Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:04

Аркадаг аэропорту менен мактанат


Ашхабаддагы аэропорт
Ашхабаддагы аэропорт

Түркмөнстан 2,2 млрд долларлык аэропорт курду. Түркмөн президенти ал келечекте Азия менен Европаны бириктирет деп мактанууда. Бирок жабык өлкөгө кайсы конок келет дешип, мындай ири долбоорлор өз баасын актай турганына ишенбегендер бар.

Түркмөнстанда жаңы ачылган, эл аралык гана каттамдарды тейлейт делген аэропорттун кооздугун бир сөз менен сүрөттөө кыйын.

Канат күүлөп турган ак шумкардын элесин берген эбегейсиз имараттын ичи жаркырайт. Аба майданы ак, жашыл түстөрдөн айкалыштырып жасалгаланган. Жергиликтүү түркмөн журналисттери терминалга акыркы үлгүдөгү жабдыктар коюлганын айтышууда.

Аэропорттун курулушуна 2,2 млрд доллар сарпталган. Жылына 17 миллион адамды тейлөөгө эсептелген. Аны көңүлдүү кыдырып жүргөн президент Гурбангулы Бердымухамедов Түркмөнстан Азия менен Европа ортосунда транспорттук хаб боло алат деген дымактуу оюн айтты.

“Азаттыктын” түркмөн кызматынын журналисти Мердан Сариев бул сөздөргө ишенбейт. Анткени ачылыш аземи болгону менен, аэропорт иштеп баштай элек. Качан эшигин ачары да белгисиз. Миллиарддарды жуткан аба майдан кантип чыгымын актайт деген суроо туулат.

- Түркмөнстан эң жабык өлкөлөрдүн бири экенин баарыбыз билебиз. Ачылыш аземинде президент баш болгон түркмөн аткаминерлери аны мактап, керек болсо Азия менен Европанын ортосуна көпүрө болот деп атышат. Бирок, Түркмөнстанга виза алуу өтө кыйын. Жылына Түркмөнстанга 100 миңге жетпеген турист келери тууралуу маалымат бар. Мугалимдер, дарыгерлер сыяктуу бюджет кызматкерлери эки-үч айлап айлык алалбай жүргөндө мындай аэропорт куруу жөн гана гигантомания, - дейт Мердан.

Түркмөн президенти Гурбангулы Бердимухаммедов
Түркмөн президенти Гурбангулы Бердимухаммедов

Буга чейин да Түркмөнстанда президент кайсы бир айылды ачкан эле. Телевидениеден ал жердин жолдоруна асфальт төшөлүп, үйлөрү жаркырап, базарында эли бака-шака жүргөнү көрсөтүлгөн. Аз күн өтпөй айыл таптакыр бош калганы белгилүү болгон.

Мердан Сариев өзүн-өзү актабаган ири долбоорлор боюнча бир нече мисал келдирди:

- Мисалы, Ооганстан аркылуу өтө турган темир жол, трансооган, транскаспий газ түтүктөрү. Булар аймак үчүн өтө пайдалуу деп көкүрөк кагып жатышат. Иш жүзүндө анын баары иштебей жатканын көрөбүз. Газ түтүгүн Ооганстанга чейин куруп жатышат, ал жакта эмне кылышат? Анткени картадан карасак, түтүк Ооганстандагы өтө коркунучтуу провинция аркылуу өтөт экен. Ооган аткаминерлери да бул долбоордон чочулап жатышат.

Буга карабастан Түркмөнстан ири чыгымдуу долбоорлорду курууну улантууда. Айрым маалыматтарга караганда, ушу тапта жалпы суммасы 50 млрд доллардан ашкан түрдүү объектилери салынууда.

Түркмөнстан газ, мунай сыяктуу энергоресурстарын экспорттоо менен бюджетин толтуруп келет. Өлкөдө орточо айлык 300 доллардын тегерегинде деп эсептелген. Расмий статистикага ылайык, өлкөнүн ички дүң жыйымы 2013-жылы 40 млрд доллар болгон.

Түрмөнстандагы эң кымбат "ителги"
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:00 0:00

XS
SM
MD
LG