Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:01

Тажикcтандын тил саясаты Мургабга жетти


Жерге-Тал
Жерге-Тал

Тажик бийлиги этникалык кыргыздар жашаган Мургаб районундагы кызматкерлерге мамлекеттик тилди үйрөтүүнү чечти. Бул үчүн атайын курстар ачылып, районго он сегиз мугалим барган.

Буга чейин Мургабда иш кагаздары орус тилинде жазылып келген.

Дүйшөмбүдөн кыйла алыс райондогу этникалык кыргыздардын көбү тажик тилинде начар сүйлөйт. Бул аларга өкмөттүк токтомдордун жана чечимдердин жетишине тоскоолдук жаратат.

Мургабдын 41 жаштагы тургуну Дүйшөбай Исабеков учурда тажик тили боюнча курска барып жатат. Ал Ош университетинин физика жана математика факультетинде окуган. Учурда ал райондогу билим берүү бөлүмүн жетектейт.

- Биз буга чейин иш кагаздарын жалаң орус тилинде жүргүзчүбүз. Азыр жумасына эки жолу курска барабыз. Буга чейин тил үйрөнүүгө шарт болгон эмес. Эми алты ай ичинде тажикче сүйлөп калабыз го деген үмүт бар.

Мургаб районунун жетекчисинин орун басары Хусния Раджабова мамлекеттик саясатты жайылтуу үчүн тил үйрөтүү зарыл деген пикирде.

- Мамлекеттик кызматкерлерге тил үйрөткөн бекер курстар ачылды. Сентябрь айынан бери окутуп жатабыз. Кийинчерээк келишимдик негизге өтөлү деген ниетибиз бар. Райондо этникалык кыргыздар басымдуу. Алар тажик тилин билүүгө кызыкдар, дейт Раджабова.

Мургабдагы кыргыз мектептеринде тажик тилин үйрөнүүгө жумасына эки саат гана бөлүнгөн. Дүйшөбай Исабеков аны көбөйтүү үчүн Дүйшөмбүгө кат жолдогонун "Азаттыктын" тажик кызматына айтып берген.

Жергиликтүү аткаминерлер бул кадамга балдардын келечеги үчүн барууга аргасыз. Учурда Мургабда кыргыз тилинде окуткан он эки, тажик тилинде окуткан эки мектеп бар. Кыргыз мектептеринде китеп тартыш, окуучулар жеткиликтүү билим албай кыйналганын буга чейин "Азаттык" бир нече жолу жазган.

Тажикстандын Жерге-Тал районунда туулуп-өскөн публицист Жолдош Турдубаевдин пикиринде, тилди мажбурлабай үйрөтүү керек:

- Бул маселени ар тараптуу караш керек. Биз деле башка улуттарга кыргыз тилин үйрөткөнгө аракет кылып жатабыз. Орусияга барган мигранттар тилден, тарыхтан экзамен тапшырып жатат. Тажик бийлигинин бул талабы туура. Бирок аны зордобой, тил үйрөнүүгө убакыт берүү керек. Тоолуу Бадахшанда тажиктер эмес, башка тилде сүйлөгөн эл жашайт. Ошол себептүү ал жактагы кыргыздар Жерге-Талдагы журтташтардай тажикчени билбейт.

Районду борбор калаа Дүйшөмбү менен миңдеген чакырым аралык бөлүп турат.

Турдубаевдин айтымында, 2006-жылы эки өлкөнүн Билим берүү министрлери эки тараптуу кызматташтык боюнча меморандумга кол коюшкан. Бирок андагы пункттардын көбү кагаз жүзүндө калган. "Ошол себептүү быйылкы Маданият жана тарых жылында Кыргызстан Тажикстандагы журтташтарын дагы бир эскерип койсо", - дейт Турдубаев:

- Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда түзүлгөн меморандумда абдан жакшы пункттар бар. Ошолордун айрым бирөөлөрү бүгүн аткарылып жатат. Тажикстандан 70тей студент кыргыз жогору окуу жайларына окууга келген. Бирок Тажикстандагы мектептерге китеп жетпей жатканы анык. Мугалим тажикче китепти балдарга которуп айтып берет. Балдар аны жазып алып үйдөн окуп келишет. Кыргыз бийлиги быйыл аларга китеп алып барып берсе болмок. Жергиликтүү эл үчүн көркөм адабиятты, кагаз түрүндө болбосо да дискке жаздырып алып барып берсе чоң белек болот эле. Мургаб менен Жерге-Талдагы кыргыз мугалимдерди бул жакка алып келип окутса, тажик бийлиги жок дебесе керек. Ошол эле маалда тажик бийлигине да бул жактагы журтташтарына кам көрүүгө шарт түзүлүшү керек.

Мургаб - деңиз деңгээлинен төрт миң метр бийиктикте жайгашкан, шарты катаал аймак. Райондо 15 миңдей калк жашайт, анын 90% кыргыздар.

Тажикстанда буга чейин тажик тилинин макамын көтөрүү максатында жер-суу аттары өзгөртүлгөн. Буга байланыштуу этникалык кыргыздар жашаган Жерге-Тал району азыр Лахш деп аталат.

PS: Макалага пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG