Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:53

Тажик-өзбек чек арачылары "алгачкы" жолу кездешти


Тажикстан менен Өзбекстандын чек арачыларынын Хоженттеги жолугушуусу. 27-апрель, 2015-жыл
Тажикстан менен Өзбекстандын чек арачыларынын Хоженттеги жолугушуусу. 27-апрель, 2015-жыл

Өткөн жуманын этегинде Тажикстан жана Өзбекстандын чек арачылары коопсуздук маселелерин талкуулашты.

Эксперттер эки өлкөнүн Ооганстан менен чек араларында учурда кооптуу кырдаал түзүлгөнүн белгилеп, мындай жолугушуулар өтө маанилүү дешет.

Эки коңшу өлкө көз карандысыздык алгандан бери алгачкы жолу тикелей расмий жолугушуу өткөрдү. Чек ара кызматынын жогорку өкүлдөрү анын жыйынтыгы боюнча макулдашууга кол коюшту.

24-апрелде Тажикстандын Хожент шаарында өткөн жыйын тууралуу дүйшөмбү күнү гана маалым болду.

Согди облусунун акимиаты тараткан билдирүүдө жолугушууда эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын өткөн жылдагы ишмердиги жана кызматташтыктын негизги багыттары сөз болгону айтылат.

Өзбек делегациясын Чек ара күчтөрүнүн кол башчысынын биринчи орун басары генерал Усманбеков баштап келди. Тажик тараптан болсо Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынын жетекчи орун басары полковник Сафаров башындагы топ катышты. Кездешүү жабык эшик артында өттү

Согди облусунун акиминин маалымат катчысы Музафар Юнусов чек арачылардын алгачкы кездешүүсү "достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында" өткөнүн белгилеп, делегациялар алты маселе боюнча макулдашууга жетишкенин биздин кабарчыбызга айтты:

- Тараптар бүгүнкү күнү жаралып жаткан коркунучтарга туруштук берүү, орток чек ара аймагында эл аралык келишимдерди аткаруу, маселелерди ыкчам чечүү жана өз ара кызматташуу, ар кыл мыйзамсыз аракеттердин алдын алуу, чек ара режимин сактоо максатында жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча макулдашты.

Юнусовдун айтымында, эми чек ара аймагында жашаган кимдир бирөө байкабастан мамлекеттик чек араны бузса, маселе жеринде эки өлкөнүн чек арачылары тарабынан чечилмекчи.

Акыркы жолу андай окуя жакында Тажикстандын түндүгүндөгү Носири Хусрав районунда катталган.

Мектеп окуучуларынын тобу чек араны мыйзамсыз кесип өткөндүгү үчүн кармалып, бир суткандан кийин гана Тажикстанга өткөрүлүп берген.

Коопсуздук маселелери боюнча эксперт Нематулло Мирсаид мындай сүйлөшүүлөр өтө маанилүү деп, эки өлкөнүн Ооганстан менен чек араларында учурда кооптуу кырдаал түзүлгөнүнө көңүл бурат.

- Ооганстанда "Хорасан" деген мамлекет түзүүнү көздөгөн күчтөр активдеше баштады. Борбор Азиядагы айрым экстремист топтор ошол идеяны колдошот. Мындай абалда коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндө кызматташуу абдан маанилүү. Экинчи жагынан, эки мамлекеттин аскердик тармактагы алакалары экономикалык жана башка мамилелерди өнүктүрүүгө салым кошмокчу.

Эсиңиздерге сала кетсек, Тажикстандын түндүгүндө Өзбекстан менен чек арада Масчо пункту гана ачык. Спитамен менен Саразмда айрым бир бөлүктөрү гана иштейт. Ошол өткөөлдөрдөн эки өлкөнүн визасы бар жарандары жана менчик машинелер өтө алат. Калган пункттар болсо бир нече жыл мурун Өзбекстандын бир тараптуу чечими менен жабылган.

Маалыматтарга караганда, чек ара аймагында жашаган тургундар кошуна өлкөгө үч күнгө чейин визасыз каттай алышат деген келишим аткарылбай жатат. Өзбекстан улгайган адамдарга, жакын туугандары өлгөндөргө гана визасыз өтүүгө уруксат берүүдө.

XS
SM
MD
LG