Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:22

Грозный: Курман айтта жанкечти бомба жардырды


Грозныйдагы жардыруудан кийин жабыр тарткандарды ооруканага алып келишүүдө. Грозный. 5-октябрь, 2014-жыл.
Грозныйдагы жардыруудан кийин жабыр тарткандарды ооруканага алып келишүүдө. Грозный. 5-октябрь, 2014-жыл.

5-октбярда Чеченстандын байтактысында жардыруу болду. Жанкечти жардырган бомбадан төрт полициячы жана жан кечти өлүп, 12 адам жарадар болду.

Бул күнү миңдеген адамдар Грозныйдын күнүн, Мугалимдер күнүн, Жаштар күнүн жана республиканын лидери Рамзан Кадыровдун туулган күнүн жана Курман айтты майрамдашып жаткан.

Жанкечти бомбаны Грозный шаарынын ортосундагы майрамдык салтанаттар өтүп жаткан жолдогу биринчи текшерүү постунда жардырган. Чеченстандык журналист Милана Мазаева “Азаттык” радиосуна жанкечтини Ахмат-ажы Кадыров атындагы борбордук аянтка чукул постон милиционерлер өткөрбөй койгондө өзүн жардырып жибергенин айтты:

- Ал биринчи контролдук көзөмөлдөө постунда металл издөөчү аппаратка жеткенде өзүн жардырганы-жөнөкөй адамда майрамдык салтанат болчу жайга өткөнгө мүмкүнчүлүгү жок экенин күбөлөйт.

Орусиянын ички иштер министрлигинин жана Улуттук антитеррордук борборунун кабарлашынча, бомба чабуулунан беш адам өлүп, 12 адам жарадар болгон. Чеченстандын өкмөтү жардыруудан соң үч адам өлүп, экөө оор жарадар экенин билдирген боюнча башка эч кандай маалымат бере элек.

Интернетке жарыяланган видеотасманын негизинде жанкечти 19 жаштагы грозныйлык Апти Мурдов экени айтылууда.

Кечки саат беш ченде болгон жардыруудан кийин мерчемделген майрамдык салтанаттар, оюн-зоок программалар токтотулган эмес.

Чеченстандын лидери Рамазан Кадыров 5-октябрда журналисттер менен кездешүүдө террордук чабуулдан полиция кызматкерлери да курман болгонун, алардын кыраакылыгы башка өлүм-житимге жол бербегенин белгиледи:

- Адамдардын маанайы жакшы. Майрамдык маанай... Бийлешти, көңүл ачышты. Шайтанга бул жакпайт. Алар биздин майрамды бузууну каалайт. Биздин полиция терракт болушуна жол бербеди. Кудайдын ыктыяры менен полиция кызматкерлери арасында өлгөндөр жана жарадар болгондор бар...

Президент Кадыровдун туулган күнүндө жардыруу
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:25 0:00

Рамзан Кадыров кол салуу үчүн вахабийлерди айыптап, алардын Чеченстанда тамыры курут кылынат деп кошумчалады. Бийликтер 5-октябрдагы салтанаттын алдында Грозныйда жана жалпы эле Чеченстанда коопсуздук чараларын күчөткөн болчу. Деги эле Чеченстан коңшу республикаларга караганда коопсуз экенин айтты журналист Милана Мазаева:

- Террордук чабуулдар жөнүндө айтсак, Чечен республикасы, анын ичинде Грозный шаары бүгүн чындап эле коопсуз. Коңшулаш Ингушетия, Дагестан, Кабардино-Балкария республикаларында согушчандар менен террорчулардын кол салуулары тез-тез болуп турганы маалым. Чеченстанда бул сейрек көрүнүш.

Журналисттин айтышынча, Чеченстанда акыркы чуулгандуу террордук окуя 2011-жылы 31-августта Курман айттын алдында болгон.

5-октябрь Курман айттын экинчи күнү эле. Ага удаа Грозный шаарынын негизделгенинин 196 жылдыгы, Мугалимдер күнү, Жаштар күнү чогуу өткөрүлүп жаткан. Шаардын күнү 2007-жылдан бери Рамзан Кадыровдун туулган күнүндө белгиленип жүрөт.

Милана Мазаеванын сөзүнө караганда, кандуу окуядан улам Кадыров туулган күнүн үй-бүлөсү жана жакындары менен майрамдабаганы айтылууда.

38 жаштагы Рамзан Кадыров президент Путиндин жакын союздашы эсептелет. Атасы Ахмат Кадыров Чеченстанды 2000-2004-жылдары башкарган. Ал 2004-жылы 9-майда Грозныйдын “Динамо” стадионундагы Жеңиш күнүнө арналган концерт кезде бомба жардыруусунан өлгөн. Анын уулу Рамазан Кадыров 2005-2007-жылдары өкмөттү жетектеп, кийин Владимир Путиндин сунушу боюнча Чечен парламенти тарабынан президент шайланган. Ошонон бери бийлик башында.

XS
SM
MD
LG