Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:23

Орус ишкерлери тажик бийлигине капа


Казакстан Орусияга "Эмба" полигонун ижарага берүүнү токтотту, Тажикстан Орусиянын мобилдик компанияларына доомат коюуда, Түркмөнстанда түрк оппозициясы менен байланышы бар делип отуздан ашык адам абакка кесилди.

Түркмөн бийлигинин кысымы

Регнум агенттиги Түркмөнстанда Түркиядагы оппозиция менен байланышы бар деген айып менен отуздан ашык адам абакка кесилгенин жазды. Алардын көпчүлүгү түркмөн-түрк окуу жайларынын мурунку мугалимдери жана кызматкерлери, таанымал түрк ишкерлери. Алар былтыр жайында Түркияда төңкөрүш аракетин жасоого аракеттенди деп айтыпталган Фетхуллах Гүлендин кыймылы менен кызматташкан деп айыпталууда. Айрымдары 12 жылдан 25 жылга чейин эркинен ажыратылганы да айтылат. Укук коргоочулар сурак учурунда мугалимдерге жана ишкерлерге кысым көрсөтүлүп, алар кыйноого алынганын айтып чыгышкан.

Казак-орус келишими жокко чыкты

ТАСС агенттиги Казакстан Орусияга "Эмба" полигонун ижарага берүүнү токтотконун жазды. Эки өлкө ортосундагы келишимди жокко чыгаруу боюнча протоколду Казакстан парламенти кабыл алган.

Ак-Төбө облусундагы "Эмба" полигонун 1996-жылдан бери Орусия аскерий жаңы техникаларды жана курал-жарактарды сыноо үчүн колдонуп келген. Былтыр октябрда полигондун ижара боюнча келишим мөөнөтү аяктап, эки тарап тең аны узарткан эмес. Казакстандын коргоо министринин орун басары Талгат Мухтаров өкмөткө кайтарылган жерлер айыл чарба жана кен өндүрүүчүлөргө берилерин маалымдады. Ошондой эле эки тараптын бири-бирине эч кандай дооматы жок экенин билдирип, тапшыруу жана кабыл алуу иштерин бирдиктүү комиссия жүргүзөрүн белгиледи.

Казакстан Путиндин абийирин коргойт

"Новая газета" басылмасы Казакстанда Владимир Путиндин абийирине шек келтиргендер кылмыш жообуна тартыларын баяндайт. Орусияда “Президенттин ар-намысын жана абийирин коргоо” боюнча мыйзам долбоору бир нече жолу көтөрүлүп, бирок кабыл алынбагандыгы маалымдалган. Ошол эле маалда Казакстанда Путиндин дарегине айтылган сын үчүн казакстандык жаран үч жылга камакка алынганы баса белгиленет. Ак-Төбөнүн тургуну 46 жаштагы Санат Досов Фейсбуктагы баракчасына орус-украин чыры жана орус президенти жөнүндө бир нече пикир жазгандан кийин камакка алынган. Досов сот чечимин жокко чыгаруу үчүн апелляциялык сотко дагы кайрылып, ал жерден эч кандай колдоо таба алган эмес. Казакстанда президенттин ар-намысын коргоо боюнча мыйзам 90-жылдары кабыл алынып, 2014-жылы жаңыланган. Андан бери бир дагы казакстандык жаран Назарбаевди сындаганы үчүн кылмыш жообуна тартылган эмес.

Тажикстан: орус ишкерлери жардам күтөт

"Ведомости" басылмасы Тажикстанда Орусиянын мобилдик компанияларына кысым көрсөтүлө баштаганын жазды. Макалада Тажикстанда орусиялык “Мегафон” жана “Вымпелком Лтд” мобилдик операторлорунун “МЛТ” менен “Билайн Тажикистан” туунду ишканаларына салык боюнча дооматтар коюлганы айтылат. Тажик өкмөтүнүн салык боюнча комитетинин жетекчиси Нусратулло Давлатзода жыл башында “Мегафон” компаниясы 19, 5 миллион доллар, “Вымпелком Лтд” компаниясы 18,9 миллион доллар өкмөткө карызы бар деп маалымдаган. Ошондой эле дооматтар өлкөдөгү дагы бир ири мобилдик оператор – скандинавиялык Telia Company ишканасына карата айтылган. Макалада орусиялык мобилдик операторлор учурда бул маселе боюнча Орусиянын аткаминерлерине кайрылып, жардам күтүп жатканы кошумчаланат. Орусиялык ишканалардын Тажикстанда мындан ары иштеши күмөн саноо жаратып жатканын жана мобилдик операторлор салык боюнча дооматтарды эл аралык сотто караштырууга даяр экендигин басылма белгилейт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG