Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:56

АКШнын Борбор Азия боюнча саясаты талкууланды


Борбор Азиянын картасы
Борбор Азиянын картасы

Борбор Азия өлкөлөрүнүн Орусия менен алакасы, өзгөргөн кырдаалдагы Кошмо Штаттарынын саясаты жана бул аймактын мааниси Вашингтондо талкууланды.

Стратегиялык изилдөөлөр борборунда өткөн жыйында мамкатчынын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча жардамчысы аймактагы соода ар тараптуу болушу керек деген оюн билдирди.

Украинадагы окуялар Борбор Азияда Орусия менен алакага байланышкан тынчсызданууларды ого бетер тереңдеткени маалым. Ал арада Кыргызстан Орусия үстөмдүк кылган Евразиялык экономикалык шериктештикке кошулду.

АКШнын тышкы иштерин тейлеген мамкатчынын Борбор Азия боюнча жардамчысы аймакта Орусия менен алаканы тең салмактуу сактоого болгон умтулуу күчтүү экенин белгиледи. Борбор Азиянын Кытай менен да өз алдынча мамилеси барын белгилеген Ниша Бисвал Иран кайрадан баш көтөрүп келаткандыгын эскертти.

Иран өзөктүк программасы боюнча дүйнөлүк ири өлкөлөр менен мунасага жетишсе, бул өлкөгө каршы киргизилген экономикалык санкциялар жеңилдеп, анын таасиринин кайра өсө баштары күтүлүп жатканы маалым.

- Ар бир аймак, ар бир өлкө өз чөйрөсүндө жемиштүү роль ойной алат. Орусия менен Казакстан колдогон Евразиялык экономикалык биримдикпи же Кытай карманган Бир жол стратегиясы болобу, май кармаган бармагын жалайт демекчи, борбор азиялыктар да коңшуларынын баймана турмушунун пайдасын көрүшү керек. Баары бул аймак Европа менен Азияны бириктирип тургандыгына басым жасашат.

Ниша Бисвал ошол эле убакта бул аймак менен сооданы бир же эки өлкө эле көзөмөлдөп калганы туура болбой тургандыгын белгиледи:

- Соода бардыгын камтып, көп тараптуу жана эрежелерге негизделген болушу керек.

Мамкатчынын жардамчысы ошондой эле Евразиялык экономикалык биримдик Борбор Азия өлкөлөрүнө жүк ташуу убактысын жана чыгымдарды кыскартууга мүмкүндүк берерин, бирок бул үчүн соода чектелбеши керек деп эсептейт. Өз сөзүндө ал соода либералдаштырылып, мүчө мамлекеттердин эл аралык милдеттенмелерине шек келбеши керектигин да кошумчалады.

Вашингтондогу Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунда өткөн жыйындын катышуучулары арасында аталган борбордун Орусия жана Евразия программасынын директору Эндрю Кучинс жана улук изилдөөчү Марта Олкотт да болду.

XS
SM
MD
LG