Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:24

Республикалык онкология борборунун балдар бөлүмү рак илдетинен жабыркаган балдарды дарылабай эле өлтүрүп жатат деген мазмундагы Саламаттык сактоо министрлигине жолдонгон ачык кат массалык маалымат каражаттары аркылуу коомчулукка тарады.

Анда бөлүмдүн жетекчилиги кесипкөй эмес, гуманитардык жардамдарды жең ичинен сатып атат, оорукана менчик жайга айландырылган деген өңдүү дооматтар коюлган.

Эки айга эми толгондо атасы каза таап, апасы башка кишинин колун кармап кеткен беш жаштагы Аселдин абалы азыр оор. Ал ооруканада бир жарым жылдан бери чоң апасы менен бирге. Колундагы шишик чоңоюп, чоң апасынын жонунан түшпөйт. Көзүнөн жаш кетпей, тынымсыз ыйлагандардын бири да ушул Асел. Шишиктин чоңоюп, илдеттин өрчүп кеткенин Аселдин чоң апасы Даана ооруканадагы химиотерапия аппаратынын бузулуп калганынан көрөт:

- Асел төрт жолу операция болду. Дагы операция болуп жатат. Азыр ушул бөлүмдө даярдап жатышат. Бирок баягүнү нурдандыруучу аппараттын экраны иштебей калып, шишиги чоңоюп кетти. Дамира Байзакова күн сайын телефон чалып, экранды оңдотууну суранууда. Бирок азырынча жооп жок. Балким ошол экран иштесе, кызымдын колу айыгат беле...

Каракол шаарынын тургуну Темирбек Жанадилов 15 жаштагы уулунан ушул бөлүмдөн 2008-жылы айрылып калганын айтты. Саламаттыкты сактоо министрине да ачык кат жолдогондордун бири бул киши. Ага байланышка чыкканыбызда, уулунун өлүмүнө жеке гана бөлүмдүн башкы дарыгери Дамира Байзакова айыптуу деп эсептеди:

- Биринчи уулумдун мурду канап баштаган. Анан биз Бишкекке, Гематология борборуна алып келсек, ал жактан рак илдети деп шек санап Онкология борборунун балдар бөлүмүнө жиберишти. Дамира Байзакова кабыл алып, анализ алды да, эртең диагнозун айтам деди. Эртеси эле ак кан деген анализди айтты. Баарыбыз шок болдук. Анан балаңар ак кан экен деп ар кайсы дарыны куюп дарылай баштады. Уулум күндөн күнгө алсырай берип, акыры төшөктөн турбай калды. Ооруканада эки ай жаттык. Анан бизден уруксат албай эле жүлүнүнөн суюктук сордуруп, оозун жаппай коюптур. Суюктук агып калып, балабыз ошол жерден жан берди. Жалгыз өзү чечим чыгарып, башкалар менен да кеңешпейт экен. Дарыгерлердин консилиуму болбойт экен. Биз чыгып жатканда чымын өлгөндөй мамиле кылган жок. Тескери бурулуп басып кетти.

Дарыгерлер тиреши

Балдардын рак илдети медицинада өтө тез өрчүп, дарылоодо врачтардан тездикти жана тактыкты талап кылган татаал дарт. Ата-энелердин эки тараптуу пикирин уккандан кийин бөлүмдүн башкы жана жалгыз дарыгери профессор-онколог Дамира Байзаковага кайрылдык. Башкы дарыгер нааразылыктардын жүйөсүн ишине эмес, кесиптеши, мурда ушул бөлүмдө иштеп кеткен дарыгер Эмил Макенбетов менен болгон жеке пикир келишпестикке байланыштырды:

- Менден мурун Эмил Макенбетов деген догдур бөлүм башчы болчу. Мен бул жакка келгенде ал иштен кетти. Чогуу иштей берели десем да, болбой кетип калды. Өзүн профессионалдык жактан көрсөтө алган жок. Анан мени түшүрүү үчүн жалаа уюштуруп, ызы-чуу кылып жатат. Мындай окуялар эки жылда бир ирет кайталанып турат. Анан Саламаттыкты сактоо министрлиги менин ишимди текшерүү үчүн атайын кызмат изилдөөчү комиссия түзүп, текшеришет.

Биздин бөлүм өлкө боюнча жалгыз да. Болгону 40 гана орун бар. Бирок балдар батпайт. Бир баланын дарыланганына жок эле дегенде эки жыл кетет. Алардын иммундук системасы да өтө алсыз болот. Эгерде сыртка чыгып кетишсе инфекция жуктуруп алып кайра келишет.

Саламаттыкты сактоо министрлиги комиссияларды байма-бай түзүп, балдары чарчап калган ата-энелер Байзакованын үстүнөн прокуратура, сотко арыз менен кайрылса да ал бул бөлүмдөн кетпей өз ишин улантууда. Бир нече ирет өкмөттүк деңгээлде текшерүүлөр болуп, ал тургай кылмыш иши да козголуп, бирок Дамира Байзакованын айыбы аныкталган эмес. Муну ал колундагы сот жана прокуратуранын, мамлекеттик комиссиянын чечимдери, токтомдору менен далилдеп көрсөттү. Эгерде бийлик жана коомчулук рак менен ооруган балдарга бөлүмгө текшерүү жүргүзгөндөй көңүл бурса, балким алардын арасынан сакайып кеткендер көп болмок беле дейт ал.

- Биздин бөлүм өлкө боюнча жалгыз да. Болгону 40 гана орун бар. Бирок балдар батпайт. Эгерде алардын көбү өлүп жатса, анда бул жакта орун көп болмок да. Балдар бизде көп убакыт жатат. Бир баланын дарыланганына жок эле дегенде эки жыл кетет. Алардын иммундук системасы да өтө алсыз болот. Эгерде сыртка чыгып кетишсе инфекция жуктуруп алып кайра келишет. Бизге Мартин Фридрихс аттуу адам сегиз жыл бою жардам берген. Эң аягында акчасы жок экенин айтты. Эмне үчүн мамлекетиңер балдарга көңүл бурбайт. Тийиштүү врачтарды бөлүп бербейт? Дарыларды сатып бербейт? Улам келсем эле улам жаңы министр болуп тез-тез эле алмаша берет экен деген.

Онкологиялык оорулуу балдар жаткан бөлүмдүн ичи өтө тар, палаталарда бир нече керебет коюлуп, жайкысын ысык. Балдардын жандыруучу, интенсивдик терапия кылуучу жайлары жок. Наристелер рак менен ооруган чоң кишилерге кошулуп, нур жана башка аппараттарга кезек күтүшөт. Мындай кыйынчылыкты чечүү үчүн бөлүм башчы Байзакова жаңы клиника курууга чет элдик донор тапса да, 2006-жылдагы Саламаттыкты сактоо министри буга маани бербей койгон дейт:

- Ушул бөлүмдү салып берүү үчүн чоң бир демөөрчү тапкам. Алар италиялыктар эле. Бардык долбоору чийилип, даяр болгон. Ошол кездеги министр Абдраимов менен макулдашканбыз. Демөөрчүлүк кызматташтык боюнча Кыргызстан тарап да балдарды дары менен, тийиштүү адистер менен камсыздашы керек эле. Министр долбоор даяр болгуча макул деп, бирок качан долбоорду ишке ашыралы дегенде бизде акча жок деп койду. Чет элдиктер мындай мамилеге аябай таң калышкан.

Балдар бөлүмүндөгү өксүктөргө ким күнөөлүү?

Байзаковага каршы дооматтардын чоо-жайын билүү үчүн Кыргыз-Славян Университетинин Нур жана онкологиялык оорулар боюнча профессору Эмил Макенбетовго да кайрылдык. Ал азыркы тапта рак оорулуу балдардын Байзакова жетектеген бөлүмүнө жеке эле министрлик эмес, бүтүндөй кыргыз коомчулугу көңүл бура турган чоң маселелер барын айтты. Макенбетов 48 сааттан үзгүлтүксүз химия терапия жасалчу балдарды көзөмөлдөгөн түңкү врач да жок экенин айтып, балдардын оорусу күчөп баратканда үйүнө чыгарып жиберип, жолдо каза болгондор көп болгондуктан өлкөдө азыр жылына канча бала рактын курмандыгы болуп жатканын так эсептөө мүмкүн эмес дейт. Айрыкча, бөлүмдө санитардык-гигиеналык шарт жок болгондуктан балдар гепатиттин түрлөрү менен да жабыркап жатышат деди профессор Эмил Макенбетов:

- Балдар онкологиясында чоң маселелер бар. Абдан чоң маселе - бул кадрлардын жетишсиздиги. 40 орундуу чоң бөлүмдө жалгыз бир врач Байзакова иштейт. Ушул факт деле элди, коомчулукту ойлонтушу керек. Бир адам баарын көтөрө албайт. Жүлүндөн суу алып, ийне сайып, химия-терапия, анализдерди көзөмөлдөө, конференцияга катышуу керек. Мунун баары бир киши көтөрө алчу жумуш эмес. Мындан тышкары бөлүмдө атайын адистер, терапевт, невролог, реаниматолог жетишпейт. Онкология бөлүмүндө балдар 24 саат бою ооруканада болушу керек. Бирок аларды көзөмөлдөгөн түнкү врач жок. Кээ бир балдар 24 же 48 саат химиотерапияны үзгүлтүксүз алышы керек да. Санитардык-гигиеналык абал өтө начар. Бир палатада төрт-бештен бала энеси менен жатат. Гепатиттин ар кайсы түрлөрү менен бардык балдар жабыркоодо.

Онкология бөлүмүндө балдар 24 саат бою ооруканада болушу керек. Бирок аларды көзөмөлдөгөн түнкү врач да жок. Кээ бир балдар 24 же 48 саат химиотерапияны үзгүлтүксүз алышы керек да. Санитардык-гигиеналык абал өтө начар. Бир палатада төрт-бештен бала энеси менен жатат. Гепатиттин ар кайсы түрлөрү менен бардык балдар жабыркоодо.

Макенбетов Байзакова менен тирешүүсүн бөлүмдөгү балдардын акыбалынан улам жана рак менен ооруган балдарга туура эмес диагноз коюлуп, көптөрүн сактап калууга жетишпей жатышканы менен түшүндүрдү. Кыргызстанда балдардын рак илдети боюнча адистешкен башка да догдурлар бар экенин, бирок Байзакова менен алар таптакыр иштешпей жатканын кошумчалады. Мунун айынан бир нече балага туура эмес диагноз коюлуп, зыян болуп калган учурлар да аз эмес дейт ал:

- Ата-энелерди мен Кыргызстанда жалгыз врачмын, менден башка балдардын онкологу жок деп коркута берет. Мунун баары жалган. Кыргызстанда балдардын рак оорулары боюнча мен да адистешкем. Менден башка профессор Комари деген бар. Ал Кыргызстандагы балдар онкологиясынын атасы. Байзакова өзү иштеген отуз жылдан бери өзүнө бир да жардамчы же кандидатты тарбиялап, даярдап чыгара элек. Муну мен ачык эле айтам.

Балдар онкологиясынын башкы дарыгери Дамира Байзакованын үстүнөн нааразычылык билдирген ата-энелердин министрликке жазылган ачык каты азыркы тапта өкмөттүн тапшыруусу менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин атайын түзүлгөн комиссиясынын текшерүүсүндө. Комиссия курамындагы Талантбек Арстанкуловго кайрылганыбызда, арыз жазган ата-энелердин талабын аткарып, бөлүмдөгү ишти текшерүү азыр жүрүп жатканын, бирок толук жыйынтык бир нече күндөн кийин чыгарын кабарлады.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG