Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:58

Мигрант күйөөлөр талап кылган ДНК-тест


Дүйшөмбүдө ачылган ДНК-лаборатория.
Дүйшөмбүдө ачылган ДНК-лаборатория.

Орусиядан мекенине кайткан тажикстандык эркек мигранттардын көбү сыртта жүргөндө төрөлгөн балдардын чын атасы ким экенинен күмөн санагандыктан, өлкөдө ажырашуулардын саны өсүүдө.

Бул көйгөйдөн улам Тажикстанда баланын тек-жайын генетикалык жактан аныктаган ДНК-тест өткөрүү мүмкүнчүлүгү ачылды. Жыл башынан бери коңшу өлкөдө кырктан ашык тест өткөрүлгөн.

ДНК-анализ өткөргөн жабдуу ушул жылдын башында генетикалык экспертиза боюнча улуттук борбордо орнотулган. Негизинен бул жакка баласынын тек-жайынан шектенген эркектер кайрылат. Алардын көбү Орусияда иштеп жүргөн эмгек мигранттары.

Аталган борбордо лаборант болуп эмгектенген Зубайда Кавракованын айтымында, жыл башынан бери өткөрүлгөн анализдердин 90 процентинде шектенип кайрылган адам баланын атасы болуп табылды.

ДНК-анализ шектенген аталардын акыркы үмүтү

ДНК-анализ шектенген аталардын акыркы үмүтү

Акыркы жылдары ДНКнын жардамы менен аталыгын тастыктагандар көбөйүүдө. Айрым адистер алар алименттен качып бул кадамга барарын айтса, кээ бири буга ар кандай турмуштук жагдайлар түртөөрүн айтышат.

- Анализ тапшырууга аялдардын көбү эч нерседен шектенбей, ишеним менен келет. Анткени алар ымыркайдын атасы өз күйөөсү экенинен кылдай да күмөн санабайт. 20 аялдан бирөө гана ишенимсиз чыгат, - дейт Кавракова.

Укук адистердин айтуусунда, буга чейин айрым тажик үй-бүлөлөрүндө шектенүүлөрдүн айынан уруш-талаш чыгып, арты ажырашуу жана алимент кесүү менен аяктачу.

Социологдордун маалыматына караганда, кээ бир учурларда ажырашуу менен гана аяктабастан, түгөйлөрдүн бири өз жанын кыйып же ошого жеткирген учурлар да кездешет.

Робия Нейматова кыйладан бери балдарын жалгыз өстүрүп келет. Күйөөсү бир нече жылдан бери Орусияда акча таап жүрөт. Мындан улам үйдө эркектин да, аялдын да түйшүгүн жалгыз көтөргөн Робия күйөөсү андан шек санабайт деген ойдо:

- Албетте, өзүм андай жолго барбайм, башкалар да күйөөлөрү алыста жүргөндө ала жипти аттабайт деп ишенимдүү айта алам. Анткени, аялдар чыдамдуу, көтөрүмдүү келет, – дейт мектепте иштеген Робия.

Ал ата-эне ортосундагы мындай ишенбөөчүлүк балдардын психологиялык абалына да залакасын тийгизет деген ойдо.

Робия Нейматова
Робия Нейматова

Мигрант эркектер мекенинде жалгыз бой калган жубайлары тууралуу ар кандай имиштерди көп угушарын жүйө келтиришет. Эксперттер эмгек миграциясы тажикстандыктардын жашоосун кыйла жакшыртканын белгилешет. Орусия Борбордук банкынын соңку маалыматтарына ылайык, 2016-жылдын биринчи жарымында тажик мигранттары мекенине 598 миллион доллар которгон.

Пакистан: молдолор ДНКны далил тартууга макул

Пакистан: молдолор ДНКны далил тартууга макул

Пакистанда исламдык негизги орган зордуктоодо башкы далил катары ДНКны колдонууга макул болгондугу кабарланууда. Ага чейин Пакистандын Исламдык идеология кеңеши буга каршы болгон эле.

Бирок бул оӊ көрүнүш менен, анын терс жактары да болуп жатат. Маселен, телефон аркылуу үч жолу "талак" деген сөздү жиберип, ажырашкандар көбөйдү. Эми минтип ар кандай ушак-айыңдардын айынан түгөйлөр ортосунда ишенбөөчүлүк күчөп, арты кылмышка чейин барууда. ДНК-анализге жол ачылганы эркектер өз ымыркайынын тек-жайын ызы-чуусуз эле текшере алышат. Албетте, анализ кымбат, 3500 сомони же 450 долларга барабар. Бирок үй-бүлөнүн келечеги үчүн анча акчага көз жумса да болорун байкоочулар белгилешет.

Расмий маалыматтарга ылайык, ушул тапта Орусияда 879 миң чамалуу тажик мигранты эмгектенет.

PS: Макалага пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG