Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:24

Балдар – келечегибиз, бирок алардын укуктары корголбой жатат


Жарандык коомдун өкүлдөрү бийлик көп иштерди кагаз жүзүндө гана жасап, аларды иш жүзүндө аткарбай атканын айтышып, балдарга таптакыр көңүл бурулбай калганын баса белгилешүүдө.

Бүгүн Балдарды коргоонун дүйнөлүк күнү. Ага карата Бишкекте “Балдардын жашоосуна ыңгайлуу дүйнө” аттуу балдарга арналган форум өтүп, Кыргызстандагы бардык балдардын укуктары кандайча корголуп жаткандыгы талкууга алынды. Бийлик өкүлдөрү балдардын укуктарынын корголушу үчүн кыйла аракеттерди көрүп жатышканын айтышканы менен, форумга келишкен мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар, башкасын коюп алардын жылып жүрүүсү үчүн жөнөкөй гана шарттардын түзүлбөгөнүн айтышса, айрым мектеп окуучулары балдардын укугун коргоого арналган мыйзамдар иштебей жатканын айтып чыгышты.

Гүлбарчын Сүйүнбаева 16 жашта. Ал Бишкектин Ак-Өргөө жаңы конушундагы № 77-мектепте окуйт. Анын мүмкүнчүлүгү чектелүү болуп, кольяскада гана жылып жүргөндүктөн мугалими үйүнө келип окутат. Эгерде шаар ичинде майып балдардын жылып жүрүүсүнө, мектепте атайын шарттар түзүлгөндө, башкалардай эле мектепке барып окумактыгын айтат:

- Биз мектепке барып толук эле билим алалы десек, бизге коляска менен жылып жүргөнгө мектептерде пантус жок. Ал эми тепкичтер менен чыгып жүрө албайбыз. Предметтик сабактарды окуп кете алганыбызга карабай, көбүнчө диагнозубузга карап туруп көбүнчө мектептерге алышпайт. Жөнөкөй эле көчөдө да жылып жүрө албайбыз, шарттар жок.

Кыргызстан 1994-жылы эле Бириккен улуттар уюмунун балдардын укугу боюнча конвенциясын ратификациялап, өз мыйзамдарын конвенцияда көрсөтүлгөн нормаларга ылайыкташтырууга милдеттенме алган. Адистер, балдардын укуктарын коргоого багытталган бир катар мыйзамдар эбак кабыл алганы менен алар иш жүзүндө аткарылбай жатканын айтышат. Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина мындай дейт:

- Бүгүнкү күнү мектептер бардык эле балдарга ылайыкталган эмес. Майып балдар мектепте же шаар ичинде жылып жүрө алышпайт, коляскаларын койгонго жерлери жок. Азиз балдар үчүн атайын китептер жок. Өлкөбүздө көп нерселер жок. Балдарга карата, айрыкча майып балдарга карата биздин өлкө тап-такыр гумандуу эмес. Мыйзамдык актылар жакшы эле. Бирок алар жер-жерлерде иштебей жатат. Бул жаатта коррупциялык жагдайлар да бар.

Балдарды коргоо боюнча департаменттин өкүлү Нурлан Солтобаевдин айтымында, Кыргызстан балдарды коргоо жана алардын укуктарынын бузулбашы жаатында мыйзамдык жактан кам көргөн. Ошондой эле атайын программалар да иштеп жатат:

- Бизде 2002-жылы “Жаш муун” программасы кабыл алынган. Бул - узак мөөнөттүү мамлекеттик чоң программа. Андан тышкары 2006-жылы балдар жөнүндө кодекс да кабыл алынды. Бул кодексте балдарды коргоого шарт түзгөн жаңы нерселер бар.

Бирок жарандык коомчулуктун өкүлдөрү бийлик көп иштерди кагаз жүзүндө гана жасап, иш жүзүндө аткарбай атканын айтышып, балдарга таптакыр көңүл бурулбай калганын баса белгилешти. Аялдардын саясий талкуу клубунун координатору Калича Өмүралиеванын айтымында, бүгүнкү күнү көптөгөн 9-10-класстын окуучулары окуусун таштап коюшкан. Ал эми өкмөт бул жаатта өзүнүн милдеттерин так аткарбай жатат:

- Бизде баш мыйзамда жазылуу, ар бир бала билим алганга укуктуу деп. Азыр көп балдар мектепти таштап кеткенге аргасыз болуп атышат. Өкмөт ушул көйгөйдү чечиш керек. Андан тышкары жетим балдарга да мамлекет камкордук көрүш керек. Себеби азыр көп кишилер алдамчылык жолго, жаман кадамга барып атышат. “Балдарды багып атам” деп коюп аларды “эксплуатация” кылышып, алардын аркасынын байып атышат. Андай болбошу керек эле.

11-класстын окуучусу Алтынай Ноорузова балдардын укуктары боюнча ар кандай иш-чаралардын активдүү катышуучусу. Анын айтымында, балдардын укуктары аларга түшүндүрүлбөйт жана алардын укуктары жазылган маалыматтарды табуу дээрлик мүмкүн эмес. “Ошол себептүү көп балдардын укуктары бузулуп келатат”,- дейт ал:

- Бир эле номур жетинчи мектепте балдардын жарымы базарда иштешет, акча табууга аргасыз. Ал мектеп Бишкектеги Баткен базарынын жанында. Алардын укуктары тууралуу бир дагы маалымат жок. Ошол себептүү алар өздөрүнүн укуктарын билишпейт. Элдин баары ойлошот: “баланын акчасы жокпу, окууну таштап иштеш керек” деп. Алардын окугусу да келгенин эч ким ойлобойт. Биз кабыл алган документтер боюнча булардын окуусуна шарт түшүлүшү керек эле. Мына бизде балдардын укуктары боюнча үч документ бар. Балдар тууралуу конвенция, кодекс, негизги мыйзам. Бирок эч ким билбейт. Биздин мамлекетибиз жанагындай болуп абдан сыймыктанып атышат, конвенция бар деп. Бирок муну менен такыр эле сыймыктанганга болбойт, анткени Кыргызстанда бул документтер такыр эле иштебейт.

XS
SM
MD
LG