Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:16

Тажик президенти Эмомали Рахмон Үй-бүлө кодексине өзгөртүү киргизген мыйзамга кол койду. Жаңы өзгөртүүлөр тууган-уруктар ортосундагы нике менен ымыркайга тажик улутуна жат ысым ыйгарууга тыюу салат.

Тажикстанда жакын туугандардын баш кошуусуна тыюу салган мыйзамга президент Эмомали Рахмон кол койгонун анын маалымат кызматы 15-мартта кабарлады.

Жек-жааттар эми "жетелеше" албайт

Үй-бүлө кодексине мындай өзгөртүү киргизилишин буга чейин тажик парламентинин эки палатасы тең колдоп берген эле. Ага ылайык, эми үй-бүлө куруп, чогуу түтүн булатууну самаган жаштар никеге чейин милдеттүү түрдө медициналык текшерүүдөн өтүшү шарт. Жаңы мыйзамга жараша мындан ары эки бир туугандын балдары, бөлөлөр менен таяке-жээндер жана эмчектештер баш кошуусуна тыюу салынат.

Адистер мындай тыюуга өлкөдө соңку жылдары тубаса майып балдар көбөйүшү себеп болгонун белгилешүүдө.

Тажик коомчулугунда “тапкан-ташыганым бөлөк-бөтөндөн келген келинге калганча, өзүмдүн сиңдимдин, же инимдин кызына калсын, ошону эле келин кылып алайын”, же “кызымды башкаларга кор кылбай, өз туугандарыма эле узатайын” деген сыяктуу көз караштардан улам тууган-уруктан куда-сөөк күткөндөр да көп.

Өлкөдө жакын туугандар үйлөнүүсүнө тыюу салуу демилгесин бир канча жыл илгери мурдагы депутат Саодат Амиршаева козгоп чыккан. Бирок учурунда ага эч ким көңүл бурган эмес. Былтыр президент Рахмон Чахорборгдогу майып балдардын интернатына барган соң андагы балдардын көбү туугандар ортосундагы никеден төрөлгөнүн айтып чыккан. Ушундан соң бул маселеге олуттуу көңүл бурулуп, мамлекеттик телеканалдар тууган-уруктардын үйлөнүүсүнө каршы үгүт өнөктүгүн баштаган. Ошол эле кезде мындай никеге мыйзам аркылуу тыюу салууну караштыруу үчүн өкмөттүк атайын комиссия түзүлгөн.

Көп өтпөй Саламаттыкты сактоо министрлиги Үй-бүлө кодексине тууган-уруктардын баш кошуусуна тыюу салган өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун демилгелеп чыкты.

Министр Нусратулло Салимзадо быйыл жыл башында парламенттин төмөнкү палатасы аталган мыйзам долбоорун карап жатканда тубаса майып балдардын ар бир үчүнчүсү туугандар ортосундагы никеден төрөлөрүн айткан эле:

- 2016-жылдын 1-январына чейин өлкөдө 18 жашка чейинки майып балдардын саны 25 328ге жетти. Бул жалпы балдардын бир процентин түзөт. Медицина тармагындагы изилдөөлөр майып балдардын 30-35 пайызы, же ар бир үчүнчүсү жакын тууган-уруктардан куралган бүлөлөргө туура келет.

Улут саламаттыгынын уңгусу

Тажик коомунда жакын тууган-уруктардан куда-сөөк күтүп, кыз берип, кыз алышуу эзелтен болуп келген. Бирок соңку жылдары бул көрүнүш күчөп кеткен. Адистер мындай көрүнүш бардар бүлөлөрдүн ортосунда көп учурарын да аныкташкан. Ага “тапкан-ташыганым бөлөк-бөтөндөн келген келинге калганча, өзүмдүн сиңдимдин, же инимдин кызына калсын, ошону эле келин кылып алайын”, же “кызымды башкаларга кор кылбай, өз туугандарыма эле узатайын” деген сыяктуу көз караштар себеп болот экен. А мындай никеден көбүнчө тубаса кемтик балдар төрөлөт.

Тажик парламентинин депутаты Гүлбахар Ашурова туугандар ортосундагы никеге тыюу салуу негизинен улут саламаттыгы чың болушун көздөөрүн айтат:

- Бул тыюнун максаты – ден соолугу чың балдардын төрөлүшүн камсыздоо. Андыктан эми үй-бүлө курууга бел байлаган түгөйлөр эң алды менен медициналык текшерүүдөн өтүшү керек болот. Эгер алардын жакын тууганчылыгы медициналык жактан далилденсе анда баш кошо алышпайт.

Туугандар ортосундагы нике Тажикстандан тыш Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда да кездешет. Бирок башка өлкөлөрдө азырынча мындай никени мыйзам аркылуу тыюу демилгелери козголо элек.

Медицина илимдеринин доктору, академик Сабырбек Жумабеков буга чейин “Азаттыкка” кыргыздар жети ата өтүп үйлөнүү салтын ата жагынан гана сакташарын, бирок таяке-жээн, бөлөлөр жагынан кан бузуп, үйлөнүүлөр көп кездешерин жана бул улуттун генетикасына чоң таасир этерин айткан эле.

Арабча аттардан арылуу

Тажикстанда Үй-бүлө кодексине киргизилген дагы бир өзгөртүүгө ылайык, эми жаңы төрөлгөн ымыркайга тажик маданиятына жат ысым ыйгарууга да тыюу салынды. Мындан тыш балага кандайдыр бир буюм-тайымдардын, жан-жаныбар, же куштардын атын коюуга, ошондой эле адамдарды тапка бөлүп, башкалардын кадыр-баркын түшүрчү “төрө”, “хан”, “молдо”, “шайх” сыяктуу сөздөр уланган аттарды да коюуга болбойт.

Жыл башында тажик өкмөтүнө караштуу Тил жана терминология комитети тажик ысымдарынын бир өңчөй тизмесин жарыялаган. Беш миңдей көөнө жана азыркы тажик ысымдарын камтыган бул тизмени бир канча тилчи окумуштуулардан куралган топ түзгөн. Эми ымыркайга ушул тизмеден гана ысым ыйгарылууга тийиш. Бирок өлкөдөгү улутук азчылыктарга өз каада-салтына жараша ат коюуга уруксат.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG