Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:44

Суу талаш Азиядагы стабилдүүлүккө коркунуч туудурат


Вахш дарыясындагы Сангтуда -2 ГЭСи, 5.09.2013
Вахш дарыясындагы Сангтуда -2 ГЭСи, 5.09.2013

Талдоочулар Азия үчүн суу ресурстарын бөлүштүрүү - куралдуу кагылыштардын очогуна айланышы ыктымалдыгын айтышат.

Индиялык илимпоз Брахма Челани жакында АКШда чыккан китебинде жазганга караганда, суу талашы Азияда куралдуу кагылыштардын очогу болушу ыктымал.

Брахма Челани - Жаңы Делидеги Саясий изилдөөлөр борборунун профессору.

Челанини акыркы көлөмдүү эмгеги “Суу: Азиядагы эмки согуштун майданы” ушул маселеге арналган. Ал бул китепте Ооганстанда согуш тилкеси суулуу жана кургак болуп бөлүнөөрү, лашкер башчылар согушчандар менен чогуу өз жамаатына сууну бөлүштүргөн мурапка айланганын жазат.

Илимпоз “Азаттык” радиосуна курган маегинде суу Борбор Азия үчүн талаштуу маселеге экенине токтолду:

- Такталбаган чек аралар менен катар суу да жарылып кетчү проблема болуп баратат. Анткени Борбор Азиянын айрым бөлүгүндө чек ара аныкталып мыйзамдаштырылбагандыктан, cууну жана өкмөт аралык суу ресурстарын бөлүштүрүп - чегерүү маселеси бар. Бул суу үчүн мамлекет ортолук жана өлкө ичинде күрөштү жаратууда. Суу Борбор Азиянын стабилдүүлүгүнө коркунуч туудурган баарынан үлкөн проблема экени айкын. Ошондой эле Борбор Азия абдан суу тартыш регион болгондуктан, тартыш ресурстар үчүн күрөш жүрүүдө. Суунун башындагы чакан өлкөлөр: Кыргызстан менен Тажикстан гана суу ресурстарына эге. Алар түздүктө жайгашкан суунун негизги керектөөчүлөрү: Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстандын алдында кичине жана алсыз.

Өзбек президенти Ислам Каримов да 2012-жылы 6-7-сентябрда Астанага расмий сапарга барган кезде суу ресурстарын пайдалануу жагы региондогу беш өлкө арасында масилеттешип чечилбесе, Борбор Азиядагы мамилелерди курчутуп жиберчү проблема болушу мүмкүн экенин, атүгүл “бул диний тирешүүдөн башка да согушка түртүшү ыктымал деп эскерткен.

Каримов Кыргызстан менен Тажикстанды атабастан, “коңшу өлкөлөрдү ГЭС кургандан мурда ал алып келчү проблемаларды билүү үчүн эл аралык экспертизадан өткөрүүгө” чакырган. Өзбек президенти муну менен Кыргызстандагы Камбар-Ата жана Жогорку Нарын ГЭСтерине, Тажикстандагы Рогун ГЭСине ишара кылды.

“Рогун суу сактагычынын курулушу бүтсө, Тажикстандын коңшулары менен болгон мамилесине кандай таасир этиши ыктымал?”

- Рогун дамбасын куруу совет заманындагы демилге. Бирок өзбек тараптын опузасынан улам токтоп калган. Тажикстан Вахш дарыясында совет доорунда долбоорлонгон Сангтуда ГЭСин да кургусу келет. Бирок өзбек тарап аскерий чара көрүлөт деп, расмий эмес түрдө, алтурсун ачык коркутту. Түздүктөн орун алган Өзбекстан региондо саясий жана аскерий жактан күчтүү экенин даңазалай алат деп ойлойм. Тажикстан менен Кыргызстан өздөрүн камоодо сезет. Алар дарыянын этегиндеги өлкөлөр макулдук бербегенден кийин долбоорду баштай албай коркуп турушат. Борбор Азиядагы чындыкты эске алганда, Рогун дамбасы же Вахш суу сактагычы качандыр бир кезде курулат деп ойлобойм. Эгер бул дамбалардын бири же экөө курулчу болсо, Өзбекстан алчу сууга таасир этет. Албетте ар бир суу сактагыч, айрыкча чоң плотиналар айлана чөйрөгө таасир берет. Бул чоң плотиналарды куруу совет мезгилинде сунуш кылынган.

Брахма Челани былтыр жарык көргөн китебинде Пакистан сууга таңсык өлкө экенин, ал эми Индия болсо өз сууларынын 80% Пакистанга бергенин, бул айланып келип, Индиянын гидрологиялык абалына тескери таасир этерин жазат. Андай бүтүмдүн себебин индиялык илимпоз “Азаттыкка” мындай деп негиздеди:

- Пакистанда суу маселеси начарлап кеткенинин жүйөсү мында: Пакистан азык-түлүктү экспорттоо үчүн өндүрөт. Сууга таңсык бул өлкө сууну көп талап кылган товарларды экспорттойт. Пакистан экспорттоо үчүн күрүч жана пахта өстүрөт. Бул экөө айыл чарбасында сууну эң көп ичкен өсүмдүк. Пакистан дүйнөдөгү күрүчтү көп экспорттогон үчүнчү өлкө жана дүйнөдөгү төртүнчү чоң пахта өндүрүүчү. Мунун өзү Пакистандын сууга болгон тартыштыгын экономиканы түп тамырынан өзгөртүү жана азыркыдай сууну көп ичкен өсүмдүктөрдү экспорттоону өзгөртүү аркылуу чечсе болорун далилдейт.

Кыргызстан, Казакстан, Орусия да Кытай менен суу маселесинде байланышкан. Себеби экс-советтик үч мамлекет ичке дарыялардын айрымдары Кытайдан башат алат же өтөт.

Профессор Брахма Челанинин айтышынча, Кытай сууну кандай пайдаланса да, Казакстан менен Кыргызстан ачыктан ачык нааразылык билдире албайт. Ырас, расмий Астана Кытайдын Кара-Иртыш дарыясына өз алдынча курулуш баштаганына нааразылыгын ачык айткан.

Илимпоздун оюнча, Орусия гана Кытай менен мыйзамый негизде сүйлөшө алат. Ал эми "Казакстан менен Кыргызстандын андай кудурети жок", дейт индус илимпоз.

XS
SM
MD
LG