Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:08

Күмөн санаткан чечен шайлоосу


Үгүт плакаттардын бири
Үгүт плакаттардын бири

Орусиянын курамындагы Чеченстанда 18-сентябрда биринчи жолу түз шайлоо өтөт. Буга чейин жумурият башчысын Орусия президенти дайындап, жергиликтүү парламент бекитип келген.

Шайлоону утурлай 31-августта Эл аралык Human Rights Watch уюму Чеченстандагы саясий куугунтук күчөгөнүн жарыялады.

Human Rights Watch шаршембиде жарыялаган баяндамасында Чеченстанда адилет жана эркин шайлоо өтөрүн күтпөй турганын билдирди.

Муну эл аралык уюм өлкөдөгү куугунтуктарды жана бийлик сын айткандарды жок кылууга аракети менен негиздеди.

“Орусия: Чеченстандагы шайлоо алдындагы куугунтуктоолор” деп аталган 56 барактан турган докладда чечен жана орус бийлигин, өлкөнү сынга алгандар же жергиликтүү бийликти мактоону туура көрбөгөндөрдүн баары куугунтукталып, эл алдында кемсинтүүгө дуушар болуп жатканы айтылат. Ошондой эле баяндамада соңку кездерде журналисттер жана укук коргоочуларга коркутуп-үркүтүүлөр жана камоолор күчөгөнү айтылат.

Баяндамада 42 адам менен жүргүзүлгөн маектер жарыяланган. Алардын арасында укук коргоочулар, юристтер жана башка эксперттер бар. Уюмдун Орусиядагы өкүлү Татьяна Локшина куугунтукка туш болгондордун саны кыйла көп экенин, алар ачык айтуудан баш тартканын билдирди.

- Дээрлик он жылдан бери Рамзан Кадыров мырза ага каршы айтылган сын-пикирлердин бардыгын түп-тамырынан бери жоготуу аракетин көрүп келет. Ал Чеченстанда зулумдукту жайылтууда. Бирок акыркы бир жарым жыл ичинде Рамзан Кадыров өзүнүн каршылаштарын түздөн-түз репрессиялоого өттү.

Идрис Усманов
Идрис Усманов

Документте Грозный университетинин окутуучусу Хизир Ежиевдин өлүмү мисал катары келтирилген. Аны 2015-жылдын декабрь айында жергиликтүү күч органдары кармап кетишкен. Эки аптадан кийин аны сөөгү токойдон табылган. Укук коргоочулар буга Ежиевдин социалдык тармактарда Рамзан Кадыровдун дарегине сын айтканы себеп болгон деп боолгошот.

- Албетте, биз баяндаманын үстүндө иштеп жатып, ошол аймакта болууну кааладык. Биз ар дайым окуяны жеринен көрүшүбүз керек. Бирок бул жолу жеринен иликтөө жүргүзүү курмандыктардын көбөйүшүнө алып келмек. Ошол себептен булактарга таянып иштедик, - дейт Татьяна Локшина.

Учурда убактылуу президенттин милдетин аткарып жаткан Рамзан Кадыров 2007-жылы бийликке келген. Ага чейин анын атасы Акмат Кадыров өлкөнү башкарган. Human Rights Watch уюмунун эксперттери 18-сентябрда Кадыров биринчи жолу өз бийлигин түз шайлоо аркылуу бекемдей турганын белгилешет.

Июль айында ал шайлоого катышарын жарыялаган. Чеченстандын башчылыгына Кадыровдон башка дагы үч киши өз талапкерлигин койду.

40 жаштагы Рамзан Кадыров президент Владимир Путиндин жакын союздашы болуп эсептелет.

XS
SM
MD
LG