Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:45

Орус шайлоосуна кийлигишкен "Салимбай байбачча"


Салим Абдувалиев
Салим Абдувалиев

Борбор Азияда таасирдүү крим төбөл катары аты аталып жүргөн Салим Абдувалиев Өзбекстандын Күрөш ассоциациясынын атынан 18-сентябрда өтө турган Орусиянын парламенттик шайлоолоруна кийлигишүүдө.

Өзбекстандын Күрөш ассоциациясы орусиялык эки спортчуну күздө өтчү шайлоодо колдоп берүүнү суранып, Түндүк Осетиянын башчысы Вячеслав Битаровго эки жолу кат жолдогон. Аталган ассоциацияны Салим Абдувалиев жетектейт. Түндүк Осетия бийлигине жолдогон катка Салим Абдувалиев өзү кол койгон.

Салим Абдувалиев Түндүк Осетияга жиберген кат
Салим Абдувалиев Түндүк Осетияга жиберген кат

Ал катта орус парламентине депутаттыкка аттанган эки спортчунун орус жана өзбек спортуна кошкон салымы жогору деп бааланган. Кат соңунда Түндүк Осетия башчысынан алардын талапкерлигин колдоп берүүнү ачык эле сураган.

Биринчи кат Осетияга 2016-жылдын 19-майында жолдонгон. Эркин күрөш боюнча дүйнөнүн алты жолку чемпиону, Дүйнөлүк олимпиаданын эки жолку жеңүүчүсү 54 жаштагы орусиялык Арсен Фадзаевди колдоп берүү суранычы жазылган.

Ушундай эле кат 2016-жылдын 26-июлунда дагы бир спортчу Артур Таймазовду колдоо суранычы менен жиберилген. Осетиялык Артур Таймазов Дүйнөлүк олимпиада оюндарынын эркин күрөш боюнча үч жолку чемпиону, Орусиянын жараны.

Бул эки спортчу тең Түндүк Осетиядан Орусиянын Мамлекеттик думасына бийликтеги “Единая Россия” партиясынын тизмеси аркылуу талапкерлигин коюшкан.

Түндүк Осетия бийлиги Салим Абдувалиевдин суранычына кандай жооп бергени али белгисиз.

Салим Абдувалиев башкарып жаткан Күрөш ассоциациясы да каттын жөнүн айтып берүүдөн баш тартты. Мекеменин телефонун көтөргөн аялдын жообу төмөнкүдөй болду.

- Биз бул суроону жоопсуз калтырабыз. Бул боюнча эч кандай комментарий бербейбиз. Биз сиздерге жооп бербей койгонго укугубуз бар.

Буга чейин Wikileaks сайты Салим Абдувалиевдин орус президенти Владимир Путин менен жакшы байланышы бар деген маалымат тараткан. Тергөөнүн документтерине таянып, алгач жумуштан айдалып, кийинчерек өлтүрүлгөн ФСБнын полковниги Александр Литвиненконун өлүмүндө орус президенти Путиндин жана өзбек криминалынын изи бар экенин да жазган.

АКШнын Википедия сайтында Салим Абдувалиев жөн гана мамлекеттик кызматкер, жеке ишкер эле эмес, бийликке түздөн-түз таасир этүү аркылуу Өзбекстанда майлуу-сүттүү кызмат орундарын сатууга адистешкен криминалдык аталык катары да сыпатталып жүрөт.

66 жаштагы Абдувалиев Салим Кыргызбаевич Өзбекстанда “Салимбай байбачча” деген ат менен да белгилүү. Кыргызстандагы соңку парламенттик шайлоодо анын “Кыргызстан” партиясы менен байланышы болгону айтылып, бирок аталган партия лидерлери аны четке каккан.

Орус парламентинин депутаттарын шайлоо 2016-жылдын 18-сентябрына белгиленген.

XS
SM
MD
LG