Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Өзбек президентинин негизги атаандашы 60 жашта


Мухаммад Солих: эл режимдин кыйноосунда
Мухаммад Солих: эл режимдин кыйноосунда

20-декабрда белгилүү өзбек оппозиционери Мухаммад Салих 60 жашка толот. Ал 1991-жылкы президенттик шайлоодо И.Каримовго жалгыз атаандаш болгон.

Акыркы 16 жылдан бери М.Салих чет мамлекеттерде баш калкалап жашоого аргасыз болуп келатат.

Ислам Каримов менен чайлашуу

Ислам Каримов М.Салих менен башында иштешкенге куштар болгон, бирок кийин анын айыгышкан душманына айланды. 1991-жыл
Саясий ишмердүүлүгүн М.Салих 1980-жылдардын ортосунда баштаган. Кайра куруу жылдарында «Бирлик» кыймылын түзүп, ал эми 1989-жылы «Эрк» партиясын кураган.

1990-жылы Өзбекстандын парламентине депутат болгон, ал жетектеген партиянын демилгеси менен Өзбекстандын көз карандысыздыгы жөнүндө декларация ошол жылы 20-июнда кабыл алынган.

Ошол убакта бийликке жаңы келген Ислам Каримов Мухаммад Салихти өзүнө чакырап дагы, экөө чогуу иштешүүнү сүйлөшөт, бирок арадан көп өтпөй ортолорунан кара мышык чуркайт.

- Ислам Каримов кызматка отургандан кийин бир апта өтпөй мени чакырып «Чогуу иштейли, мен сизди сыйлайм, Кашкадарыяда биринчи катчы болуп турганда мен сизди сыртыңыздан байкап жүргөм», деген сыяктуу бир катар сөздөрдү айтып биз менен иштешүүгө куштарлыгын айткан. Мен дагы ага карата сый мамиледе болуп, бул демократ, либерал адам деп, бир үмүт пайда болгон эле. Бирок андай болбоду, жарым жыл, бир жылга жетпей ынтымак бузулду. Биз кийин анын душманына айландык, - деп эскерди «Азаттыкка» Мухаммад Салих.

Куугунга башкы себеп

Оппозициялык «Эрк» партиясынын лидери, акын, жазуучу Мухаммад Салих ага каршы кылмыш иши козголгондон кийин 1993-жылы
Өзбек оппозиционерлери М.Салихти колдоо акциясында. Ош шаары, 2006-жыл, 10-май.
Өзбекстанды таштап, чет мамлекетке чыгып кетишке аргасыз болгон. Укук коргоочулар кылмыш иши ойдон чыгарылган нерселердин эсебинен козголгонун айтып келишет.

Башкы себеп болсо – Мухаммад Салих 1991-жылы И.Каримовдун президенттик шайлоодогу жалгыз атаандашы болгон. Ырасмий маалыматтар боюнча ал 13 пайызга жакын добуш алган, байкоочулар болсо Салихтин шайлоодо жеңип чыканын айтышат.
1992-жылы М.Салих өзү катышкан шайлоодон кийинки курчуган репрессиялык көрүнүштөргө нааразылык билдирип, депутаттык мандатын таштаган.

Ал эми 1993-жылы «мамлекеттик чыккынчы» катары камакка алынып, дүйнөлүк коомчулуктун раециясынан кийин камактан боштулган. Алгач Бакуда, андан Түркияда, андан ары Батыш мамлекеттерине баш калкалоого аргасыз болуп келатат.

«Азаттык» радиосунун чакыруусу менен 2001-жылы ноябрда Прагага келгенде аны Өзбекстандын өтүнүчү менен Чех полициясы камакка алган, 10 күндөн кийин ошол кездеги Чех президенти, демократ Вацлав Гавелдин киришүүсү менен М.Салих бошотулуп, кайра Норвегияга жиберилген.

«Аны Каримов сатып алууга аракет кылган»

Куугунда Салихке окшоп баш калкалап жүргөн дагы бир акын Ёдгар Абид алгач Ислам Каримов Мухаммад Салихти да башкаларга окшоп сатып алууга аракет кылды, бирок ал оңунан чыккан жок, ал өзүн, өз позициясын, адамдык жүзүн сактап калды, дейт.

Айрым сурамжылоолор боюнча Өзбекстанда оппозиция бар, бирок ал чет мамлекеттерден туруп, И.Каримовго оппозиция болууга аргасыз. Ал эми И.Каримовдун өзү бир ирет чет элдик уюмдарды «Өзбекстанда жок нерсени түзүүгө аракет кылбай эле койсоңор. Эгер оппозицияны табам десеңер эл тарабынан жерилген саясатчылар арасынан эмес, жаштар арасынан издегиле», деген эле.

Кыязы, эл тарабынан «жерилген» саясатчылардын катарында М.Салих да болсо керек.

Өзбек бийлиги: «Салих - башкы террорчу»

Канетсе дагы, 2000-жылы ноябрда Өзбекстандын Жогорку соту Мухаммад Салихти анын жонунан эле бычып, 15 жыл 6 айга эркинен ажыратуу тууралу өкүм чыгарган. Оппозиция лидерине коюлган айыптар – «Өзбекстандын конституциялык түзүмүнө шек келтирген» жана «Өзбекстандын президентинин өмүрүнө коркунуч кылган».

Соттун тыянагы боюнча 1999-жылы Ташкенде болгон беш жардырууну дал ушул М.Салих уюштурган. Ал ирет 16 адам каза таап, 120дан ашуун тургун жаракат алган болчу.

Мындан тышкары, тергөөчүлөр 1999-2000-жылдарда Өзбекстандын ислам кыймылы уюму менен бирге М.Салих Өзбекстандын аймагына кол салууну уюштурган деген жыйынтыкка келишкен.

Бул айтылгандарды эл аралык коомчулук дагы, укук коргоочулар да, албетте, Мухаммад Салихтин өзү ойдон чыгарылган айыптар, деп эсептешет.

«Ал азаттыкты тандап алган»

Дегеле, анын өзгөчөлүгү эмнеде? Бул суроого өзбекстандык социолог Бохадыр Мусаев «анткени ал эркиндик үчүн күрөштү тандап алды. Мага Мухаммад Салихтин инсандыгындагы касиет - ал дайыма азаттыкка байланыштуу ишти башкы маселе кылып алганында», дейт.

«Авангард акын, мистик жазуучу»

Авангард акын, мистик жазуучу. Ташкен, 1985-жыл.
20-декабрда 60 жылдыгын белгилеп жаткан оппозиционер жана акын 1949-жылы 20-декабрда Хорезм облусунун Ургенч районунда туулган. Таланттуу акын катары ага атак 1977-жылы биринчи чыккан китебинен кийин келген. Анын калемине батыш авангарды (сюрреализм) менен суфизм (өзгөчө Жалаледдин Руминин мектеби), ага кошумча мистикалуу метафора таандык. Ал 20дан ашуун китептердин автору, алар бир нече тилдерге которулган. Салихтин өзү болсо Франс Кафканын жана француз акындарынын чыгармаларын өзбек тилине которгон.

«Ак жашадымбы, жокпу – аны акырет гана таразалайт»

60 жылдыгын белгилеп жаткан М.Салихке «буга чейинки өмүрүңүздү туура жашадым деп айталасызбы», деген суроо узатканда ал аны аркы дүйнөгө барганда гана Кудай таразалайт, деп акындарча жооп узатты:

«Туура жашап атам деп айта албайм. Эгер тигил дүйнөдө бейишке чыгаарымды билгенимде, « мен туура жашадым» деп айтат элем. Аны мен азыр билбейм, ал мен өлгөндө гана билинет. Баамымда - бул дүйнө үчүн жасаган иштеримен, акырет үчүн жасаган иштеримен улуулукту тапсам ошондо мен өзүмө ыраазы болор элем».

Куугунда өзбек элинин эркиндиги деп жүргөн башкы оппозиционердин философияга ширелген сөзү ушундай.

XS
SM
MD
LG