Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:03

Москва Бишкекке берген акчасын эсептеди


Москва
Москва

Тажикстан мамлекеттик кызматкерлерге унаа сатып берүүнү токтотту, Орусия Кыргызстанга берген акчасынын эсеп-кысабын чыгара баштады, Өзбекстан Казакстанды туурап темир жолдорун жаап алды.

ТАСС маалымат агенттиги Орусия акыркы беш жылда Кыргызстандын бюджетине 185 миллион доллар кайтарымсыз жардам бергенин жазып чыкты. Андан тышкары Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында кыргыз ишкерлерине көмөк көрсөтүүчү Орус-кыргыз өнүгүү фонду түзүлүп, ага 500 миллион доллар бөлүнгөнү белгиленет. Мындай иликтөөнү жүргүзгөн Перспективдүү изилдөөлөр борборунун директору Сергей Масаулов Орусия 2012-жылы Кыргызстандын 489 миллион доллар карызын кечкенин дагы эскерте кеткен. Орусиядагы кыргызстандык мигранттар жөнөтүп жаткан акча дагы эсептелип, Орусия Кыргызстандын башкы таянычы катары сүрөттөлгөн. "Орусиядагы мигранттар былтыр Кыргызстанга 1,5 миллиард доллар каражат жөнөтүшкөн" деп айтылат Масауловдун макаласында.

Газета.ру басылмасы Ирандан Тажикстанга мунай ташыла баштаганын кабарлайт. Эки өлкө Дүйшөмбүгө бензин жеткирүүнү макулдашкан. Ирандын улуттук мунай ишканасынын өкүлү Мехди Тажикстанга эки жума мурун 3 миллион литрге чейин бензин жеткирилгенин айткан. Мындан кийинки партияларда Дүйшөмбүдө жеткирилчү кара майдын көлөмү дагы көбөймөкчү. Газета.ру кабарлагандай, Иран Ооганстанды дагы бензин менен камсыздап келатат.

Регнум агенттиги Тажикстандын өкмөтү мамлекеттик кызматкерлерди эмерексиз жана унаасыз калтырарын кабарлайт. Өлкөдө антикризистик программаны жарыялаган тажик бийлиги мамлекеттик мекемелерге эмерек, кызмат унааларын сатып алууга жана жаңы курулуш баштоого бөлүнгөн акчаларды кыскарткан. Былтыр мындай жол менен алар 270 миллион сомони үнөмдөшкөн. Ошондой эле Тажикстан Казакстанга 931 миллион рубль, Өзбекстанга 610 миллион рубль карызынан кутулган. Бирок улуттук валютасынын куну түшүп кеткендиктен, быйыл жыл башына карата Тажикстандын тышкы карызы 166 миллиард рублга жетти.

КоммерсантЪ басылмасы Өзбекстан Казакстанды туурап, өзүнүн темир жолу аркылуу жүк ташуучу чет элдик вагондордун катташына тыюу салганын баяндайт. Мурун Казакстан киргизген мындай чектөөгө арызданып, ишкерлер Евразия экономикалык биримдиктин комиссиясына арыз менен кайрылышканы макалада эскертилет. Ар бир өлкө КМШнын темир жол боюнча кеңешине кайрылып, өзүнүн темир жолунда атайын чектөөлөрдү киргизе алат. Бирок бул ирет Казакстан Евразия экономикалык биримдиктин эрежелерин бузуп жатканы белгиленип, Евразиялык экономикалык комиссиясы 15-февралга чейин “Казакстан темир жолы” ишканасын иликтөөгө керектүү документтерди тапшыруусун талап кылган. Евразиялык экономикалык биримдиктеги ушундай ич ара келишпестиктер боюнча атайын иликтөө жүргүзүлүп жатканы Коммерсанттын макаласында баяндалат.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG