Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:59

Атамбаев Орусия президентине караштуу ооруканада дарыланууда


Владимир Путин жана Алмазбек Атамбаев, 16-сентябрь, 2016-жыл, Бишкек
Владимир Путин жана Алмазбек Атамбаев, 16-сентябрь, 2016-жыл, Бишкек

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Москвадагы Орусия президентинин иш башкармалыгына караштуу борбордук клиникалык бейтапканада дарыланууда. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен кабарлашты. Маалыматка караганда, президенттин абалы жакшы.

Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү буга чейин Атамбаев бүгүн дарылануу максатында Москвага барганын билдирген. Азырынча бейтапканага жатпай, адистердин көзөмөлүндө болорун маалымдаган болчу.

19-сентябрда Нью-Йоркко БУУнун Башкы Ассамблеясынын 71-сессиясына катышуу үчүн бараткан жолдо Стамбул шаарынын Ататүрк аэропортунда президент өзүн жаман сезип, алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн. Адистер президенттин жүрөгүндө оорунун белгилери бар экенин аныкташкан. Мындан улам ал 20-сентябрдан тарта кыска мөөнөткө өргүү алган. (NT/LzT)

XS
SM
MD
LG