Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:56

Каримовдун көлөкөсүндөгү Мирзиёев


Шавкат Мирзиёев
Шавкат Мирзиёев

Постсоветтик доордун белгилүү лидери оор абалда ооруканага түшкөндөн кийин толук төрт күн бою үн катпай, сыр сактаган өкмөтү бар өлкөдө Ислам Каримовдон кийин ким президент болорун баамдоо жеңил эмес.

Ошентсе да буга чейин премьер-министр Шавкат Мирзиёев президенттикке эң ыктымал талапкер экенине ишара жасалган.

Өзбекстандан тышкары жашаган эксперттер Мирзиёевди негизги талапкер катары өзбек өкмөтүнүн Каримов ооруканага жатканы тууралуу 28-августтагы алгачкы жарыясынан кийин эле айта баштаган.

1-сентябрь күнү, Өзбекстандын Эгемендик күнүндө Ташкенттеги Эгемендик айкелине гүл коюлгандан кийин ошол кеп-сөздүн баары бекемделгендей болду. Гүл коюу вазийпасын ага чейин Каримов өзү гана аткарып келген эле.

58 жаштагы Мирзиёев 2003-жылдан бери премьер-министр. Ал эгемен Өзбекстандын 25 жылдык тарыхында бул кызматта эң узак отурган адам.

Ага чейин Самарканд (2001-2003) жана Жизак (1996-2001) облустарынын губернатору болгон.

Мирзиёев Жизак облусунда, дарыгердин үй-бүлөсүндө туулган. Ташкенттеги Ирригация жана мелиорация институтун бүтүргөн. Совет доорунда өзү окуган институтта комсомол уюмунун лидери болгон.

Мирзиёевду тааныгандардын айтымында, ал ачуусу чукул жана өжөр адам.

Ошого карабай премьер-министрлик кызматын Каримовдун көлөкөсүндө тынч аткарды.

Өткөн кылымдын 90-жылдары Каримовдун басма сөз катчысы болгон, азыр Өзбекстандан тышкары жашаган Шараф Убайдуллаев Мирзиёевди болжоого болбой турган кубулма жана өзүнүкүн гана туура деп эсептеген адам катары сүрөттөйт.

Жизак облусунда губернатор кызматын аркалап турган кезде Мирзиёев аймактагы абалга даттанган фермерди сабап салганы кеп болуп жүрөт.

Убайдуллаев “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна бул коомчулукка чыккан бир эле окуя экенин, Мирзиёев мамлекеттин продукция өндүрүү боюнча пландарын аткара албай калгандарды муштум менен жазалап келгенин билдирген.

Мирзиёев президент Каримовдон жакшыбы же жаманбы деген суроого Убайдуллаев “жаман” деп жооп берди.

Ал Мирзиёев Өзбекстанды эффективдүү башкара аларынан күмөн санап, Каримов сыяктуу көз карандысыз боло албасын кошумчалады.

Убайдуллаев кокус Мирзиёев президенттикке келсе, бейрасмий бийликти иш жүзүндө олигархтар менен магнаттарга берип, бул Өзбекстан үчүн эң жаман сценарий болорун да болжолдоду.

Өзбекстандын Конституциясына ылайык, эгер президент дүйнөдөн өтсө же милдеттин аткара албай калса, анын бийлик укуктары үч айга парламенттин жогорку палатасы – Сенаттын төрагасына көчөт. Бул мезгил аралыгында президенттик шайлоо өткөрүлүшү керек.

Сенаттын азыркы төрагасы Нигматулло Юлдашев президенттик шайлоого катышчу талапкер катары эч убакта каралган эмес.

Мирзиёевден башка Каримовдун ыктымал мураскерлери ичинде 56 жаштагы каржы министри Рустам Азимов жана Өзбекстандын атайын кызматынын башчысы, 72 жаштагы Рустам Иноятов бар.

Брюс Паниер

XS
SM
MD
LG