Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:22

Өзбекстан мигранттарын кайтаруу аракетин күчөтүүдө


Москвадагы өзбекстандык мигранттар.
Москвадагы өзбекстандык мигранттар.

Өзбекстандык мигранттарды мекенине кайтаруу иш-чаралары Фергана, Самарканд, Анжиян жана Наманган облусунун артынан эле Бухарада да башталды.

Апта башында Бухара облусундагы Ромитан районунда чет элге иштегени кеткен мигранттарды мекенине кайтаруу жана алар жөнөтүп жаткан акчалар боюнча көзөмөлдү күчөтүү жаатында талкуу өттү.

Жыйын Башкы прокуратурага караштуу Салык жана башка валютага байланыштуу кылмыштарга жана жемкорлукка каршы күрөшүү департаментинин аймактык бөлүмү тарабынан уюштурулганын “Азаттыктын” облакимчиликтеги өздүк булагы маалымдады. Жыйында чет элге кеткен мигранттарды артка кайтаруу боюнча алдыда пландалып жаткан иш-чараларды өткөрүү үчүн сунуштар айтылды. Чет элге кетип жаткандардын агымынын көбөйгөнү жана алар жөнөтүп жаткан акча которуулардын көзөмөлсүздүгү чогулушка келгендер тарабынан терс көрүнүш катары бааланды.

“Азаттыктын” булагы маалымдагандай, жыйында мигранттардан келе жаткан акчаларды текшерүү жаатында прокуратура көзөмөлүн күчөтүү жана кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатуу талаптары да айтылган. Жыйынга күч органдарынан тартып, аялдар кеңеши, жаштар уюмдары жана айыл аксакалдары да чакырылган.

Соңку эки жумада мындай иш-чаралар Самарканд, Фергана, Анжиян жана Наманган облустарында да уюштурулган.

Өткөн жумада Самарканд облусунун акими Зойир Мирзаевдин демилгеси менен мигранттарды Өзбекстанга кайтаруу боюнча кеңири иш-пландар иштелип чыгып, ал эмес, дайынсыз жоголгон мигранттардын үй-бүлөсү үчүн укуктук жардам берүүчү топтор да түзүлгөн.

Жыл башынан бери Фергана, Анжиян жана Наманган облустары боюнча болжол менен 15 миң эмгек мигранты үйүнө кайтарылды.

“Азаттыкка” жеткен маалыматтарга караганда, милиция башында турган атайын топ үймө-үй кыдырып, чет элден келбей жаткандардын жакындарына басым көрсөтүүнү улантууда. Алар мигранттардын ата-энелерин айып пул салуу жолу менен коркутуп жатат.

Жакында эле Москвада иштеп жаткан мигрант анын ата-энеси милиция жана айыл комитет башчысына тилкат жазып, эки ай ичинде баласын артка кайтарууга сөз бергенин, болбосо айып пул төлөөгө макул болгонун “Азаттык” радиосуна кат аркылуу кабарлаган.

Өзбекстандык мигранттарды мекенине кайтаруу иш-чаралары быйыл июлда өкмөт башчы Шавкат Мирзиёевдин Ферганада эл менен жолугуп, чет элде иштеп жаткандарды артка кайтаруу боюнча берген тапшырыгынан соң күчөтүлгөнү айтылууда.

Ушул тапта бул жаатта Хорезм, Сурхандарыя, Кашкадарыя облустарында да аракеттер башталаганы тууралуу маалыматтар бар.

XS
SM
MD
LG