Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:00

Венесуэла Беларусту кара майсыз калтырбоону убада кылды


Чавез жана Лукашенко, Минск, 16-октябрь.
Чавез жана Лукашенко, Минск, 16-октябрь.

Венесуэланын Беларуска иш сапары менен келген президенти бул өнөктөш өлкөнү мунай менен такай камсыздап турууну убада кылды.

Тараптардын макулдашуусу Венесуэланын мунай экспортун күчөтсө, Беларус үчүн кокус Москва менен мамилеси курчуп кетсе, анын отунсуз калбашын кепилдейт.

"Кара майга карк кылабыз"

Беларусту кара майга карк кыларын айткан эски өнөктөшү мындай жаңы убадасын Минск менен Москванын ортосун кайрадан кара мышык аралап, мамиле мурдагыдай болбой турган учурда берди. Алаканын начарлашы көбүнесе Беларустун энергия ресурстары жагынан Орусияга болгон көз карандылыгынан улам келип чыгууда. Минскдеги расмий сүйлөшүүлөр учурунда президент Александр Лукашенко өнөгү Уго Чавеске кыйың кезеңде арка-бел болуп жатканы үчүн ыраазычылыгын жашырган жок:

- Урматтуу Уго, мен сага силер биздин элге азыркы оңой эмес учурда көргөзүп жаткан эбегейсиз жардамыңар үчүн дагы бир жолу ыраазычылык билдиргим келет. Эсиңде болсо, сен мага бир жолу “бизге таяна аласыңар”,- деп айткансың. Биз дагы эмне жасай алсак, эмнеге жөндөмдүү болсок, биздин деле колубуздан көп нерсе келет, Венесуэла элине ыраазычылык билдирүүгө даярбыз.

Уго Чавестин Минскидеги сапары учурунда кол коюлган келишимге ылайык, Венесуэла алдыдагы үч жылда же 2011-2013-жылдары Беларуска 30 миллион тонна мунай сатат. Башкача айтканда жылына 10 миллион тоннадан. Сооданын акчалай көлөмү 19,4 миллиард доллар деп эсептелинүүдө. Эл алдындагы сөздөрүндө сөз ылгабагандыгы менен таанымал Чавес Беларустун учурдагы энергетикалык проблемаларынан кабардар экенин кошумчалап, өлкөнүн мунай тазалоочу ишканалары “дагы 200 жылга кара майсыз калбай турганына” ишендирди.

Чавестин айтымында, анын өлкөсүнүн танкерлери кара майды Балтика же Кара деңиз аркылуу алып келип бере алат. Ары жагын Беларус темир же автожол аркылуу тартып кетсе болот.

Чавес Лукашенконун жеңип чыгаарына бөркүндөй ишенет

Чавес Беларустун алдыдагы президенттик шайлоосуна да токтолуп, анда Александр Лукашенконун жеңип чыгары азыртан эле анык экендигин белгиледи:

- Сиз декабрдагы шайлоодо жеңишке жетишесиз. Биз буга толук ишеничтебиз. Бул жеңишти биз азыртан эле майрамдай алабыз. Анткени Беларус биз буга чейин тааныган жол менен кетүүгө муктаж.


Чавез Беларус менен катар Орусиянын да досу.
Жүргүзгөн саясаты коңшу Кошмо Штаттардын кыжырдануусун жаратып келе жаткан Венесуэла лидери адатта алаканы АКШ менен жакшы эмес өлкөлөр менен курууга басым жасайт. Океандан бери өтүшүндө ал бул ирет Иран менен Сирияда да токтомокчу. Кызык жери Венесуэла президенти Минскиге барар алдында Москвада сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Орусия менен Беларустун мамилесиндеги азыркы начарлоо президенттик шайлоонун алдына туш келип олтурат. Жакында орусиялык телеканалдар Александр Лукашенкону сындаган документалдуу фильмдерди көргөзгөн. Ал эми орус президенти Медведев Лукашенкону антиорусиялык сөздөрү үчүн айыптап, шайлоо өнөктүгүнүн баары Орусияга каршы сюжеттерге негизделип, ал тышкы душман катары сыпатталып жатканын белгилеген. Александр Лукашенко болсо орус тараптын сынын союздук мамлекет куруу долбоору Москва үчүн пайдасыз болуп калганы менен түшүндүргөн. Кызык жери Венесуэла президенти Минкскиге барар алдында Москвада сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Беларус мунайды жана газды ондогон жылдардан бери Орусиядан дүйнөлүк базардагы баадан арзан алып келген. Бирок өз муктаждыгынан артып калганын башка өлкөлөргө базар баасында сатканы Москванын кыжырын кайнаткандай. Орусия газ агымын быйыл июндан тарта кыйла кыскарткан. Москванын бул кадамы орус газын Беларус аркылуу алган Европа өлкөлөрүндө тынчсыздануу жаратты. Мунайга экспорттук салык киргенден бери Беларус Орусиядан кара май сатып алууну да азайтты. Бул өз кезегинде ички рынокто баанын көтөрүлүүсүнө алып барды.

Европадагы керектөөчүлөрүнүн тынчыздануусун басуу үчүн учурда Орусия Беларус менен мунаса табуу аракетин да көрүүдө. Премьер- министр Владимир Путин үч күн мурда эле мамлекеттик Газпром компаниясын Беларус менен 2015-жылга чейин эсептелген келишимге жетүүгө чакырды.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG