Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:59

Сибирде мигранттарга жумуш азайды


Кытай кыргыз армиясын каржылайт, эмгек мигранттары былтыр Орусиядан Борбор Азияга 7 миллиард доллар жөнөткөн, Өзбекстан Казакстан аркылуу Евразиялык биримдиктин автобазарына чыгууну көздөөдө. Орусиялык басылмаларга жума ичинде жарык көргөн макалаларга сереп.

"Российская газета" Сибирде эмгек мигранттарын айрым жумуштарга кабыл алууга тыюу салынганы тууралуу баяндайт. Макалада Новосибирск облусунда жумуш берүүчүлөргө чет элдик жарандарды 33 кызматтын түрүнө жумушка албоо боюнча расмий токтом чыкканы айтылат. Мигранттар эми Сибирде сыра чыгарган жайларда, такси кызматында, улгайган жана майып адамдарды кароо тармагында, балык уулоодо жана козу карын менен жемиштерди чогултуу иштеринде эмгектене албайт. Буга чейин Новосибирскиде мигранттарга бала бакча, мектеп, жайкы лагерлерде жана балдарга тамак-аш чыгаруучу жайларда иштөөгө тыюу салынганы кошумчаланат. Жергиликтүү бийлик облуста кылмыш иштерин азайтуу жана жергиликтүү калкты жумуш менен камсыздоо үчүн ушул кадамга барганын айтууда.

Кытайдын кыргыз армиясына жардамы

EurAsia Daily басылмасы Кытай кыргыз армиясын материалдык жактан колдоого алды деп жазды.

Макалада Бээжин Бишкектин аскерий муктаждыктарына кайтарымсыз жардам катары 14 миллион доллардан ашык акча бергени баяндалат.

Эки өлкөнүн аскер башчылары Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында аскерий кызматташуу жемиштүү болуп жатканын белгилешкени айтылат. Ал эми Регнум маалымат агенттиги былтыр 10 миңден ашуун кытай жараны Кыргызстанда иштөөгө лицензия алганын, ал эми Кыргызстандын жарым миллиондон ашуун мигранты Орусияда жүргөнүн белгилеген.

Мигранттар жөнөткөн акча көбөйдү

Росбалт басылмасы “Гастарбайтерлер” бир жыл ичинде Орусиядан Борбор Азияга 7 миллиард доллар жөнөттү" деп жазды. Орусиянын Борбордук банкынын отчету боюнча былтыр борбор азиялык мигранттар өз өлкөсүнө жалпысынан 7 миллиард доллар которгон. Өзбекстанга - 3 миллиард долларга чукул, андан кийин Тажикстанга – 2 миллиард долларга чукул, Кыргызстанга болсо 1,7 миллиард доллар жөнөтүлгөнү белгиленет. Макалада 2014-жылкы экономикалык каатчылыктан кийинки акыркы эки жылда Орусиядан Борбор Азияга которулган акчалары кайра көбөйүп жатканы кошумчаланат.

Өзбекстандын ЕАЭБ базарына чыгуу аракети

"Независимая газета" Ташкент Астана менен бирдикте жеңил унаа, автобус жана жүк ташуучу унааларды чыгаруу боюнча макулдашып жатканын баяндайт. Бул долбоорго эки өлкөнүн GM Uzbekistan, «СамАвто» жана «Азия-Авто» ишканалары катышмакчы.

Басылма "Өзбекстан Казакстан менен биргеликте Евразиялык биримдиктин базарына чыгууну көздөөдө" деп белгилейт. Көз карандысыз адис Бахтиер Эргашев учурда Евразиялык биримдикте Өзбекстандын автоунааларын сатууга катуу чектөө киргизилгенин, Орусия менен Казакстанга автоунааларын сата албай Ташкент бир кыйла кысталып жатканын айтып берген.

"Өзбекстан Казакстан менен биригип автоунааларды чыгара баштаса, Евразиялык биримдикте өндүрүшкө бир катар жеңилдиктерди алып, жалпы базарда унааларын ээн-эркин сатууга мүмкүнчүлүк алат" деп жыйынтыкталат макала.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG