Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:24

Өзбек генералы камакка алынды


Хает Шарифкожоевдин колго тартылган сүрөтү
Хает Шарифкожоевдин колго тартылган сүрөтү

Өзбекстандын улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы орун басары Хает Шарифкожоев камакка алынды. Ал эми анын иниси, атайын кызматтын полковниги Жавдат Шарифкожоевдин абактагы жаза мөөнөтү узартылган.

“Азаттыктын” өзбек кызматына билдирген эки башка булактын маалыматтарына караганда, 52 жаштагы генерал Хает Шарифкожоев бир жума мурда камакка алынган. Кармоо учурунда ал каршылык көрсөткөн эмес.

- Ачылган кылмыш ишинин алкагында Хает Шафкатовичтин үйүндө бир канча ирет тинтүү жүргүзүлүп, генерал өзү коррупциялык иштерге жана мамлекеттик акчаны кымырып алууга шектелип камакка алынды. Ал УКМКнын Гвардия көчөсүндөгү өтө оор кылмышкерлер кармалган тергөө абагындагы жалгыз камерада отурат, - деди “Азаттыктын” өзбек кызматына атын атагысы келбеген адам.

Буга чейин атайын кызматтын генералы Шарифкожоевдин үйүнөн тарыхый кол жазмалар жана көркөм чыгармалар табылганы айтылган. Ал кызматынан ушул жылдын апрель айында алынган жана Улуттук коопсуздук кызматынын Жогорку мектебине катардагы мугалим катары жиберилген. Бул аралыкта ал тергөөнүн көзөмөлүндө болчу.

Хает Шарифкожоевдин өзүм билемдигинен жабыр тарттым деген башка бир атын атагысы келбеген адамдын айтымында, Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы орун басары тергөө абагына Өзбекстан премьер-министри Шавкат Мирзияевдин демилгеси менен камалган.

- Өз учурунда Шарифкожоев ​ИИМдин эки кызматкерин жана бир прокурорду түрмөгө камап, күнөөнү мойнуна алган көрсөтмөлөрдү алуу үчүн аларды айоосуз кыйнаган. Ал жабыр тарткан адамдардын жакындарын Мирзияев өзү жеке кабыл алып, Шарифкожоев камакка алуу маселесин көтөргөн.

Мындан тышкары Кашка-Дарыя облусундагы Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы, былтыр соттолгон Иброхим Дехконбоев жана кылмыш дүйнөсүндө Хусан Московский деген ат менен белгилүү, учурда камакта жаткан өзбек ишкери Хусан Зиямухаммедов да Хает Шарифхожоевге каршы көрсөтмө беришкен.

Башка бир маалыматтарда Хает Шарифкожоевдин иниси, Улуттук коопсуздук кызматынын уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын жетекчиси Жавдат Шарифкожоевдин абактагы жаза мөөнөтү дагы төрт жылга узартылган.

Ал да өткөн жылы Өзбекстан аскер сотунун жабык отурумунда коррупцияга, мыйзамсыз ишкерликке жана мамлекеттик мүлктү кымырып алууга айыпталып, 4 жылга соттолгон болчу.

“Азаттыктын” өзбек кызматынын жазышынча, Хает жана Жавдат Шарифкожоевдер 2013-жылы капилеттен эле атасынын “каарына” калган өзбек президентинин улуу кызы Гүлнара Каримованын мүлкүн камакка алууга катышкан. Анда Гүлнара Каримовага таандык бизнестер жабылып, аны менен иштешкен адамдар камакка алынган жана айрымдары өлкөдөн чыгып кеткен.

Кийинчерек Гүлнара Каримова Твиттердеги баракчасына “рейдерлик менен алектенүүдө, бизнести тартып алып, коррупция жана мамлекеттик мүлктү уурдоодо” деп бир катар жогорку кызмат адамдарын айыптаган. Алардын арасында Шарифкожоевдер да болгон. Айрым маалыматтарда акыркы эле мезгилде Улуттук коопсуздук кызматынын кырктай кызматкери камакка алынган.

Июль айында өзбек бийликтеринин чечими менен Өзбекстанда “кара тизмеге кирген” жогорку кызмат адамдарынын, анын ичинде Шарифкожоевдердин да Ташкент облусундагы кымбат имарат-мүлктөрү сүрдүрүлүп салынган.

Бул иштер Өзбекстан Улуттук коопсуздук кызматындагы ички күрөштөн кабар берери айтылууда. Башкача айтканда, Шарифкожоевдердин окуясы атайын кызматтагы башка бир адамдардын, генерал Шухрат Гуломов жетектеген топтун жеңиши катары сыпатталууда. Өзбекстандагы мурдагы депутаты, учурда чет жерде жашап жаткан журналист Жахонгир Мухаммад буларга токтолду:

- Мен 1991-жылы трибунадан кайра-кайра "бүгүн Инамжан Турсуновдун жана менин башыма түшкөн нерсе ушул жерде каршы добуш берип отурган силердин да башыңарга түшөт. Мындай режим эч кимди кечирбейт, бул режими өз баласын да кечирбейт" деп айткан элем. Азыр ошонун натыйжасын көрүп жатабыз. Мына, 25 жыл аралыгында бул режим кимдерди гана жок кылып таштады. Бул ага-ини Шарифкожоевдер убагында Каримовго абдан чоң кызмат кылган. Бирок ушундай болуп жатат.

Шарифкожоевди буга чейин премьер-министр Шавкат Мирзияев калкалап келген, ал эми Шухрат Гуломов Гүлнара Каримованын тарапкери деп айтылып келет.

XS
SM
MD
LG