Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:57

Умед Саидов былтыр АКШга окууга тапшырды. Америкадагы университеттерде окуу өтө кымбат болгондуктан, студенттердин чыгашасын тажик өкмөтү көтөрбөйт. Ошол эле учурда Казакстандан өкмөттүк программанын жардамы менен келгендердин саны жыл санап өсүүдө.

Былтыр жазында 23 жаштагы тажикстандык Умед Саидов Кошмо Штаттарына бир башкы максат менен келген – англис тилин үйрөнүш керек эле.

Бул жөндөмү өз мекенинде жакшы жумуш таап, үй-бүлөсүнө көмөк болгонго жардам болот.

“Эң башкысы мен англисче так сүйлөгөндү үйрөнүшүм керек, - дейт ал. – Эгер бул тилди жакшы билсем, Тажикстанда дурус ишке орношо алам. Бул – чоң плюс”.

Өзүнүн ысмы да “үмүттү” түшүндүргөн Умедден азыр чындап эле үй-бүлөсү көптү күтөт. Баласына Америкага виза алып берели, Сиэттлде жашаганга акча жетсин деп, ата-энеси автоунаасын сатышты.

АКШда индиялык, кытайлык студенттер топ-тобу менен жүрүшөт. Ал эми Умед, Борбор Азиядан барган башка студенттердей эле, өзүн обочодо калгандай сезген учурлары көп эле болот экен. Анткени алар аз. Бирок 2005-жылдан бери абал бир топ эле өзгөрүптүр, региондон келген студенттердин саны эки эсеге жогорулап, азыр 3200 жетиптир.

Мисалы, 2009-жылдын өзүндө эле Тажикстандан 342 студент Америкага окууга кеткен. Алардын көпчүлүгү окуусуна эле эмес, күнүмдүк чыгашаларына, жатакана, тамак-ашына да өз чөнтөгүнөн төлөйт. Америкада чет өлкөлүк студенттерге көпчүлүк жерлерде иштегенге тыйуу салынган. Ошондуктан тажиктер мыйзамсыз мигрант катары жүргөнү да кездешет. Акыркы үч жылда 60 тажик студенти мыйзамсыз иштегени үчүн кайра мекенине депортацияланды.

Бурхон Мирзоалиев – Тажикстандын Вашингтондогу элчилигинин консулу: “Студенттер бул жакка өз алдынча келишет да көпчүлүк учурда жумушка орношуп алышат. Анткени жашоо өтө эле кымбат. Бирок студенттерге өздөрүнүн окуу жайларында гана 20 сааттан ашпаган убакытка иштегенге уруксат берилген. Ошондуктан алар уруксаты жок ишке кирип алышат да, проблема башталат”.

Умед деле азыр бир иш таап, кичине болсо да тыйын-тыпыр кылып алып, анан Душанбеге кайтам деп турат. Анткени ата-энесинен 5000 доллардай акча алып келген. “Куру кол барсам болбойт”, - дейт.

Тажик өкмөтү Умедге окшогон жарандарына четте окуганга акчасын төлөп бере албайт. Бирок Борбор Азиядагы Казакстанда мамлекеттик “Болашак” окуу программасы мына ушул максатта иштеп келатат.

Мунайга бай Казакстан дал ушул “Болашак” программасынын алкагында жылына 1000 студентти чет мамлекеттердеги мыкты университеттерге жиберет. Былтыр болсо буга чейин көрсөткүчтөрүн артта калтырып, расмий Астана Американын өзүнө эле 1714 студентти окууга жөнөттү.

Вашингтондогу казак элчилигинин өкүлү Жанболат Усеновдун айтымында, “Болашак” ал студенттердин окуусу бүткөнчө бүт чыгашасын көтөрөт. Студенттер болсо билим алып, кайра мекенине кайтышы керек да, жок эле дегенде, беш жыл өз мамлекетине иштеп бериши шарт.

“Аларды Казакстандагы көп компаниялар өздөрүнө ишке алганга аябай кызыкдар. Анткени алар мыкты даярдыктан өтүшкөн, билими жакшы. Бул студенттер каерге барышпасын, алдыңкы катарда болушат. Бизнестеби, өкмөттөбү – аны өздөрү тандашат”, - дейт казак элчилигинин өкүлү.

АКШда окууга өтүп жаткан борбор азиялыктардын арасында Өзбекстандын жарандарынын саны да өсүп баратканы айтылууда. Былтыр жалпысынан 688 өзбек жараны Америкага окуйм деп келди.

"Азаттыктын" архивинен: Адамдын күчү - билимде

Жаштардын “Азаттык+” сыналгы көрсөтүүсүнүн кезектеги чыгарылышы мектептердеги билим берүүнүн деңгээлине жана реформаларга арналды.

  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG