Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:18

Борбор Азия апта ичинде


Түркмөнстан - Президенттикке талапкерлердин сүрөтү менен таржымалы илинген такта. Ашхабад, 10-февраль, 2012.
Түркмөнстан - Президенттикке талапкерлердин сүрөтү менен таржымалы илинген такта. Ашхабад, 10-февраль, 2012.

Түркмөнстан президенттик шайлоонун алдында турат. Өзбекстанда улут аралык жаңжалга бөгөт коюлду.


Берүүнү толугу менен бул жерден угуңуз.




Түркмөнстан президенттик шайлоонун босогосунда турат. 12-февралдагы саясий өнөктүктө да азыркы мамлекет башчы Гурбангулу Бердымухаммедов жеңип чыгары анык. Байкоочулардын баамында, чыныгы атаандаштыксыз өтүп жаткан шайлоо өлкөнүн асыресе ички турмушуна кандайдыр бир олутуу өзгөрүү алып келери арсар.


Өзбекстандын Чирчик шаарында улут аралык жаңжал алдын алынды. Мындан эки аптача мурда болгон окуянын чоо-жайын Өзбекстандын бийлик чөйрөлөрүндө булактары бар деп эсептелген “Uzmetronom.com” интернет сайты жазып чыкты. Алардын маалыматына караганда, аталган шаарда жаш курагы отузга чейинки өзбектер менен казактар ортосундагы ири кагылыш алдын алынган.


Казак президенти иш сапары менен Германияда болду. Визиттин өзгөчөлүгү - Нурсултан Назарбаедин Батыш өлкөсүнө Жаңы-Өзөндөгү кан төгүүдөн, соңку парламенттик шайлоо батыштык байкоочулар тарабынан демократиялык эмес деп табылып, ал эми ушул айдагы камоолорду оппозиция “саясий куугунтуктун жаңы толкуну”, “репрессия” деп мүнөздөө менен эл аралык коомчулукка кайрылуу жасагандан кийин барганында эле.


Тажикстандын жашоочулары сотторго караганда, бейрасмий лидерлерге көбүрөөк ишенет. Муну Евразия корунун өлкөдөгү бейрасмий сот адилеттиги боюнча жаңы иликтөөсү көргөздү. Евразия корунун баяндамасында тажик коомунда жарандардын мыйзамдуу укуктары менен ал укуктардын мамлекеттик институттар тарабынан ишке ашырулуусунда карама-каршылыктар бардыгы белгиленет.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG