Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:41

Чехиядагы Карлов университетинин Борбор Азия боюнча адиси Славомир Хорак Борбор Азиядагы, анын ичиндеги Кыргызстандагы салафизм жана башка диний радикал топтордун таасири тууралуу суроолорго жооп берди.

“Азаттык”: Тажикстанда мамлекет тарабынан динди көзөмөлдөө иши катуу жүрүп жатат. Бул адамдардын дин тутуу эркиндигине канчалык таасир этет? Тажикстанда мисалы көзөмөл Өзбекстандагыдай жүрүп жатабы? Ал жакта миңдеген момун мусулмандар түрмөгө түшпөдү беле?

Славомир Хорак: Тажикстан ал жагынан Өзбекстанга жете элек. Ошентсе да, Тажикстандын "Ислам кайра жаралуу" партиясынынын кеңселерине тинтүү жүргүзүлүп алардын өкүлдөрүнө, белгилүү имамдар молдолук кылган мечиттерде жана бийликтин сөзүн сүйлөбөгөн имамдарга карата ар кандай кысым болуп турат. Мен билгенден, катардагы адамга өз диний ишенимин карманууга Тажикстанда дагы да болсо толук мүмкүнчүлүк бар. Бирок мамлекеттик көзөмөл бардык жерде өкүм сүрөт. Өзгөчө өкмөттө, мамлекеттик мекемелерде жана университеттерде иштегендерди “намазды көбүрөөк окуп жаткан жокпу?” деген көзөмөл күчтүү.

“Азаттык”: Кыргызстанды Борбор Азияда диний экстремисттик топтор, радикалдар күч алган өлкө катары сүрөттөп келишет. Бул чөлкөмдөгү мамлекеттер үчүн канчалык кооптуу?
Эгер мамлекет коркунучтуу агымдарга тиешелүү көзөмөл жүгүзбөсө, Кыргызстандагы “ишеним эркиндиги” аянычтуу жыйынтыктарга алып келиши мүмкүн.
Славомир Хорак: Албетте, аймактагы бардык өлкөлөрдө аздыр-көптүр же, же жарым-жартылай мыйзамдуу дейбизби, мамлекетке жана Конституцияга исламды тереңирек киргизгиси келген топтор жок эмес. Кыргызстанда бир катар уюмдар, анын ичинде радикал топтор өздөрүн эркин сезишет. Мисалы, “Хизбут-Тахрирди”, же постоветтик аймакта тыюу салынган башка уюмдарды атасак болот. Кыргызстанда ал уюмдар мыйзамдуу иштебесе да, өздөрүн абдан ыңгайлуу сезишет жана алардын ишине мамлекеттик органдар кийлигишпейт. Бара-бара булар өздөрүнүн парламентке депутаттарын же аймактык, жергиликтүү айыл өкмөт өкүлдөрүн шайлашы да ыктымал.

“Азаттык”: Биз билгенден, Пакистанда салафилер акыркы 30 жылда мамлекет тарабынан колдоого алынып келген. Анын жыйынтыгында бул өлкөдө азыр абал абдан татаал. Кыргызстан да ушул чыйыр менен кетип жатабы?

Славомир Хорак: Мен Кыргызстанда мамлекет же мамлекеттин кайсы бир бөлүгү мындай агымдарды абдан колдоп жатат деп айтуудан алысмын. Ошого карабастан, эгер мамлекет коркунучтуу агымдарга тиешелүү көзөмөл жүгүзбөсө, Кыргызстандагы “ишеним эркиндиги” аянычтуу жыйынтыктарга алып келиши мүмкүн. Бирок байистүү, тынч, эч кандай коркунуч жаратпаган салафиттик топтор да бар. Алардын азыркы өкмөттөрдү коркутуу пландары жок жана тынч өкүм сүргүлөрү келет. Экинчи жагынан, Кыргызстандагы, дегеле жалпы Борбор Азиядагы байистүү, тынч уюмдарды радикал маанайдагы, өкмөттү өзгөртүүнү каалаган уюмдардан ажыратуу кыйын. Мени чочулаткан нерсе - Кыргызстандагы жана Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндөгү мамлекеттик органдарда ал диний уюмдарды бири-биринен ажыратып биле алган адамдардын (адистердин) жоктугу.
Сауд Арабия суннизмдин ханбалиттик мазхабын карманат жана анын бир агымы вахабизм (салафизм). Бул жагынан алганда Жакынкы Чыгыштагы, Араб жарым аралындагы, Пакистан жана Ооганстандагы айрым диний уюмдарга Сауд Арабия мамлекеттик колдоо көрсөтөт.
“Азаттык”: Салафизм бул араб өлкөлөрүнөн, атап айтканда, Сауд Арабиядан келип жатканы белгилүү. Аларда салафизмди экспорттоо мамлекеттик деңгээлде жүрүп жатабы же жеке, мамлекеттик эмес уюмдар аркылуубу?

Славомир Хорак: Араб өлкөлөрү, же араб жарым аралы тууралуу айтардан мурда "Салафизм өзү эмне?" дегенди аныктап алуу зарыл. Салафизм - бул эгер жөнөкөй айтканда, байыркы исламга кайтуу. Салафизм фундаментализм деп да которулат. Мындай аталыштар менен жүргөн ар түркүн багыттагы агымдар көп. Мамлекеттик колдоо боюнча айтсак, ал кандайдыр бир деңгээлде Сауд Арабияда бар. Сауд Арабия суннизмдин ханбалиттик мазхабын карманат жана анын бир агымы вахабизм (салафизм). Бул жагынан алганда Жакынкы Чыгыштагы, Араб жарым аралындагы, Пакистан жана Ооганстандагы айрым диний уюмдарга Сауд Арабия мамлекеттик колдоо көрсөтөт. Албетте, Борбордук Азия мамлекеттериндеги диний уюмдар да мындан куру калган жок. Ал уюмдарга болсо ишмердигин жүргүзүү үчүн колдоо керек. Ошондуктан, албетте алар Сауд Арабия сыяктуу мамлекеттерден колдоо издейт. Бул колдоо араб жарым аралыгындагы бай адамдардын жеке фонддору же компаниялары тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн, же болбосо жогоруда айткандай, Сауд Арабия бийликтеринин колдоосу астында болот.

“Азаттык”:
Мындай колдоодо “нефти-доллардын” ролу канчалык?

Славомир Хорак: “Нефти доллардын” гана эмес, “газ доллардын” да ролу жогору. Мындан тышкары, Араб жарым аралындагы сооданын да орду бар. Булар салафиттик багыттагы ар түркүн радикал же жарым-жартылай радикал ислам топторун колдоодо роль ойноп жатат. Башкача айтканда, араб жарым аралындагы нефти, газ жана башка байлыктар салафизмди жайылтууда маанилүү. Аларсыз салафизмди колдоо мынчалык деңгээлде жүрмөк эмес.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG