Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:59

Жайдын ысык күндөрүнө туш келген рамазан айы Борбор Азия өлкөлөрүндө бир топ чектөөлөр жана жаңы эрежелер менен коштолууда.

Маселен, Өзбекстанда коомдук жайларда ооз ачарлык өткөрүүгө тыюу салынса, Тажикстанда дыйкандарга орозо тутпоого расмий уруксат берилди. Ошол эле тапта Түркмөнстанда Рамазан күндөрү намаздан кийин чогулууга уруксат жок, Казакстанда болсо өспүрүмдөрдүн орозо тутуу маселеси талашка түштү.

Өзбекстан: орозодо чектөөлөр арбын

Өзбекстан жылдагыдай эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен орозодо көп чектөөлөрдү жана эрежелерди киргизген өлкө болуп калды.

Орозо айынын башталышы менен коңшу өлкөдө кафеде, ресторанда жана чайханаларда жапырт ооз ачырууларды өткөрүүгө бийликтер тыюу салды. Бул эскертүү жарандарга жана коомдук жайлардын жетекчилерине тиешелүү экенин Ташкент шаарынын акими Шухрат Турдукулов мэриянын жыйынында эскертти. Ал муну моралдык туура эмес иш деп, буга диний лидерлердин уруксаты жоктугу менен байланыштырды.

«Азаттыктын» жеке булактары кабарлагандай, иптарга тыюу бир эле Ташкентте эмес, өлкөнүн башка аймактарында да киргизилген. Күч кызматтары ар бир кафе-ашканалардан орозо күндөрү “ооз ачыруу өткөрбөө” тууралуу түшүнүк кат жаздырууда.

Мындан сырткары Өзбекстанда орозо күндөрү хижаб салынгандарды көзөмөлдөө күчөдү. Бул эреже буга чейин айрым аймактарда эле иштеп келсе, Рамазан айында өлкө боюнча кеңири масштабда “жоолуктарды чечтирүү” кампаниясы жүрүп жатат. Өзгөчө Ташкент, Андижан жана Фергана облустары, Марагалаң жана Кокон шаарларында хижаб кийгендер көчөдө эле кысымга кабылууда.

“Азаттыктын” өзбек кызматына кат жазган анжияндык аялдардын бири буларды кабарлады:

- Көчөдө баратсаң эле милиция токтотот да, “жоолугуңду чеч, хижабыңды чеч” деп талап кылат. Алардын айткандарына макул болбой койсок, үй даректерибизди, телефондорубузду жазып алып кетишет. Анан участкалык милицияларды үйгө жөнөтүп, катуу эскертүү берип кетишет. Арга кеткенде жоолуктарыбызды алдын чечип, учугун артка байлап кутулуп атабыз. Мындай чектөөлөр Рамазан айына чейин азыраак болсо, орозо күндөрү көзөмөл андан бешбетер күчөдү.

Мындай тыюулар Өзбекстанда жыл сайын киргизилет. Бийликтер расмий түрдө айтышпаган менен муну Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызмат көзөмөлгө алаары маалым. ​

Түркмөнстан: тарабадан кийин тез тарка

Түркмөнстанда да ушул сыяктуу эле тыюулар бар. Бул өлкөдө өзгөчө орозо күндөрү кечки тараба намазынан кийин мечитте көбүрөөк отурууга уруксат жок. Тургундар намаз бүткөндөн кийин дароо үйүнө таркабаса, жарандык формачан күч кызматтары келип, ар бир кишиге эскертүү берип таркатат. Бул чектөөнү түркмөндөр бийлик массанын чогулушунан корккону менен түшүндүрүшөт.

Муну менен кошо Түркмөнстанда орозо күндөрү ысыкта кантип тамактануунун жолдору элге байма-бай түшүндүрүлүүдө. Бул чек аралаш аймактардагы өлкөлөрдө аптаптан улам курмандыктар көп болуп атканы менен байланыштуу.

Тажикстан: орозодогу жеңилдиктер

Тажикстанда кырдаал бир аз башкачараак. Орозо тутууда олуттуу тыюулар же чектөөлөр киргизилбеген менен, “жайдын ысык күндөрү оор жумуш жасагандарга орозо тутпай койсо болот” деген расмий уруксат чыкты. Бул боюнча алгач, Рамазан башталарда өлкө президенти Эмомали Рахман эскертүү берип, анын тапшырмасы менен Уламалар кеңеши дароо фатва кабыл алды.

Тажикстан мусулмандар башкармалыгынын муфтийи Саидмукаррам Абдулкадырзада мындай дейт:

- Бул жылы Рамазан айы өтө ысык мезгилге туш келип калды. Ислам дини ден соолугу начарларга жана мүмкүнчүлүгү жокторго, мындай күндөрдө орозо тутпай коюуга уруксат берет. Ошол себептүү биз “оорулуулар, карылар, дыйкандар, жолоочулар, жумушчулар, жана оор иш менен алектенгендер оозун жаппай эле койсо болот” деген фатва чыгардык. Алар орозону кийинчерээк шарты болгон учурда тутса болот. Кыйналып жаткан жарандар үйүнөн 120 км алыста болсо, тутпай койсо да уруксат. Анткени алар мүмкүнчүлүгү жок болсо, аптап күндөрү кыйналып калышат.

Казакстан: балдардын талаш жараткан орозосу

Казакстанда болсо жашы жете электердин орозо кармоо маселеси чоң талкууга алынууда. Бул өлкөдө диниятчылар балдарды 12-13 жаштан орозо тутушу керек деп түшүндүрмө беришсе, ата-энелер балдарын мектеп жашына чейин эле Рамазанда ооз бекитүүгө үйрөтүп келишет.

Алматы облусунун Карасай ооданынын Абай айылында жайгашкан “Перзент” балдар үйүнүн тарбиялануучусу Диананын пикири буга далил:

- Мени орозо тут деп эч ким мажбурлаган жок. Өз эрким менен эле оозумду бекитип жатам. Азыр 16 жаштамын, бирок мен орозону алты жашымдан бери кармайм. Биздин балдар үйүндө быйыл жалпы 30дан ашык бала орозо тутуп жатат. Орозо туткандардын эң кичинеси 4-5 жашта.

Деген менен казак дарыгерлери өспүрүмдөрдүн орозо кармоосу алардын ден соолугуна зыян экенин айтып, балдардын оозун бекитүүгө мажбурлаган ата-энелерди жоопко тартууга үндөшүүдө. Медицина илимдеринин доктору, дарыгер-педиатр Болат Кабижан уулу ойлорун ортого салды:

- Өспүрүмдүн организми күн сайын өсүп жаткандыктан, ал күн сайын тамак ичип турушу керек. Эгер бала бир эле күн керектүү азыктарды жебей калса, ал анын чоңоюшуна терс таасир берет. Ошол себептүү адам организми толук калыптангандан кийин гана орозо тутканы оң. Демек 25 жаштан ары, болбосо кеминде 20 жаштан ары ооз бекитүү туура болот.

Башка өлкөлөр сыяктуу эле Борбор Азия өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда 18-июндан тарта Рамазан айы башталган. Бирок Кыргызстанда коңшу өлкөлөр сыяктуу жаңы эрежелер жана чектөөлөр жок.

Рамазан айында мусулмандар 30 күн бою алар таң аткандан күн батканга чейин наар тартпай, исламдын беш парзынын бири болгон орозо амалын аткарышат.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG