Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:46

Чернобыл алааматы: тукум кууган уу


Чернобыль АЭСинин аймагынан чыгып бараткан машинаны жууп жаткан жумушчу. 1986-жыл, май

Чернобыль АЭСинин аймагынан чыгып бараткан машинаны жууп жаткан жумушчу. 1986-жыл, май

Чернобыл атомдук электр станциясындагы 30 жыл мурдагы кырсыкты басууга Кыргызстандан төрт миңге чукул аскер катышкан. Апаатка катышкандардын балдары да ошол кырсыктын кесепеттерин артынып келатышат.

26-апрелде Бишкектеги Фучик багында да шаар башчысынын, “Чернобыл союзу” коомдук бирикмесинин өкүлдөрүнүн катышуусунда иш-чара уюштурулду.

Чернобыль атомдук электр станциясындагы 30 жыл мурдагы кырсыкты басууга Кыргызстандан төрт миңге чукул аскер катышкан. Бүгүнкү күндө алардын миңден ашыгы калды. Апаатка катышкан муун дагы эле ошол кырсыктын кесепеттерин артынып келатышат. Отуз жылдык эскерүүдө ушул маселе көтөрүлдү.

Улуттук опера жана балет театрында өткөн иш-чаранын башында Чернобыл окуясы боюнча тартылган даректүү тасма көрсөтүлдү. Кезинде ал жерге барып алты ай иштеп келген Жакыпбек Абдылдаев экрандан көрүп жаткан жаш жоокерлер учурда бул дүйнөдө жок экенин айтып отурду:

- Бул жерде чыгып аткан балдардын баары азыр жок. Булардын ар бири чоң өлчөмдө радиация алышкан. Мындай дартка кабылган балдардын сексен пайызы каза болушкан. Ал эми өрт өчүргүч балдар жүз пайыз жок. Бул жигиттердин бири да азыр тирүү эмес. Ошол кезде он жетиде болсо азыр болгону кырк жетиге чыгышмак экен.

Фучик паркындагы шаар мэри Албек Ибраимов катышкан иш-чара

Фучик паркындагы шаар мэри Албек Ибраимов катышкан иш-чара

Чернобыл апаатынын үчүнчү топтогу майыбы Жакыпбек Абдылдаевдин айтуусунда, жарылуудан кийин ал аймакты тазалоого, шаарларды башка аймактарга которууга СССРдин туш тарабынан 30 жаштан 45 жашка чейинки бала-чакалуу, аскерге жарамдуу жарандар алты айлык мөөнөткө чакырылып, милдеттүү түрдө иштеп келишкен.

Атадан балага өткөн уу

Асанбек Кайкиев да отуз жыл мурун Чернобылга аскер комиссарлыгынын чакыруусу менен барып, иштеп келгендердин бири. Ал ошол кезде минтип түбөлүк майып болуп калары тууралуу билбегенин, бул өмүрүндө көзгө көрүнбөгөн, жыты жок радиация деген жоо менен кармаш оңойго турбаганын кеп кылды:

- Келгенден кийин аялым бир айдан кийин эки кызымды алып кетип калды. Себеби эмне дебейсиңби? Эки бөйрөк иштебей калды да. Анан бара-бара тамак жеп, эс алып акырындап өзүмө келгенсидим. Анан беш жылдан кийин кайрадан үйлөндүм. Учурда Чернобыль окуясына барып катышып келгендердин баары эле мендей болуш керек.

Куткаруучулар. Чернобыль, 1986-жыл

Куткаруучулар. Чернобыль, 1986-жыл

Кайкиев Чернобылга барып иштеп келген жигиттердин көбү ден соолугунан ажыраганын, эң өкүнүчтүүсү, мындай дарт тукум кууп, экинчи, үчүнчү муунга чейин таасир берүү коркунучу бар экенин айтты. Ал учурда өзүнүн уулу балалуу боло албай жүргөнүн да радиациянын таасиринен деп эсептейт:

- Эки, үч жылдай жашап балалуу боло алган жок. Келинге эмнеге төрөбөй жатасың десем балаңды текшерт деди. Аны текшертсем болбогон эле анализдерине толтура акча төлөтүшөт экен. Жыйынтыгында “балалуу болушу мүмкүн” деп жалган айтышты. Бирок келиним басып алып кетип калды. Чындыгында мени ойлондурганы эле балдар. Биз өзүбүздүн ден соолукту жоготтук. Эч ким түбөлүк жашабайт. Эң аянычтуусу - балдарга кыйын болуп жатат. Окуудан калды. Билими начар. Ден соолугу ойдогудай эмес.

- Радиация деген адамдын каны менен бир болуп калат экен. Кандан канга кете берет турбайбы. Эң негизги көйгөй азыр экинчи муундагы балдарга статус алып, камкордук көрүшүбуз керек.

Башка бир чернобылчынын жубайынын айтымында, бул отуз жылдык убакытта ал аймакка барып келгендердин балдарынын ден соолугу боюнча көйгөй бар экени билинип калды.

- Чернобылдан кийин төрөлгөн балдардын ден соолугуна да өтө чоң зыян келтирилген. Канында мындай радиация барлардын көбү үй-бүлө күткөнгө, аял менен мамиле кылганга жарабай калат. Алардын балалуу болушу кыйын. Материалдык колдоо жагынан биздин Кыргызстанда өкмөтүбүз колдон келген жардамын берип жатат. Бирок устав боюнча мыйзамдуу түрдө стабилдүү камкордук көрүлгөн жок.

Майып төрөлгөн балдар

Аскердик жобо боюнча чернобылчыларга бир нече жеңилдиктер каралган. Бирок эгемендик жылдарында алардын дээрлик көбү кыскартылып кеткен. Балдарына болсо он жети жашка чейин миң сомдон жөлөк пул берилип, бирок алардын андан кийинки тагдыры менен эч ким алектенген эмес.

Фучик паркындагы иш-чара

Фучик паркындагы иш-чара

Чернобылчылар биримдигинин жетекчилеринин бири Муктар Казатовдун айтымында, учурда республикалык мекемелер аралык эксперттик кеңештин маалыматы боюнча Чернобылга барып катышып келгендендерден 51 бала төрөлгөн. Азыр алардын 28и майып экени аныкталган:

- Радиация деген адамдын каны менен бир болуп калат экен. Кандан канга кете берет турбайбы. Эң негизги көйгөй азыр экинчи муундагы балдарга статус алып, камкордук көрүшүбуз керек. 30 жылдык эскерүүнү өкмөттүн токтомунун негизинде өткөрүп жатабыз.Ошол жерде балдардын анан чернобылчылардын көптөгөн көйгөйлүү маселелерин кийинки мыйзамдар менен карап парламентке өткөрүшүбүз керек.

Муктар Казатов учурда 1986-жылдан баштап 1988-жылга чейин Чернобыль апаатын токтотууга барып иштеп келген төрт миңге чукул жарандын бир миң эки жүзү гана калганын белгиледи. Алардын 600ү биринчи топтогу, 312си экинчи топтогу, 822си үчүнчү топтогу майыптар.

1986-жылдын 26-апрелинде Украинада жайгашкан Чернобыл атомдук электрстанциясынын 4-энергоблогунда жарылуу болуп, андан 17 миллиондон ашуун адам жапа чеккен. Алардын 2,5 миллиону балдар болгон.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG