Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:09

Казак бийлигиндеги "тыңчылар"


Иллюстрация
Иллюстрация

Орус басылмаларына бир жума ичинде чыккан Борбор Азия жаңылыктары. Казакстанда жыл башынан бери бир нече жогорку кызматтагы аткаминерлер камакка алынды, Түркмөнстанда президенттикке тогуз талапкер ат салышмай болду, ал эми Өзбекстандын президенти мамлекеттик мүлктү ишкерлерге менчикке берүүнү жөнөкөйлөштүрдү.

Айсултандын дооматы

Лента.ру Казакстанда жогорку кызматтагы аткаминерлерди камакка алуулар жөнүндө баяндайт. Жыл башынан бери президенттик администрациянын төрага орун басары Баглан Майлыбаев, экономика министри Куандык Бишимбаев жана Улуттук пенсия фондунун жетекчиси Руслан Ерденаев кызматтарынан бошотулуп, камакка алынган. Ошондой эле Улуттук коопсуздук комитетинин мурунку жетекчиси генерал-лейтенант Нартай Дутбаев кармалган. Аткаминерлер «мамлекеттик сырды мыйзамсыз ачыкка чыгарган» деп шектелүүдө.

Макалада “президенттик аппаратта Кремл үчүн иштеген” деген айыптоолор дагы болуп жатканы кошумчаланат. Ал эми президент Нурсултан Назарбаевдин небереси Айсултан Назарбаев Фейсбуктагы баракчасына “бийликтин жогорку бутагында “эл душмандары" бар, аларды тазалоо жүрүп жатат” деп жазган. Ал Улуттук банктын жетекчиси Данияр Акишевди, президенттик администрациянын башчысы Адилбек Жаксыбаевди, вице-премьер Имангали Тасмагамбетовду жана ишкер Булат Утемуратовду “элди талап-тоногондор” катары сүрөттөгөн.

Эксперттер Казакстанда жогорку кызматкерлерди камакка алууну жана өлкөдө башталган конституциялык реформаны Назарбаевдин бийликти өткөрүп берүүгө даярдыгы дешкен. Макалада 2000-2010-жылдардын аралыгында Казакстанда 30дан ашуун аткаминерлер кылмыш жообуна тартылганы белгиленет.

Аркадагдын сегиз атаандашы

EurAsia Daily басылмасы Түркмөнстанда 12-февралда президенттикке тогуз талапкер ат салышарын кабарлайт. Демократиялык партиядан учурдагы президент Гурбангулы Бердымухамедов, өндүрүүчүлөр жана ишкерлер партиясынан Бегмырат Аталыев, Агрардык партиядан Дурдыгылыч Оразов көрсөтүлгөн. Ошондой эле жарандык демилгечи топтор президенттикке тамак-аш өндүрүшү боюнча мамлекеттик бирикменин төрага орун басары Максат Аннанепесов, Марый облусунун башчысынын орун басары Жуманазар Аннаев, Сейдин мунай заводунун директору Рамазан Дурдыев, Дашогуз облусунун акиминин орун басары Меретдурды Гурбанов, Ахал облусунун экономика башкармалыгынын жетекчиси Сердар Желилов жана “Гарабогазсульфат” ишканасынын директору Сулейманнепес Нурнепесовду көрсөтүшкөн.

Түркмөнстанда президент жети жылга шайланат. Макалада учурдагы президент Бердымухамедов шайлоо алдында талапкелерге бирдей берилчү телерадио эфирден баш тартканы айтылат.

Өзбекстан: ишкерлерге ишеним

Газета.ру Өзбекстанда мамлекеттик мүлк ишкерлерге берилет деп жазат. Макалада президент Шавкат Мирзиёев мамлекеттик объектилерди ишкердикке жеңилдетилген жол менен сатуу, керек болсо акысыз берүүгө даяр болууда деп айтылат.

Облус жана шаар башчылары эми мамлекеттик объектилерди инвестиция тартуу үчүн өздөрү ишкерлерге бере алышат. Макалада объектилерди оңдоп-түзөп, жаңы жумуш орундарын түзгөн ишкерлерге бир катар жеңилдиктер каралганы кошумчаланат. Ошондой эле менчиктештирилген мүлккө төлөмдөрдү үч жылга чейин төлөөгө мүмкүнчүлүк берилет. Мамлекеттик объектилерди иштетүүнү каалаган ата мекендик ишкерлерден бизнес планын көрсөтүп жана билдирме жөнөтүү талап кылынат деп айтылат макалада.

Орусия Тажикстандын сунушун четке какты

Интерфакс Орусия Тажикистандын мигранттарды пенсия менен камсыздоо боюнча келишим долбоорун артка кайтарды деп маалымдайт. Тажикистандын эмгек министрлиги Орусияда мыйзамдуу иштеп, социалдык камсыздандыруу салыктарын төлөгөн тажик жарандарды пенсия менен камсыздоо долбоорун сунуштаган. Анда Орусияда расмий иштеген мигранттар төлөгөн салыктарды Тажикстанга которуп, анын эсебинен пенсия төлөөнү сунуштаган.

Бирок орус тарап мындай долбоор Орусиянын мыйзамдарына туура келбесин айтып, келишим долбоорун четке каккан. Расмий маалыматтар боюнча учурда Орусияда 800 миңден ашуун тажикстандык мигранттар эмгектенип келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG