Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:35

“Муунду сактайбыз” укук коргоо уюмунун жетекчисин жана анын күйөөсүн кечээ белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкен. Бүгүн алардын өлүгү Грозныйдан табылды.

Зарема Садуллаева менен Алик Жабраиловдун денеси бүгүн Грозныйдын четки райондорунун биринде машиненин артындагы жүк салгычынан табылды. Экөөнү тең дүйшөмбүдө иштеп жаткан жеринен куралчан бирөөлөр уурдап кетишкен.

Садуллаева “Муунду сактайбыз” деп аталган бейөкмөт уюмду жетектечү. Алар чечен согушунан жабыр тарткан жаштарга медициналык да, психологиялык да жардам көрсөтүшчү.

Анын күйөөсү Алик Жабраилов да аялына жардам берчү экен. Үйлөнүшкөнүнө көп деле болбоптур. Жабраилов сепаратисттик топтор менен байланышы бар деген айып менен төрт жылга түрмөгө да отурук чыккан.

Жашы 25тин тегерегиндеги бул эки укук коргоочуну билген башка кесиптештери саясий жактан булар активдүү деле болбогонун айтышат.

“Алардын ишинде эч кандай саясий өңүтү болгон эмес. Жөн гана колу-бутунан айрылган балдарга, бей-бачаралардын балдарына жардам берип гана жүрүшчү”, - дейт Москвадагы Хельсинки тобунун жетекчиси Людмила Алексеева.

Наталья Эстемированы 15-июлда атып кетишкенден кийин, 23-июлда Москвада элдер анын сүрөтүн көтөрүп, жөө жүрүшкө чыгышты
Мына ушундай эле жагдайда Чеченстандагы эң белгилүү укук коргоочуну өлтүрүп кетишкенине бир ай да боло элек эле. Наталья Эстемированы да, азыр эми бул эки укук коргоочуну да окшош жагдайларда өлтүрүштү. Булар баары алгач белгисиз бирөөлөр тарабынан уурдалып, кийин ок жеген денеси четирээк жактардан табылган.

Азыркы кырдаал тууралуу “Мемориал” укук коргоочу уюмунун расмий өкүлдөрүнүн бири Александр Черкасов “Азаттыкка” буларды айтты. “Укук коргоочуларды уурдап кеткендер өздөрүн күч органдарынын өкүлдөрү деп тааныштырышты. Кийин өлүм тууралуу айтып жатып, чечен ички иштер министрлиги Садуллаева менен Жабраилов машинеге өз каалоосу менен отурушкан экен деп билдирди. Кызык. Эгерде куралчан беш адам аларды машинеге отур деп коркутуп атса, алар отурбай эмне кылмак эле?”.

Анын айтымында, адам өлтүрүү Чеченстанда акыркы жылдары кадыресе көрүнүшкө айланды. “Экинчи чечен согушунун жылдарында мындай жолдор менен миңдеген адамдар уурдалып, жок кылынды, - дейт ал. - Алардын арасында канчалаган такыр күнөөсүз адамдар бар эле”.

“Мемориал” уюму Чеченстандагы ишмердүүлүгүн Эстемированын өлүмүнөн кийин токтотту. Наталья Эстемирова ушул уюмдун Чеченстандагы бөлүмүн жетектечү.

Укук коргоочулар республикада коркунучтуу абалдын түзүлүшүнө азыркы чечен президенти Рамзан Кадыровду айыптап келишет. “Мемориалдын” жетекчиси Олег Орлов, мисалы, Эстемированын өлүмүн Рамзан Кадыровдон көрөөрүн айткан. Бирок биздин радио менен эксклюзив интервьюсунда Кадыров буларды четке какты.

Тасмада: Рамзан Кадыров "Азаттыкка" курган маегинде анын дарегине батыштык адам укугун коргоочу уюмдар тарабынан айтылып жаткан айыптоолорду четке какты. ZMa.

  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG