден эле айтылып келатат. Бирок маселе чечилген жок. Кайра ар кандай салттар кошулуп, чыгымдар өсүп жатат. Анткени, бизде сүйлөп коюу адатка айланган. Маселени чечүү үчүн конкреттүү кадамдар байкалбайт.

Той дасторкону
Той дасторкону

Анткен менен эл арасында үнөмдүү той өткөрүү жолдорун колдонгондор да бар. Үйлөнүү үлпөтүн 20дай адам менен чакан белгилеп, башкалар сапырып жаткан акчаны тиричиликке жумшоону көздөгөндөр табылат. Бирок алар аз санда. Негизинен, чет элде окуп келгендер же жаңыланууларга кызыккандар ушул ыкманы колдонушат.

Зыяпат жана зыйнаттардын чыгымын азайтуу маселеси парламентте улам-улам көтөрүлүп турганы менен көзгө көрүнөрлүк жылыш байкалбайт.

Өкмөт 2013-жылы аш-тойлордогу ашыкча чыгымдар боюнча элдин пикирин билүү максатында атайын жумушчу топ түзүлөрүн айткан. Бирок жыйынтыгы маалымдалган эмес. Андан бери өкмөт курамы бир канча жолу алмашып, бул маселе унутта калгандай.

XS
SM
MD
LG