Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:20

Тянь-Шань тоолорунун мөңгүлөрү акыркы жарым кылымда төрттөн бирге жакын азайып, жалпы аянты 2 миң квадрат километрге жакын кемиди. Суунун тоңгон кенчи саналган мөңгүлөрдүн азаюусу жайкысын күндүн ысып баратканына байланыштуу.

Германиянын Жерди изилдөө борбору жетектеген эл аралык окумуштуулар тобу 17-августта Nature Geoscience журналына жарыялаган изилдөөгө караганда, 1961-жылдан 2012-жылга чейин орто эсепте Тянь-Шань тоолору жылына 5.4 миллиард тонна мөңгүсүн жоготкон дегенди билдирет. 80 миллион элдүү Германия жылына 3.5 миллиард тонна таза суу керектейт. Ал эми Антарктикада 2010-13-жылдары 160 миллиард тонна мөңгү эрип кеткен.

Ысык мөңгүлөрдүн душманы

Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Кытайдын түндүк батышын суу менен камсыздачу тоолордогу мөңгүлөрдүн келечеги кандай болот? Швейцариянын Цюрих университетинин илимий изилдөөчүсү, доктор Тобиаш Болч (Tobias Bolch):

- Болочокто мөңгүлөр эмне болот? Бул аябай маанилүү суроо. Климаттын биз жасаган сценарийи Тянь-Шань тоолорундагы мөңгүлөрдүн чоң бөлүгү 2050-жылга чейин жоголорун көрсөттү. Бул мурда жасалган прогноздорго дал келет. Жакында эле казакстандык кесиптештерибиз Иле Ала-Тоосу боюнча жасаган изилдөөсүнүн жыйынтыгын жарыялашты. Алар дагы мөңгүлөр мурдагы прогноздо айтылгандай өлчөмдө азайганын жана келечекте да мөңгүлөрдүн чоң бөлүгү эрий турганын аныкташкан. Бирок мөңүгүлөрдүн болочоктогу эриши аба ырайына жараша болот.

Мөңгүлөрдү изилдеген гляциолог Тобиаш Болч. Ак-Шыйрак.

Мөңгүлөрдү изилдеген гляциолог Тобиаш Болч. Ак-Шыйрак.

Гляциологдор эгер күн жайкысын азыркыдай ысык боло берсе, 2050-жылы Тянь-Шанда мөңгүлөрдүн теңине жакыны эрип кетиши ыктымал деп жоромолдошот.

Тянь-Шандын мөңгүлөрүнүн абалы, немис илимпозу Дорис Дузмандын (Doris Duthman) айтымында, үч түрдүү изилдөө ыкмасын айкалыштырып аныкталган:

- Биздин изилдөөбүздүн максаты - космостон тартып алынган сүрөттөрдү, лазердик өлчөөлөрдү жана гляциологиялык моделдөөнү пайдаланып, Тянь-Шань тоолорундагы мөңгүлөрдөгү акыркы 50 жылдагы өзгөрүүлөрдү аныктоо болду. Ошондой эле келечекте аба ырайынын жылуусу мөңгүлөргө кандай таасир этерин билүү эле. Гляциологиялык сценарий боюнча, Тянь-Шань чөлкөмүндөгү температураны 1960-90-жылдары 1920-50-жылдарга салыштырдык жана температура орточо 2 градус жогоруласа, 2050-жылга карай мөңгүлөр дагы 50% азаят деп эсептедик. Эгер температура 1.3 градустан 3.0 градус өзгөрсө, албетте, мөңгүлөрдүн көлөмү башкача болору калетсиз.

Мөңгүлөрдүн эрүүсү биринчи кезекте аба ырайынын жылышына, күндүн ысыгына байланыштуу, - дейт Тобиаш Болч.

- Мөңгүлөрдү эриткен негизги нерсе - бул күндүн жылуусу. Мөңгүлөрдүн көбү жай жана күз мезгилинде жааган кардын эсебинен өз формасын сактайт. Аларга жылдын ушу эки мезгилинде жааган кардан башка абанын жылыганы көп таасир эткенин изилдөөлөр көрсөттү. Соңку он же жыйырма жылды карасак, кардын эсебинен мөңгүлөр аз өскөн. Анын көлөмү негизинен температуранын эсебинен өзгөргөн. Ал эми өнөр жай ишканаларынын таасирине кайрылсак, аймактагы завод-фабрикалар бөлгөн көмүр кычкыл газынын таасири мөңгүлөрдүн азайышына олуттуу таасир эткен деп айтканга бизде далил жок.

Германиядагы Жерди изилдөө борборунун илимий кызматкери Дорис Дузман

Германиядагы Жерди изилдөө борборунун илимий кызматкери Дорис Дузман

​Дорис Дузман жай айларында жааган кар мөңгүлөр үчүн негизги азык, күн жай-күз айларында кургакчыл болгондо мөңгүлөр азыктанбай калып, көлөмүн жоготот, - деп түшүндүрдү:

- Мөңгүлөрдүн эришине негизинен жайкысын аба ырайынын ысышы таасир эткен. Жайкы ысык температура мөңгүлөргө эки жактан кысым көрсөткөн. Себеби, температура жогору болсо, көп мөңгү эрийт. Тянь-Шандын мөңгүлөрүнүн көбү жай айларында жааган карлардын эсебинен өзүн сактап жана чоңоюп турган. Кышкысын аймакта күн кургакчыл болуп, кар аз жаайт эмеспи. Ал эми күн жылуу болгон учурда кардын ордуна мурдагы жылдарга салыштырмалуу жамгыр көп жаайт. Бул жаңы пайда болчу мөңгүлөрдү эритип, муздун катмарын жукартат.

Мөңгүлөрдүн эриши Кумтөр үчүн кооптуу

Чехиялык илимпоз Богумир Янски (Bohumir Jansky) Кыргызстандын мөңгүлөрүн 2004-жылдан бери изилдейт. Чех өкмөтүнүн жардамы менен Бишкектин үстү жагындагы Ала-Арча капчыгайындагы Адыгине станциясы да мөңгү муздардын абалына көз салып турат. Профессор Янски мөңгүлөрдүн эрүүсү табигый кырсыктарга алып барышы мүмкүн экенин эскертти:

- Мөңгүлөр тездик менен азаюуда деп айта алам. Космостон тартып алынган сүрөттөр көрсөткөндөй, мөңгүлөр Ала –Арча капчыгайынын үстү жагында жана Ак-Шыйрактагы Петров көлүнүн атрабында акыркы жылдары орточо 50 метрге азаюуда. Биз изилдөө жүргүзүп жаткан жылдары Петров көлү 20 метрден 70 метрге чейин тереңдеп, аянты да чоңойду. Эки жыл мурда өлчөгөнүбүздө, көл 430 гектар болчу. Азыр көлдө 65 миллион куб метр суу бар. Көлдүн дамбасы бекем эмес. Кокус ачылып кетсе, Күмтөр компаниясынын инфраструктурасы чоң зыян тартат. Баарынан да кендин 250-300 гектар жердеги таштандылар сакталчу жайы үчүн коркунучтуу. Петров көлү ачылып кетсе, Нарын дарыясына чоң көлөмдөгү зыяндуу заттар, оор металлдар агып кетет.

Тескей чокусунда муздун калыңдыгын өлчөп жаткан гляциолог

Тескей чокусунда муздун калыңдыгын өлчөп жаткан гляциолог

​Мөңгү муздардын азаюусу аталган чөлкөмдө жашаган элге суу каатчылыгын алып келбейби? Доктор Тобиаш Болч:

- Келерки 10-15 жыл арасында Кыргызстан мөңгүлөрүнүн көлөмүнө ойлонбой эле койсо болот. Мен бир нече жылдан бери Кыргызстандан Кытайдын Шинжаң автоном району жакка аккан сууларды изилдеп жүрөм. Акыркы жылдары тиги тарапка суу көп ага баштаган. Азыркы абал сакталса, келечекте Кытай тарапка аккан суу азаят. Бирок 10-15 жыл арасында эмес. Андан кийинки 50 жылда көпчүлүк суулардын азайганын көрөбүз. Бул эң чоң проблемалардын бири. Бул саясатка таасир этет жана мамлекеттер аралык мамиледе эске алынат. Суу мурдагыдан аз ага баштаганда, жаңжалга алып барышы мүмкүн. Бул кооптондурчу маселе.

Суу таңкыстыгына каршы эмне кылуу керек?

Прагадагы Карлов университетинин география жана геоэкология кафедрасынын башчысы, профессор Янский кургакчылыктын алдын алуу үчүн азыртан чакан плотиналарды куруу зарыл дейт.

- 10-15 жылдан кийин мөңгүлөр бүгүнкүгө караганда алда канча азаят. Анын натыйжасында, суунун ресурсу акырындап азаят. Мен Түштүк Американын Анды тоолорундагы мөңгүлөрдүн абалын узак убактан бери изилдеп жүрөм. Перуда чоң территория мөңгүлөрсүз калып, перулуктар суунун жетишсиздиги менен бетме-бет келишти. Мындай абал Борбор Азияга да жакындоодо. Андыктан, келечекте суу тартыш болбошу үчүн суу сактачу плотиналарды жана жер астында терминалдарды курууну ойлонуу зарыл. Ал суулар кургакчылык учурда пайдаланылат. Арийне, бул сууга карк Кыргызстан жана Тажикстан үчүн анча актуалдуу эмес. Бирок Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстанда суу каатчылыгы чоң маселе болот.

Кээ бир серепчилер болочокто мөңгүлөрдүн азайуусу чек ара тилкесиндеги майда-барат чатак-жаңжалдарды туруктуу көрүнүшкө айлантат деп боолгойт. Доктор Луарен Гудрич (Lauren Goodrich)-АКШнын Техас Штатындагы Стратфор "Геосаясый изилдөөлөр фирмасынын” Евразия боюнча улук аналитиги:

Стэнфорддук талдоочу Лаурен Гудрич

Стэнфорддук талдоочу Лаурен Гудрич

- Менимче, келечекте чөлкөмдөгү ар бир өлкө суунун таңкыстыгына кабылат. Азыр эле кыргыз жана өзбек өкмөттөрү суу маселеси боюнча пикир келишпестиктерин ачык айтышууда. Болочокто суу чатагы сөзсүз болот. Орусия жана Кытай өз чек арасында жаңжал болгонун каалабайт. Мен бийик деңгээлдеги аскерий жаңжалдашуу жөнүндө айтып жатам. Кыска мөөнөттү алсак, куралдуу жаңжалдын чыгышына Орусия жол бербесе, узак мөөнөттө Кытай жол койбойт. Ал эми ортодогу чек араларга чукул райондордогу суу үчүн болгон майда жаңжалдардын алдын алуу мүмкүн эмес. Андай чатактар алдыдагы он жылдыкта боло берет деп ойлойм.

Суу тартыш эмес, ысырап пайдаланылат

Казакстандык илимпоз-өндүрүшчү Орозхан Карлханов Борбор Азияда суунун тартыштыгы ысырапкорчулукка жана чарбасыздыкка байланыштуу экенин айтты:

- Бизде суу жок эмес, бар. Чөлкөмдөгү беш өлкөнүн элин суу менен ырааттуу камсыздоого толук жагдай бар. Бирок сууну үнөмдүү пайдаланууга, аны бөлүштүрүүдө жана иштетүүдө алдыңкы технологияга колубуз жетпей жатпайбы! Биз (Казакстан) айыл чарбасы үчүн сууну Чүй, Талас, Сыр-Дарыя жана Кытай менен чек аралаш өрөөндөрдөн алабыз. Суунун ысырабы өтө жогору: 1 гектар жерге кажеттүү сууну нормадагыдан 1,5-1,7 эсе көп пайдаланабыз. Бул кыргыз жана өзбек агайындарга да таандык кемчилик. Казакстан дарыяларды тең пайдалануу, иреттөө, плотналарды куруп, жазда келчү жолбун сууларды жыйноо багытында иштерди жүргүзүүдө. Былтыр суу ресурстарын рационалдуу пайдалануунун мамлекеттик программасы кабыл алынды. Анда илимий ачылыштарды, алдыңкы технологияларды өндүрүшкө киргизүү каралган.

Техника илимдеринин доктору О. Карлханов Казакстандын суу чарба башкармалыгында эмгектенет.

Гляциологдор Ак-Шыйрактагы станцияда.

Гляциологдор Ак-Шыйрактагы станцияда.

Проф. Янскинин пикиринде, болочокто Борбор Азияда суу талашы болбосу үчүн коңшулаш өлкөлөр өз ара кызматташып, маселенин үстүнөн иштеши абзел.

- Болочокто суудан улам талаш-тартыш чыкпасы үчүн Борбор Азия мамлекеттери кызматташуусу абзел. Себеби, Жакынкы Чыгышта, анын ичинде Израил менен коңшулары ортосунда, Түркиянын чыгышында жана дүйнөнүн башка региондорунда суу ресурстарынын жетишсиздигине байланыштуу чыңалуулар абдан ылдам өсүүдө.

Орозхан Карлханов сууну жана ирригациялык системаларды пайдалануу боюнча Борбор Азия мамлекеттери ар кандай пикирде болгондуктан, алиге чейин бул жаатта бирдиктүү чара көрө албай жатышканын белгиледи: ​

- Региондогу беш өлкө бар сууну биригип пайдалануу жагын сүйлөшүп алуусу зарыл. Бул багытта тийиштүү жумуштар жасалууда. Бирок натыйжасы көңүл жубаткыдай эмес. Себеби, сууну пайдалануу боюнча ар биринин өз позициясы бар болгондуктан, жалпы бир чечимге бара албай турушат.

Чехия кургакчылыкка каршы күрөштү баштады

Быйыл жайда АКШда, Европада жана башка өлкөлөрдө аба ырайы жылдагыдан алда канча ысык болду. Буга байланыштуу жай айларында Германиянын айрым бөлүктөрүндө тамарка жерлерге суу чачууга, машинелерди жууганга убактылуу тыюу салынды. АКШнын кээ бир жерлеринде да ушундай чаралар колдонулду. Чехияда 1947 жана 1953-жылдардагыдай кургакчылык кайталанды. Мындан улам Чехиянын өкмөтү болочоктогу суу тартыштыгынын алдын алуу боюнча атайын токтом кабыл алды. Проф. Богумир Янски:

Праганын четиндеги Берунка дарыясы ташууда. 3-июнь 2013

Праганын четиндеги Берунка дарыясы ташууда. 3-июнь 2013

- Эки жума мурда Чехиянын өкмөтү суу тартыштыгынын алдын алуу боюнча атайын токтом кабыл алды. Анда каралган планга ылайык, Карлов университети, Суу чарба институту, Республиканын Илимдер Академиясы конкреттүү план иштеп чыгууга тийиш. Чех өкмөтү суу чарбасындагы башкы приоритет - бул айлана чөйрөнү коргоо деди. Сыягы Чехияда сууну топтоо үчүн чакан плотиналар курулат, анткени чоң дамбаларды курганга мүмкүнчүлүк жок. Себеби, бардык дарыялар биздин өлкөдөн башат алат. Бизде суу табигый жол менен (кар жана жамгырдан) топтолот. Суу плотиналарга катар табигый бассейндерде да жыйналат. Ал үчүн токойлуу, бадалдуу жерлер кызмат кылат. Азыр биз акыркы 100 жылда токойлорду мономаданияттуу же жалаң бир өңчөй көчөт тигип, жаңылыштык кетиргенибизди түшүндүк. Эми токойлор орто кылымдагыдай табигый абалга келтириле баштайт. Кыртыштын эрозиясына каршы чара көрүлөт. Дарыя ташыганда жээгинен чыгып кеткен жерлерди дарыянын ээлигине кайтаруу абзел. Андай жерлер айдалбай, жайыт катары калышы керек. Бул суу кирген кезде жээгинде калуусу үчүн аябай маанилүү.

Бул иштерди даярдоого Чех өкмөтү 8 млрд. крон чегерди. Алар аткарылгандан кийин планда каралган иштерге киришебиз деп улантты сөзүн проф. Янски.

- Быйыл күз жана кыш айларында жасалма инфильтрация (сууну кыртышта сактоо) башталат. Суу жетиштүү бассейнден сууга каат жактарга бурулат. Алсак, Крушногорье тоосунан башат алган Огрже дарыясы Ортолук Чехиядагы кургакчыл эсептелген Лону, Раковник шаарлары тарапка бурулат. Болочоктогу кургакчылыктын алдын алуу максатында ушундай конкреттүү иштер пландалууда.

Суу үчүн чоң жаңжал болушу мүмкүнбү?

Америкалык серепчи Лаурен Гудрич Тянь-Шань мөңгүлөрүнө байланыштуу изилдөө экс-советтик Борбор Азиядагы саясий-экономикалык жагдайга дагы бир ирет кылдат байкоо салууга түрткөнүн жана анын себебин мындайча мүнөздөдү:

- Дүйнөлүк банктын жана алдагы изилдөөлөр Борбор Азиядагы кырдаал өтө орчундуу экенин көрсөттү. Анткени, бул аймактын эли Советтер Союзу бүлүнгөндөн бери эки эсеге жакын көбөйдү. Алардын суу тартыштуу аймактарын элдин чоң бөлүгү байырлайт. Дыйканчылыкка: турак жай курууга керек жерлердин да тартыштыгы байкалат. Экономикадагы өсүү темпи да жайлап калды же төмөндөөдө. Жумушсуздук бийик. Бул региондогу көпчүлүк өлкөлөргө таандык көрүнүш. Экономикадагы катаал жагдай бул өлкөлөрдө терроризмге жеңил кошулчу инсандардын жаралуусуна кыртыш түзүүдө. Ырас, Өзбекстан менен Казакстанда саясий жетекчилик алмашканы турат. Тажикстанда бийлик улам репрессиячыл болуп баратат. Кыргызстан үчүн бийлик бейстабилдүүгү мүнөздүү. Бул маселелерге суу кризисин кошсоңуз, Борбор Азия өтө бейстабилдүү. Ал эми мөңгүлөрдүн эрип азаюусу региондун эли тез көбөйүп бараткандан улам келечекте кооптонууну туудурат.

Кыргызстан. Савай каналы. 29-август 2014

Кыргызстан. Савай каналы. 29-август 2014

Мындай пикирге казакстандык талдоочу Толгонай Умбеталиева кошулбайт. "Борбор Азия мамлекеттери ортодогу талылуу маселелерди чечүүнү узакка создуктурса дагы акырындап сүйлөшүү жолу менен чечкенди үйрөнүүдө", - дейт алматылык эксперт:

- Региондо чатак чыгып кетүү мүмкүндүгү жөнүндө Советтер Союзу кыйрагандан тартып эле айтылып жүрөт. Анын көптөгөн себептеринин бири катары чет элдик эксперттер суу талашты айтышат. Ырас, ортодо жаңжалдын булагы болчу чечилбеген маселелер бар. Бирок ал проблемалар түздөн түз чатакка бара элек. Ушинтип улана берет деп ойлойм. Борбор Азия дүйнөлүк жана европалык серепчилер үчүн жаңы регион болгон үчүн алар аймакка көп изилденбеген жаңы регион катары мамиле кылышат. Мен бул чөлкөмдүн адамы ирети айтам: соңку мезгилде Борбор Азия өлкөлөрүндө региондогу окуяларга карата өз көз карашы калыптанууда. Анын бир пункту: биз өз проблемаларыбызды жаңжалга жеткирбей чечип алабыз деген ишеним. Бул өтө жакшы позиция. Мен ушул позицияны жактайм. Ырас, азыр Борбор Азия мамлекеттери өз ара катаал мамиледе. Бирок мындан жаңжал чыкпайт. Биз бир бирибиз менен чатакташпайбыз деп ишенем.

Толгонай Умбеталиева Алматыдагы Демократиялык өнүгүү боюнча Борбор Азия фондунун директору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG