Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:24

Түркмөндөр президентке алтын айкел тургузду


Айкелди ачуу салтанаты. 25-май, 2015
Айкелди ачуу салтанаты. 25-май, 2015

Ашхабадда президент Гурбангулы Бердымухаммедовдун алтын жалатылган айкели ачылды. Маркум Сапармурад Ниязовдон айырмаланып, буга чейин азыркы мамлекет башчы өзүн даңазалоодон оолак болуп келген.

Шаар күнүнө карата тургузулган 21 метрлик айкелде Бердымухаммедов ахалтекин асыл тукум күлүк минип, оң колун көтөрүп турат. Монумент расмий Аркадаг – Түркүк деп аталат.

Парламент айкел орнотуу чечимин “катардагы жарандардын көптөгөн өтүнүчтөрү” менен түшүндүргөн.

Монументти ачып жатып, парламент спикери Акжи Нурбердыева: “Биздин каарман Аркадаг – көрөгөч, кыраакы саясатчы, экономика, билим берүү, медицина, маданият, искусство жана башка чөйрөлөрдү ар тараптан жакшы аңдаган чоң илимпоз”, - деди.

Ачылышында студенттер “Аркадагга даңк” деп ураан чакырып, асманга түстүү шарлар менен көгүчкөндөрдү учурушту. Бирок президент бул салтанатка катышкан жок.

Түркмөн диктатору Ниязовдун алтын жалатылган эстелиги, Ашхабад, 12-декабрь, 2011.
Түркмөн диктатору Ниязовдун алтын жалатылган эстелиги, Ашхабад, 12-декабрь, 2011.

Түркмөнбашы атка конгон мурдагы президент Сапармурад Ниязовдон айырмаланып, Бердымухаммедов айкелдерин өлкөнүн булуң-бурчуна тургузуу ыкмасынан карманып келген.

Ашхабаддык саясат талдоочу Нурберди Нурмамедовдун пикиринде, Бердымухаммедов президенттикке ат салышып жатканда эле Ниязовдун саясатын улантарын айтканы менен, реформалар жүргүзүлүп, өлкө авторитардык жолдон таят деген үмүт пайда болгон:

- Ниязовдун аша чапкан, акылга сыйбас бир адамга сыйынууну үстөмдүк кылган башкаруу ыкмасын кайталоо мүмкүн эмес деген ой үстөмдүк кылып келген. Андыктан Бердымухаммедов Түркмөнбашынын жолун кайталабайт деген катуу ишеним бар болчу. Ал болсо, айткандары аткарды, эми Ниязовдун портрети пайда болду.

Аналитик мындай абалга башка идеологиянын жоктугу алып келген болушу мүмкүн деп боолголойт.

Гурбангулы Бердымухамедов ахалтекин аттарынын даңктоочусу катары да белгилүү.
Гурбангулы Бердымухамедов ахалтекин аттарынын даңктоочусу катары да белгилүү.

- Балким, муну жаңы президентте, анын айланасындагыларда Түркмөнстанды өнүктүрүү боюнча башка так идеологиянын же көз караштын жоктугу менен түшүндүрсө болот. Демократиялык жолго түшсөк, элди башкаруу кыйын болуп калат деген чочулоо бар болушу ыктымал. Экинчи жагынан саясий элита, анын ичинде президент, стабилдүү саясий кырдаал орнотуу үчүн элди ээрчитип кете албасына көзү жетпейт.

57 жаштагы президент медицина илимдеринин доктору, билими боюнча тиш догдур. 1997-жылы саламаттыкты сактоо министри болуп дайындалган.

2006-жылы Ниязов дүйнөдөн кайткандан кийин президенттин кызматын аткаруучу болуп, кийинки февралда мамлекет башчыны шайлоодо жеңген.

Бердымухаммедовдун сынчылары аны авторитардык ыкма менен башкарып жатканын айтышууда.

Түркмөнстан жаратылыш газынын кору боюнча дүйнөдө төртүнчү орунда турат. Бул жагынан алганда өлкө Орусиядан башка энергиянын булактарын издеп жаткан Европа үчүн кызыктуу.

XS
SM
MD
LG