Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:31

Казакстан окуучуларга хижаб кийгизбейт


Иллюстрация
Иллюстрация

Орусиялык басылмалар Казакстанда мектепке хижаб кийүүгө тыюу салынганы, Кыргызстандагы саясий абал, Тажикстандын мигранттарды чет өлкөлөрдө жумуш менен камсыз кылуу аракеттери, Орусияга келген борборазиялык мигранттардын экстремисттик топторго азгырылуусу жөнүндө жазып чыгышты.

Регнум Нурсултан Назарбаев Мединага барып намазга жыгылганын, ал эми Казакстандын өзүндө мектептерде хижаб кийүүгө тыюу салынганын жазды. Казакстанда Мусулмандардын диний башкармалыгы окуучулардын мектепке жоолук салынып барышына тыюу салууну колдогону, бийлик өкүлдөрү жумушчулар иш маалында мечиттерге барууга алагды болбошу керектиги макалада баяндалат.

Ошондой эле өкмөт Меккеге барууну көздөгөндөргө тыкыр көзөмөл салары баяндалган. Ошол эле маалда президент Назарбаев Сауд Арабияга расмий сапар менен барып, Мединада намаз окуп, андан кийин араб ишкерлери менен жолугуп, Казакстанга инвестиция салуу боюнча сүйлөшкөнү белгиленет. Былтыркы жыл ичинде эки өлкө ортосунда товар алмашуу 1 миллиард рублди түзгөн.

"Кыргыз лидерлери шалаакы окуучудай"

Лента.ру орусиялык саясат таануучунун “Кыргызстан мамлекеттүүлүгүн жоготуп баратат” деген темадагы маегин жарыялады. Орусиянын Улуттук стратегия институтунун эксперти Юрий Солозобов Кыргызстанда өкмөттүн таркашы жана Баш мыйзамдын түп нускасынын табылбай жатышы жөнүндө ой бөлүшкөн. “Өлкөнүн саясий лидерлери класстык журналды жоготкон шалаакы окуучулардын деңгээлине түштү, Кыргызстандын мамлекеттүүлүгү коллапска учурашы мүмкүн” деген Солозобов өз сөзүндө. Кыргызстанды расмий түрдө “урап түшкөн мамлекеттердин” катарына киргизген. Солозобовдун пикиринде, Советтер Союзу таркагандан кийин Орусиянын курамына кирген республикалардын тагдыры Кыргызстанды да күтүп турат.

Тажикстан кесип билген жарандарын колдойт

Независимая газета өз алдынча бир кесипти өздөштүргөн Тажикстандын жарандарына кесиптик даярдык тууралуу мамлекеттен расмий документ бериле тургандыгы жөнүндө жазат. Макалада Тажикстандын парламентинин кичи палатасы жакында эле билим берүү боюнча жаңы мыйзам кабыл алганы айтылат. Ага ылайык жогорку окуу жайларда окубастан эле өз алдынча бир кесипти өздөштүрүп алган тажикстандыктарга мамлекет кесиптик даярдык тууралуу расмий документ бермекчи. Парламенттин кичи палатасынын жетекчиси Шукуржон Зухуров тажик мигранттарынын 70 пайызы эч кандай билими, расмий документи, кесиптик даярдыгы жок эле куруучу, чач тарач сыяктуу кесиптерди өздөштүрүп жатканын белгилеп өткөн. "Расмий Дүйшөмбү кесиптик даярдык тууралуу мамлекеттик документ тажик мигранттарынын чет өлкөлөрдө жумушка орношуусун жеңилдетет деген үмүттө" деп айтылат макалада.

Темир жолдон азгырган террорчулар

"Российская газета" Борбор Азия өлкөлөрүнөн Орусияга кетчү темир жолдордо адамдарды террористтик уюмдарга азгыргандар кармалганын маалымдайт.

“Ислам мамлекети” жана "Жебхат-ан-Нусра” террордук топторго үндөгөндөр поездде Орусияга иш издеп бараткан мигранттарды азгырып, Сирия жана Ирактагы согуштарга алып кетчү" деп жазылган макалада. Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын укук коргоочу органдары биргеликте иш жүргүзүп, бул азгыруу ыкмасы токтотулганы айтылат. Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында атайын кызматтар экстремисттик топтордун катарында согушуп жүрөт делген жарандардын бирдиктүү маалымат базасын түзүп, үч миңге чукул адамга эл аралык издөө жарыяланганы кошумчаланат.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG