Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:29

Кытай менен Өзбекстан алакасын бекемдеди


Өзбекстандын президенти Ислам Каримов 19-августта Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзинпин менен жолукту.
Өзбекстандын президенти Ислам Каримов 19-августта Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзинпин менен жолукту.

19-августта Кытай Эл республикасынын төрагасы Си Цзинпин менен Өзбекстандын президенти Ислам Каримов эки өлкө ортосундагы беш жылдык өнүктүрүү планын бекитишти.

Өзбекстандын президенти Ислам Каримов 19-августта Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзинпин менен жолукту. Эки мамлекет башчы өзбек-кытай кызматташуусунун актуалдуу маселелери жана стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо боюнча мындан аркы пландарын талкуулашты.

Кытайдын «Синхуа» маалымат агенттиги билдиргендей, жолугушууда Си Цзинпин эки өлкө ортосундагы мамилелерди жогору баалап, Өзбекстандын өз төбөлсүздүгүн, коопсуздугун коргоодо көрүп жаткан аракеттерин колдоого аларлык деп белгиледи.

Кытайдын жетекчиси эки тарапты соода жана инвестиция тармактарын кеңейтип, энергетика, каржы, айыл чарба жана транспорт жаатында кызматташууну тереңдетүүгө чакырды.

Эки президент тең Кытай - Борбор Азия газ куурунун «Д» линиясынын курулушуна басым жасап, Кытай – Кыргызстан - Өзбекстанды бириктире турган темир жол долбоорун ишке ашырууну тездетүүнү макулдашты.

Президент Каримов Кытайдын өнүгүү жолун, анын дүйнөдөгү ролун жогору баалады. Ошондой эле ал Өзбекстан Кытай жүзөгө ашырууга белсенип жаткан Улуу Жибек жолу экономикалык долбоорун колдоорун билдирди.

Өзбек лидери эки өлкө ортосундагы коопсуздук маселелерге токтолуп, сепаратизм, экстремизм жана терроризмге каршы бирге күрөшүүдө кызматташууну күчөтүү зарылдыгына басым жасады.

Бээжинде туруп эки лидер Украина менен Ооганстандагы абал боюнча да пикир алмашты.

Эки күндүк мамлекеттик сапардын жыйынтыгында Каримов менен Си Цзинпин беш жылдык стратегиялык өнүгүү планын бекитишти.

Андан соң эки өлкө ортосунда өзөгүн соода, газ куурларын куруу боюнча долбоорлор түзгөн жалпысынан алты миллиард долларлык келишимдерге кол коюлду.

Айрым эксперттер өзбек президентинин Кытайга сапарын Ташкент сырткы саясатын өзгөртүп жатканына байланыштуу деп эсептешет. Борбор Азия боюнча эксперт Александр Князев «Ислам Каримовдун Бээжинге сапары жакынкы келечекте Кытай вектору Өзбекстан үчүн маанилүү орунга чыгаарын билдирет. Кытай Ташкенттин тышкы саясатындагы буга чейин АКШнын ээлеген ордун толуктайт» деп эсептейт.

2012-жылы Кытайда Ташкент – Бээжин ортосунда беш жарым миллиард долларлык инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча атайын документке кол коюлган. Өткөн жылы Си Цзинпин Өзбекстанга келгенде жалпысынан 15 миллиард долларлык долбоорлорду камтыган 31 расмий документ жактырылган.

Өзбек президентин Кытайга жубайы коштоп барды

Кытайга президент Каримовду жубайы Татьяна Акбаровна коштоп барды. “Узньюс.Ру” агенттиги өзбек ажосу бир топ жылдан бери биринчи айымды четке чыкканда ээрчитпей калган деп жазат.

Татьяна Каримова Бээжинге ачык күлгүн түстөгү атактуу “Шанелдин” костюмун кийип барды. Айрымдар буга чейин өзбек президентинин жубайынын коомчулукка көп чыкпай калганын алардын кызы Гүлнара Каримовадан көрүшкөн.

​Бир топ жылдан бери атасынын акыл кошчусу жана мураскери саналган Гүлнаранын өз энеси менен мамилеси салкын экени көптөргө маалым болчу.

Өткөн күздөн тарта президенттин тун кызы бийлик тараптан кысымга кабылып, маалымат империясы, ондогон кымбат дүкөнү жана башка жайлары жабылып, өзүнүн гана эмес, досторунун бизнеси да кыйроого учураган. Каримова акыркы учурда өзү билдиргендей, Ташкентте үй камагында кармалууда.

XS
SM
MD
LG