Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:24

Борбор Азия апта ичинде


Казакстанда Жаңы-Өзөн шаарындагы тополоң боюнча иш сотко өттү.

Казакстанда Жаңы-Өзөн шаарындагы тополоң боюнча иш сотко өттү.

Ооганстандан 2014-жылы аскерлерин чыгарып кетүүнү мерчемдеген НАТО өлкөлөрү жүгүн жана жабдууларын Борбор Азия аркылуу ташуунун камын азыртан көрө баштады. Бул максатта Британиянын чабармандары аймактын төрт өлкөсүндө болушту.

Казакстанда Жаңы-Өзөн шаарындагы тополоң боюнча иш сотко өттү. Ал эми коомдук комиссиянын бул шаарга барып келген өкүлдөрү күбөлөр менен курман болгондордун жакындарынын айткандары "үрөй учурарлык" экендигин билдирип чыгышты.

Түркмөнстандын президенти иш сапары менен Түркияда болду. Бул - Гурбангулы Бердымухаммедовдун бийликтеги экинчи мөөнөтүнө киришкенден кийин чет өлкөгө жасалган алгачкы сапары. Сапар айрым түрк ишкерлери Түркмөнстандын бийликтерине каршы эл аралык арбитражга арыз жолдогон кезге туш келди.


Өзбекстандын базарларында диний кийимдердин, анын ичинде аялдардын хижабы сатылышына тыюу салынды. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар менен соодагерлер билдирүүдө.

Программаны толугу менен бул жерден угуңуз:

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG