Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:10

"Армияга барайын десем акчам жок"


Айрым маалыматтарга караганда, Өзбекстанда шаардыктар армиядан кутулуу үчүн пара беришсе, айрым айыл тургундары армияга жазылып калыш үчүн эле миң доллар төлөөгө мажбур болуп жатышат.

Өзбекстанда ушул айда улуттук армияга чакыруу жарыяланды. Бул өлкөнүн куралдуу күчтөрү Борбор Азиядагы эң көп сандуу армия деп саналат.

Коңшу өлкөлөрдөй эле Өзбекстанда армиядан качкандар акча берип кутулушат. Бирок армияга барыш үчүн пара берүүгө мажбур болгондор бар экендиги айгине болууда.

Самарканд облусунун Пай-Арык ооданынын тургуну Шодиер "Азаттыктын" өзбек кызматына бир жылдык аскер кызматына катталайын деп, бирок акчасы жок баралбай калышы мүмкүн экендигин билдирди:

- Бир жылдык кызмат үчүн бир миң доллар төлөш керек экен, менде болсо андай акча жок. Ден соолугуң жакшы болсо, 800 доллар төлөшүң керек экен, төлөбөсөң аскерге албайт. Райондук коргонуу бөлүмүнө барсаң, болгону бир айга аскер кызматына жиберишет, ал эми акчасын төлөсөң бир жылга кетесиң.

Аскерге чакырылган 18 жаштагы балдар. Өзбекстан
Аскерге чакырылган 18 жаштагы балдар. Өзбекстан

Акыркы жылдары жумушсуздуктун айынан армияга барууну каалагандардын саны көбөйүүдө. Анын үстүнө армияда кызмат өтөгөндөргө иш табуу оңой жана университетке тапшырууда жеңилдиктер каралган.

Ошол эле мезгилде шаардыктардын арасында бир айлык кызматтан качкандар да жок эмес. Бир айлык кызмат өтөгөндөн кийин эки миллион сом төлөгөндөр бир жылдык кызматтан бошотулат. Бирок айрымдар ошол бир айлык кызматка да барбоонун айла-амалын издешет. Себеби армияда тамак-ашы, жашоо шарты начар, убакыт жөн эле текке кетет деп эсептешет.

Өзбекстандын Коргоо министрлигинде уландарды армияга алууда паракорлук жок деп ырастап келет. Министрликтин аты аталбаган кызматкери "Азаттыктын" өзбек кызматына 18ден 27 жашка чейинкилер катталган жериндеги коргонуу бөлүмүндө медициналык кароодон өтсө, армияга алынат.

Министрликтин маалыматы боюнча, бүгүн Өзбекстандын куралдуу күчтөрүндө 50 миңдей аскер, офицер кызмат өтүп жатат.

Президенттин 5-январдагы жарлыгына ылайык, аскер жашындагы жарандар армияга феврал-март айында алынып, ал эми бир жылдык кызматын өтөп бүткөндөр март-апрелде үйлөрүнө кайтышат.

XS
SM
MD
LG