Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:47

Ташкент Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчөлүгүн токтотконун жарыялады. Кошуна мамлекеттин бул чечими регионалдык коопсуздукка кандай таасир этет?

"Арай көз чарай" талкуусуна Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов, генерал-майор Артур Медетбеков жана саясат таануучу Марат Казакпаев катышат.

“Азаттык”: Мына, Өзбекстан ЖККУдан чыкканын жарыялады. Бул, Ташкен айткандай, ЖККУнун Ооган саясатына каршылыктан болдубу, же башка себептер барбы?

Мирослав Ниязов: Американын, Орусиянын эксперттери Борбор Азияны өтө татаал регион катары караштырып атышат. Бул жерде локалдык, андан дагы чоңураак жаңжалдар чыгышы ыктымал. Ошол себептен Американын НАТО күчтөрү өткөн жылдары маалымат тараткан, кайсы бир Борбор Азиянын мамлекеттери өз макулдугу, өтүнүчү менен болсо, анда Америка күчтөрү ошол мамлекетке жайгашканга даяр стабилдүүлүктү сактап бергенге деп.

Биз эсибизден чыгарбашыбыз керек, бул региондо Орусиянын да кызыкчылыктары бар. Ошол себеп менен Орусия менен Американын ортосунда Борбор Азия талаш-тартыш объект катары болуп калды. Ошон үчүн Орусия менен Американын ортосунда бул жерде көптөгөн оюндар болот.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:



“Азаттык”: Демек Өзбекстан Орусияга караганда Америка ишеничтүү өнөк деп таап алдыбы, же башкача себептери бар деп ойлойсузбу, Артур мырза?

Артур Медетбеков: Бул жерде геосаясий гана себеп эмес. Биринчиден, Өзбекстан ЖККУдан буга чейин 1999-жылы Анжиян окуясынан кийин чыгып кеткен, 2006-жылы кайра киришкен.

Ачыгын айтканда, азыркы күндө Өзбекстандын аймагынан америкалыктардын 90 пайызга жакын жүгү өтүп турат. Экинчиден, акыркы кездерде Өзбекстанга Американын мамлекеттик катчысы Клинтон, андан кийин ЦРУнун башчысы, мамлекеттик катчынын жардамчысы келишип, жарым жыл ичинде абдан көп жолугушууларды өткөрдү.

2014-жылы Ооганстандан НАТОнун аскерлери чыкса, абдан заманбап курал-жарактарды, санарип радиолокализациялык станцияларды калтырабыз деген ойлорду айтып, ошон үчүн Орто Азия өлкөлөрүнөн бир мамлекетти тандаганы жатышат. Ошонун ичинде Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан кирет. Бирок Өзбекстандын эң негизгиси болуп, буга чейин ЖККУга мүчө болгону менен көптөгөн аскердик окууларга, чогулуштарга барбай, көп документтерге кол койчу эмес.

Үчүнчүдөн, буга чейин ЕврАзЭСтен чыгып кеткен. Төртүнчүдөн, акыркы кездерде Өзбекстандын ичинде болуп жаткан түзүлүшү кыйынчылыктарды алып келүүдө. Булардын араб жазуулары да коркунуч туудурганын эске алып атышат. Өзбекстан тышкы саясатта өздөрүнө көңүл бурдургусу келгендиктен ушундай кадамга барышууда.

“Азаттык”: Марат мырза, Өзбекстандын экинчи жолу ЖККУдан чыгып, азыр өз алдынча саясат жүргүзгөнүбү, же башка да себептери барбы? Же Ташкен жөн эле өзүбүз билебиз деген саясатты көрсөтүп атабы?

Марат Казакпаев: Эң башкы себеби Ооганстан. Көп жыл бою Батыш мамлекети АКШ түндүк маршрут иштеп атат. Аскердик жана жарандык жүктөр көбүнчө Өзбекстандан өтүп атат.

Жакында 15-июнда Уильам Бернс деген Түштүк жана Орто Азия боюнча жардамчысы келип кетти. Президент Каримов жана тышкы иштер министри Камалов менен жолугушкан.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG