Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:40

Үйдө төрөгөндөр арасында өлүм көп


Тажикстандагы элеттик аялдар, 2011-жыл
Тажикстандагы элеттик аялдар, 2011-жыл

Тажикстанда элеттик аялдар үйдөн төрөгөн учурлар көп кездешет. Аялдар кыйналган турмуштун айынан акушерсиз үйдө төрөп калышат.

Соңку иликтөө Тажикстандын Хатлон дубанындагы Йовон ооданында өткөн жылы көз жарган аялдардын дээрлик тең жарымы үйдө төрөгөнүн көрсөттү. Алардын жарымы дарыгер, акушер-аначысы жок төрөшкөн.

2012-жылдын сентябрынан бери бир жыл изилдөө жүргүзгөн Стратегия борбору андан мурда Хатлондо өлкө боюнча эң көп санда аялдар үйдө төрөшөөрүн аныктаган. Тажикстандын түштүгүндөгү бул аймакта үч аялдын бири үйүндө көз жарат. Ал эми түндүктөгү Согды дубанында бул көрсөткүч 20 пайызды, Тоолуу-Бадахшанда 10 пайызды түзөт.

Тажикстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, кош бойлуу аялдардын 10 пайызга жакыны үйдө, көпчүлүгү кесипкөй аначысыз төрөйт.

Эненин өлүмү боюнча Тажикстан Борбор Азияда алдыңкы орунда турат. Өлкөдө 100 миң аялдын 47си төрөт мезгилинде көз жумса, алардын басымдуу бөлүгү үйдө төрөгөндөр болот.

Аялдарды үйдө көз жарууга көп учурда жакырчылык мажбурлайт. Хатлондогу алыскы Танобчи айлында жашаган беш баланын энеси Гүлмо Собирова арзан деп үч баласын үйдө төрөдү.

- Элдин көбү жакыр. Үйдө төрөгөн арзаныраак. Медайымга 10дон 60 долларга чейин бериш керек. Мындан тышкары, дары-дармек, ийне сайса, ага да акча алышат.

Собированын эсебинде, эгер ал төрөтканага барган болсо, 150 доллар чыгым болмок. 37 жаштагы мугалим келин үйдө төрөгөндөн залал келбеген менен, абдан коркконун жашырбайт.

Тажикстанда энелердин өлүмү Борбор Азияда эң жогорку деңгээлде болгон менен, соңку жылдары өкмөттүк атайын программанын арты менен энелердин төрөттөн өлүмү дээрлик үчтөн бирине кыскарды.

Тажикстанда жаңы төрөлгөн ымыкайлардын өлүмү боюнча расмий статистика жок. Хатлон боюнча изилдөө жүргүзгөн Стратегия борборунун жетекчиси Саидовдун айтымында, Хатлондун Йовон ооданында жергиликтүү бийликтер советтик доордогудай, боюнда бар аялдарды каттоого алып, аларды мезгилдүү текшерүүдөн өткөрө баштагандан бери, айрым жылыштар бар:

- Өткөн жылы төрөгөн аялдардын дээрлик 95 пайызы боюнда бар кезинде жергиликтүү медициналык борборлордо каттоодо турушкан. Дарыгерлер аларды айына бир-эки жолу үйүндө текшерип турушту. Мурда мындай көзөмөл жок эле. Буга чейин медициналык кызматкерлер да жетишчү эмес.

Собирова да акыркы кездери жергиликтүү бийликтер тарабынан кам көрүлүп жаткандыгын бышыктады:

- Айылдарда жаңы төрөлгөн балдар менен энелер көз жумган учурлар көп болгон. Азыр саламаттык өкүлдөрү тыкыр текшерип, дарыгерлер үйдөн төрөбөгүлө деп жатышат.

XS
SM
MD
LG