Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:45

Жапаровдун тарапкерлери УКМКга жөнөштү


Садыр Жапаровдун тарапташтары. Бишкек
Садыр Жапаровдун тарапташтары. Бишкек

Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбакта митинг өткөрүп жаткан мурдагы депутат Садыр Жапаровдун тарапкерлери УКМКны көздөй жөнөштү.

Бул тууралуу "Азаттык" радиосунун кабарчысы билдирди.

Байкоочулар акцияга Жапаровдун 500дөй тарапкери чогулганын айтууда. Милиция алардын так саны тууралуу маалымат бере элек.

Митингчилердин бир тобу кыргыз-казак чек арасындагы "Ак жол" бекети тараптан келишти. Бүгүн алар чек арадан Садыр Жапаровду тосуп алмай болушкан. Бирок ал кармалып, УКМКга жеткирилди. Акцияга чыккандар Жапаровду жолуктурбай кармап кеткенине нааразылык билдиришип, аны бошотууну талап кылышууда. Милиция митингдин катышуучуларын тартип бузбоого жана жүрүштү токтотууга чакырды. Ушу тапта митинг болгон жерде үч автобус милициянын атайын бөлүгү жана башка патрулдук милиция турушат.

Буга чейин ИИМдин маалымат кызматы милиция тартипке көз салып турганын жана кандайдыр бир мыйзам бузуулар болсо чара көрүлөрүн "Азаттык" радиосуна билдирген.

Садыр Жапаров адамды барымтага алуу боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында УКМКга бүгүн кармалды.

Үч жыл мурда чет өлкөгө чыгып кеткен оппозициялык саясатчы Садыр Жапаров 25-март күнү өлкөгө кайтып келерин, атайын кызмат күбө катары суракка чакырганын жарыялаган болчу. Митингди уюштурган "Мекенчил" партиясынын маалыматына караганда, бүгүн ал Горький сейил багында тарапкерлеринин митингине катышып, сөз сүйлөй турганы күтүлүп жаткан. (NT)

XS
SM
MD
LG