Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:30

Өзбекстан: Тез жардамга бензинди эл куят


"Тез жардам" унаалары
"Тез жардам" унаалары

Өзбекстандын айрым облустарында Тез жардам чакырган дарекке дарыгерлер жөө барышууда. Сыр-Дарыя облусунда Тез жардам кызматы бензин акысын төлөбөгөн жарандарга баруудан ачык баш тарткан. Бирок жергиликтүү аткаминерлер мындай болушу мүмкүн эмес дешет.

Өзбекстандын Сыр-Дарыя облусундагы Сыр-Дарыя жана Сайхынабад райондорунда Тез жардам кызматы бензин акысын төлөгөн тургундарга гана кызмат көрсөтүүдө.

Райондордо бир айдан бери өкүм сүрүп аткан мындай абал күйүүчү майдын тартыштыгы менен түшүндүрүлүүдө. Сыр-Дарыя облусунун тургундарынын кабарлашынча, аймактагы Тез жардам кызматтары бейтаптардын өздөрүнөн жардам сураганы кадимки көрүнүшкө айланган.

- Биз Нурата айылында жашайбыз. Жакында карындашыбыз өзүн жаман сезгендиктен Тез жардамга чалганбыз. Алар болсо бензиндин пулун бербесеңер бара албайбыз дешти. Анан өзүбүз машине таап тууганыбызды ооруканага алып бардык.

“Азаттыктын” өзбек кызматы бул кабардын чындыгын текшерүү үчүн Сайхынабад районундагы Тез жардам кызматынан жардам сурап көргөндө төмөнкү жоопту уккан.

- Жашаган жериңиз алыс экен. Азыр машинебизде май жок. Туура түшүнөсүзбү же жокпу билбейм, бирок дареги алыстарга фельдшерлерди жөө жиберип атабыз. 4-5 миң сум догдурдун жолкиресин көтөрүп бересиздер, болду.

Райондук Тез жардам кызматынын атын атоодон баш тарткан кызматкери дарыгерлер бензиндин айынан жөө калышканын ырастады.

-Бул көйгөй биздин дагы жанга батты. Бир айдан бери элден тил угуп жатабыз. Тез жардам машинелеринде май жок болсо чөнтөгүбүздөн төлөп бара албайбыз да. Бизде үч фельдшер иштейт. Бир күндө орточо 30 чакыруу түшөт. Бензин жоктугун айтсак, 10-15и биздин жардамдан баш тартышат. Бейтаптын жашаган жери район борборунда болсо догдурларыбыз жөө барып жардам беришүүдө. Оор абалдагы бейтапка такси жалдап барганга туура келет. Жол кирени эл төлөп жатат. Кээде бейтапты ошол эле таксинин арткы отургучуна жаткырып ооруканага жеткирип атабыз.

Сыр-Дарыя райондук администрациясынын кызматкерлеринин бири ысымын жашыруун калтырууну өтүнүп, районго облустан күйүүчү май берилбей жатканын билдирди.

- Райондо бензинди колдонуу боюнча чектөө бар. Райондук бюджетте ага ажыратылган акча да бар экенине карабай, сатып алууга облуста бензин жок экен. Гулистанда облустук мунай базасы бар. Ошол базага вагон келбей жатыптыр.

"Азаттыктын" өзбек кызматы Сыр-Дарыя облустук саламаттыкты сактоо башкармалыгына чалып, Тез жардам кызматтары үчүн күйүүчү май жоктугунун себебин сурап көрдү. Аталган башкармалыктын жетекчиси Файзулла Мавланов абалды тактап анан жооп берем деген бойдон кайрадан байланышка чыккан эмес.

- Муну биз тактайлы. Мындай болушу мүмкүн эмес. Тез жардам элден таксиге жолкире сурашы мүмкүн эмес. Мен муну тактап кайра байланышам.

Акыркы жылдары Өзбекстанда Тез жардамга кайрылгандардын саны кыйла өскөн. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө акыркы алты айда эле 3 миллион 700 миң жаран Тез жардамга кайрылган. Өзбекстанда бир жылда 7 миллион жолу Тез жардам чакырылат.

XS
SM
MD
LG